АКШнын Техас штатында талаада өтүп жаткан автожарыштын катышуучусу, 31 жаштагы Вагнер Кейсиге эки жолу чагылган тийип, бактыга жараша, аман калды. Автожарыш учурунда кокусунан нөшөрлөп жааган жамгырдан коргонуп эки досу менен бирге Вагнер жакын арадагы бактын түбүнө тура калган. Так ошол учурда ал бакка чагылган түшүп, Вагнерге тийген. Ал жерге кулаганда үстүнө дагы бир чагылган түшөт. Жабырлануучунун айтымында, ошол учурда ал электр тогуна урунгандай сезилип, чагылгандын чыңалуусу оң бутунан жогору көздөй көкүрөк тушка көтөрүлүп, андан соң алаканынан чыгып кеткен. Вагнер ошол замат ооруканага жеткирилген.
Дарыгерлердин айтымында, чагылганды Вагнердин үстүндөгү жамгыр өткөрбөөчү кийими өзүнө тартып алган экен. Учурда анын оң буту жана алаканынын бир мууну жансыз болуп, эч нерсе сезбей калган. Вагнер өзүнүн аман калганын Жараткандын керемети деп эсептейт жана мындан ары чиркөөгө тынбай барып турмакчы болду. 2013-жылдын июль айында канадалык Нелс Хансенге да чагылган тийип, бактыга жараша, ал да аман калган. Кырсыктан кийин ал “мен тирүү калдым, демек, мындан ары мени ийгиликтер коштойт” деп дароо лотереялык билеттерди сатып алган. Бирок анын байге утканы же утпаганы белгисиз.
Асхат Субанбеков
koom@super.kg