Кыргыз шоу-бизнесиндеги ырчы айымдар мырзалардан кем калбай, биринен-бири ашып, отко-чокко түшүп катуу иштеп жаткандарына күйөрмандары ар дайым күбө. Бул жылы «Жылдын супер ырчы айымы» наамы кимге буюрат, аны албетте, сиздер чечесиздер.
Анжелика:«МҮЧӨЛ ЖЫЛЫМ ИЙГИЛИКТҮҮ БОЛДУ»
– Быйылкы менин мүчөл жылым ийгиликтүү болду. Кыргызстандын желегин желбиретип Түркияда өткөн «Түркчө визион» эл аралык фестивалына катыштым, АКШдагы мекендештерге концерт менен барып келдим. Ош шаарында алгачкы жеке концертимди бердим. Быйылкы жылдын эсебинен беш ыр жаздырдым. Анын экөөнө клип тартылды. Калган үчөөнө жыл жаңыргыча клип тартсамбы деп жатам.
«Жылдын супер ырчы айымы» наамын алсам, албетте, сыймык. Менин кандай эмгектенип жатканыма эл тараза. Негизи, мен бул наамды 2005-жылы алган элем. Эми бул наамды алсам, албасам да сахнада жүргөнүмдүн 15 жылдыгын белгилеп жеке концертимди берем деген жакшы ниеттерим бар.
Айжамал Кабылова:«НААМГА ЖЕТСЕМ, ЧОҢ СТИМУЛ БОЛМОК»
– Быйыл ушул наамга кошконуңар мен үчүн чоң сыймык. Мен «Супер ырчы айыммын» деп мактана албайм. Менин кандай ырчы экенимди, кандай ырларды жаратып жатканымды эл билет. Буга чейин деле эл оозуна алынган бир топ ырларды аткарып келгем. Мындан ары деле эмгектене бермекчимин. Эгер бул наамга жетсем, мындан да жакшы ырларды жаздырам, клиптерди тарттырам дегендей. Бул мен үчүн жакшы стимул болмок. Сахнага чыкканыма билинбей жүрүп эле 20 жыл болуп кетиптир. Албетте, ушунча өмүрүң, эмгегиң эл тарабынан бааланып жатса жагымдуу болот. Адамдын эмгеги бааланып, наамдар берилсе, кимге жакпасын?!
Роза Шакирова:«ЖЫЛДЫН СУПЕР ЫРЧЫ АЙЫМЫ» БОЛУШУМ ТОЛУК МҮМКҮН»
– 2007-жылы «Супер-Инфо» тарабынан «Алтын үн» наамын жеңип алгам. Быйыл Кудайым кимге буюрса ошол айым алат деп турам, анткен себеби атаандаштарым деле тытынып иштеп жаткан кыздар. Күнүгө эртең менен «иштерим ийгиликтүү болсо экен, бүгүн жакшы ыр угуп калсам экен, элдин купулуна толсом экен» деп ниет кылам. Бүгүн жакшы ыр угуп калсам экен дегеним, бирөөдөн текст көрүп калам же обон угуп калам дегендей, анан башка бирөө ырдай электе деп жакшы атаандаштык менен дароо студияга чуркайм. Ошентип отуруп быйыл 10дон ашык ыр жаздырып, анын экөөнө клип тарттырдым. Үчүнчүсү ноябрь ичи жарыкка чыгат. Буга чейин жыл ичинде мынчалык көп ыр жаздырчу эмесмин. Ошондуктан бул наамды менин алышым толук мүмкүн деп ойлойм.
Фарида Карбосова:«СУПЕР ЫРЧЫ АЙЫМ БОЛСОМ, АНАН ЭМГЕК СИҢИРГЕН АРТИСТ БОЛОМ»
– Рахмат силерге, «Супер ырчы айым» наамына талапкер катары кошконуңарга. Бул жакшы иштеп жатканымдын белгиси. Быйылкы жылдын эсебинен көп эле чыгарма жаздырдым, жаңылышпасам 8 ыр болду. Анын ичинен экөөнө клип тартылган. Жаңы жылга чейин дагы бир ыр жаздырсам деп жатам, «талааныкын үйгө болжобо» деп коюшат эмеспи, ошондуктан ал жөнүндө кенен айтпай турайын.
Менин кандай иштеп жатканымды эл таразаласын. «Супер ырчы айым» наамын алсам, буюрса, анан сөзсүз 10-15 жыл аралыгында «Эмгек сиңирген артист» наамына жетем. Андыктан талыкпай, катуу эмгектенишим керек. Дагы далай ырларды жаратам.
Чолпонай:«БИРИН БОЛБОСО ЭКИНЧИСИН ЖЕҢЕМ»
– Былтыр дагы «Супер ырчы айым» наамына талапкер болгом. Бирок ийгилик мен жакка жылмайган эмес эле. Ошентсе да «Сахна ажары» наамын алгам. Быйыл, буюрса, жакында өзүмдүн жеке концертимди бергени турам. Концертимден кийин супер тандоо болсо, балким, «Супер ырчы айымды» мен алмакмын. Ошентсе да үмүтүм бар. «Супер айымдан» тышкары «Супер ремейк», «Саундтрек» наамдарына да көрсөтүлүптүрмүн. Ошондуктан «Супер ырчы айым» болбосом, башка наамдарга ээ болом деген ишеничтемин.
Айнура Салахидинова:«АР ЫРЧЫ ЭЛЕ БУЛ НААМГА КӨРСӨТҮЛӨ БЕРБЕЙТ»
– Былтыр «Жылдын супер ырчы айымы» наамына талапкер катары атым чыкканда «быйыл болбой калса, кийинки жылдары алам» деп ниет кылгам. Бирок быйыл эмнегедир менин ысымым да наамга кошулат деп күтпөдүм эле. Талапкер кылганыңарга ыраазымын. Ар бир эле ырчы айым бул наамга көрсөтүлө бербейт. Анча-мынча болсо да күйөрмандарымдын добушуна ээ болом деп ишенем. «Супер ырчы айым» болгон ырчыларды көргөндө «мен дагы жетсем» деп ойлоп койчумун. Чынында, буга чейин бойдок кезде быйылкыдай иштеген эмесмин. Бул жылы жолдошумдун колдоосу менен төрт клип тарттырдым.
Сүйүн Кулматова
star@super.kg