АГЫП КЕТКЕН ОКУУЧУЛУК КАЙЫГЫМ...

“Актай барак алганмын, ак кайык жасаганмын,
Окуучулук күндөрүм деп жазганмын.
Агып кеткен окуучулук кайыгым,
Эми издеп таппай калдым дайынын...” - деп обончу Бек Борбиев ырдагандай, окуучулук күндөрдүн дайынын таппай калганыбыз менен, ошол күндөр дале эсибизде. Жаңы окуу жылынын башталышын шылтоолоп, белгилүүлөргө кайрылып, окуучулук күндөрүнөн кабар алдык.

Мектепти алтын медаль менен аяктагандар

  • Муратбек Бегалиев
  • Самат Дөөлөтбаков
  • Назира Айтбекова
  • Урмат Усенов
  • Нурзат Токтосунова

“Эки” албаса окуунун кызыгы жок деп эсептегендер

  • Шайыр Касымалиева
  • Бактыгүл Бадыева
  • Замир Арыкбаев
  • Максат Бегалиев
  • Назми
  • Кенже Дүйшеева
  • Микаэль

Мектепти толук аяктабагандар

  • Динара Эсенгулова
  • Ильяз Абдыразаков
  • Анжелика
  • Бегимай Эсенгулова
  • Санжар Бердибеков
  • Сайкал
  • Айпери Кубик кызы

“Бир” деген баага окугандар да бар

Роза Шакирова тентектик кылып, мугалимдин сөзүн укпагандыгы үчүн “бир” деген баа алган. Нурайым Азыкбаева да сабакка даярданбай келип, “бир” алган экен.

Өмүрүндө "эки" алып көрбөгөндөр

  • Замир Мырза
  • Гүлзинат
  • Динара Акулова
  • Сема
  • Айжан Акылбекова
  • Токтобүбү Черикчиева

Классташтар

Мирбек Атабеков учурдагы кээ бир ырчылардын ырларынын текстин жазып берип жүргөн Кундуз Качкынова менен, андан кийин борбордо Гүлмира Рысбаева менен бир класста окуган.
Султан Садыралиев менен Кайрат Примбердиев классташ.

Так илимдерге жоктор

Сураштыра келгенде жылдыздарыбыздын 80 пайызы математика, геометрия, физика, химия сабактарын жаман көрүп, жакшыокушкан эмес.

Курмангазы Азыкбаев:

“Эжейимди “маңка” атка кондургам”

– Ой, мен мектепте шоктугум башымдан ашкан тентек болчумун. Мугалимдерге тийишүү үчүн ар биринин мүнөзүнө жараша сценарий ойлоп тапчумун. Бир күнү класска эжейден мурда кирип, отургучуна кнопка коюп койдум. Эжейим отуруп жатып, ушундай бир кыйкырды дейсиң... Кыйкырганын көрүп, жыргаганымды сураба. Анан билмексен болуп отуруп калдым. Көп эле мугалимдердин отургучуна клей куюп, ак кийинип келген болсо, сүрөт тартуучу кызыл боёк куюп, далай жолу ыйлаткам. Бир жолу доскага жазып жаткан эжейдин артына “маңка” деп жазылган кагазды билгизбей чаптап койгом. Эжей артына чапталган “маңка” деген жазуусу менен үйүнө барыптыр.
Мектептен чыгып бара жатканда жазууну көргөн окуучулар эжейди үйүнө жеткиче шылдыңдашыптыр. Балдар мени Куба дешчү. Кайсы класска кирбейин, Курмангазы, Куба деген жазуулар парталарга батпай кеткен эле. Анысы аз келгенсип, класстын шыптарына пластилин менен атымды жазып чыккам. Директор мектепке ата-энемди чакыртып, катуу урушкан. Ошентип, ата-энем мен үчүн мектепти ремонт кылып беришкен. Анан да атам жыгач уста болгондуктан, парталардын баарын жаңылап берген болчу.

Неля:

“Кабинетти талкалап сала жаздаганбыз”

Окуп жүргөндө химия сабагынан берген эжей тартипти аябай катуу кармачу. Бир жолу анын сабагына Жаркын деген классташым экөөбүз беш мүнөт кечигип келсек, ордубузга отургузбай, намысыбызга тийчү сөздөр менен урушкан. Ошондо ага өчөшүп калган болчубуз. Бир жолу класска кирсек, эжей жок экен. Лабораториясына кирип, идиштериндеги кислоталарды бири-бирине куюп, полго суу чачып, гүлдөрүн жулуп, кабинетти талкалап сала жаздаганбыз. Анан химия сабагы башталганда эжей келип, "муну куйганда мындай реакция жүрөт" деп түшүндүрүп баштады. Көрсөткөнү айтканындай болбой, окуучулардын алдында аябай уят болгон. Биз Жаркын экөөбүз эжейди уят кылганга, өчүбүздү алганга жыргаган элек.

Турусбек Жумалиев:

«Бир сабактан «беш» алгам»

– Мен музыкадан жакшы окучумун. Бир жолу музыка сабагынан Азия деген эжейим мени ырда деп доскага чыгарды. “Мекен” деген ырды ырдап бердим. Анан башка окуучуларды доскага чакырса, баары эле “менин ордума Турусбек ырдап койсунчу?!” дей беришти. Ырдаганымды жактырган эжей мени ырдата берди. Кыскасы, ошол күнү беш баланын ордуна ырдадым. Эжей менден “беш” деген баасын аяган жок. Күндөлүгүмдөгү бааны көрүп, сүйүнгөнүмдөн териме батпай калдым. Үйгө барып, апама көрсөткөнгө ашыгып чуркасам же кадамым арбыбайт. Жыгылып, тоголонуп үйгө араң жетип, энтиккенимди баса албай күндөлүгүмдү апама көрсөткөнүм бүгүнкүдөй эсимде. Көрсө, баланы мактоо көтөрөт турбайбы.

Бек Борбиев:

«Журналга жылан салып...»

– 6-класста болсо керек эле, биология сабагынан берген эжейден “жыландан коркосузбу?” десем, “жок, жыландан эмнеге коркмок элем?!” деп койду. Бир күнү эжей сабак өтүп жатып эшикке чы­гып кетти. Убакыттан пайдалана чуркап барып журналды ачтым да, кичинекей суу жыланды салып, жаап койдум. 5 мүнөт өткөн соң эжей келип, журналды ачып өңү купкуу болуп, нес болуп катып калды. Бир аздан кийин өзүнө келип, эшикке чыгып кетти. Аңгыча эле завуч келип кыйкырып “ким журналга жылан салды?” деп териштирип кирди. Кыздар “журналга жыланды Берадор салды” деп айтып коюшту. Завуч мени жетелеп мугалимдердин алдына алпарды. Карасам, эжейимдин көздөрү кыпкызыл, ой-да ыйлаган окшойт. Эжейимден кечирим сурадым. Апам мектепте иштечү да, аны да чакыртышты. Ошентип, катуу ызы-чуу болгон.

Эмил Балтагулов:

«4-класста балалуу болгум келген»

– 4-класста класс жетекчи агайымдын кызын жактырып калгам. Ага акылдуу көрүнүш үчүн “мен сени сүйүп калдым, экөөбүз бактылуу болобуз. Биздин көп балабыз болот” деп кат жазганмын. Ал кат кыздын апасынын колуна тийип калып ит эле болгом. Үйүбүздүн жанында балдар менен ойноп жатсам, ал кыздын апасы келип “жашабай жатып сүйүүнүн балекетин билесиңби?” деп урушкан. Кошуналардын көзүнчө жаман сөздөр менен тилдеп, кулагымдан чойгондо өзүмдү аябай жаман сезгем. Дагы жакшы, ошол маалда үйдө апам жок экен. Болбосо апамдын жүрөгү оорумак. Ошондон кийин бир чоң кылмыш жасап койгонсуп, эшикке чыгып балдар менен ойной албай же мектепте кеңири жүрө албай кыйналгам. Анткени элдин баары мени карап “уяты жок бала келе жатат” деп айтышкандай туюлчу. Жакшы окуган, тартиптүү балдардын катарында жүрүп эле кат жаза коём деп өзүмдү бүт айылга шылдың болгондой сездим. Бул шылдыңдан башка мектепке которулуп кетип кутулгам. Азыр угушума караганда, ал кыз үйбүлөлүү экен. Анан да мен 10 жыл ичинде 10 мектеп которгом.

Жанета:

«7-класста биринчи жолу жылдыз болгом»

– Мен 7-класста лагерге барып калдым. Барсам орун жок өзүмдөн улуу кыздар менен бир бөлмөгө кошуп коюшту. Мени кичине деп алар басынтып, буюмдарымды алып коюшуп көп ыйлатышчу. Бир күнү ыр-бий боюнча конкурс болуп калды. Биздин бөлмөдөн мен чыкмай болдум. Өмүрүмдө биринчи жолу апам артист көйнөк сатып берген эле, ошол көйнөктү лагерге апама көрсөтпөй алпарганмын. Анан конкурска ошол көйнөктү кийип чыгып мода көрсөтүп, ырдап жеңүүчү болгом. Ошондо мени кордогон кыздар, тескерисинче, доско айланышты. Кол тамга сурашып, сөз айткан жигиттер көбөйүп, өзүнчө эле жылдызга айланып калгам. Окуучулук кезди эстесем эле биринчи ушул окуя көз алдыма тартылат.

Эрмек Нурбаев:

«Алгачкы эфирим – Алиппе майрамы»

– 1-классты аяктап жатканда Алиппе майрамын Раушан деген классташ кызым экөөбүз алпарганбыз. Негизи, башка кыз менен алпармакмын. Бирок шарт ошондой болуп калды. Раушандын майрамды алпарууга даярдыгы жок же Нуркыздын кол жазмасын түшүнбөйт. Анын кыйналганын көргөн мугалимдер мен карап сүйлөчү кагазды Раушанга беришти. Ошондо мен кагаз карабай сүйлөгөм. Сөз таппай калганда күлдүрүп, туура эмес айтып алсам артынан кайра оңдоп, кыскасы, ошондо эле азыркы алпаруучулук стилим түзүлгөн экен. Болгондо да картон кагаздан жасалган телевизордон чыгып сүйлөп, өзүмдү профессионал сезгем.

Гүлшайыр Садыбакасова:

«Каттын жообун апам жазган»

– 9-класста окуп жүргөндө Абыш деген классташ балам төрт бүктөлгөн кагазды колума карматып, “эртең жообун жазып кел” деди. Мектептин артына өтүп катты окусам, “сүйөм-күйөм” деп жазыптыр. Биринчи жолу мындай кат алып жаткандыктан, уялганымдан үйгө ыйлап келдим. Апам “эмне болду?” десе “Абыш мага кат жазыптыр” деп ыйладым. “Эмне, ошого да ыйлайсыңбы? Сен эми бой жеттиң, жигиттер көз артып, кат жаза баштайт, буга даяр болушуң керек” деди. Мен дагы эле ыйлаганымды токтотпой “эмне үчүн мага жаккан эмес, жакпаган бала кат жазат?” деп шолоктодум. Апам: “Антип ыйлабай, жакпаса мен жашмын, дос болуп жүрөлү”,- деп каттын жообун жазып бер деди. Кыскасы, ошондо ыйлап жатып каттын жообун апама жаздыргам. Эртеси күнү берип коюп качып кеткем. Азыр Абыш экөөбүз жолукканда ушул окуяны эстеп күлүп калабыз.

Замира Рахманбердиева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 357, 4-10-сентябрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан