Үстүбүздөгү жылдын 2-ноябрында болжол менен түнкү саат 21:55те Ысык-Ата райондук ооруканасына 30-35 жаштардагы адам жеткирилген. Ошол эле күнү кылмышка шектүү катары Ысык-Көл облусунун жашоочусу, 1977-жылы туулган Ж.Ж. аттуу жаран колго түшүрүлгөн.
Иликтөө иштеринин натыйжасында жабырлануучу менен шектүү экөө спирт ичимдигин чогуу ичишкени аныкталган. Мас абалдагы эки адамдын урушу мушташка жетип, кылмышка шектүү жабырлануучуну сабап, таш менен катуу уруп жиберген.
Кылмышка шектүү делген адам Кылмыш жана жаза кодексинин 104-беренеси (ден соолукка атайылап оор залал келтирүү) боюнча айыпталып, иликтөө иштери жүргүзүлүүдө
Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg