ҮЙГӨ КИРГЕН УУРУ КОЖОЙКЕНИ ӨЛТҮРҮП, СУУГА САЛЫП ЖИБЕРГЕН

Аламүдүн РИИБине 6-октябрда 30-35 жаштардагы азиат түспөлүндөгү аялдын сөөгү табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Буга байланыштуу кырдаалдар иликтенип, 1-ноябрда кылмышка шектүү адам катары Аламүдүн районунун тургуну, 21 жаштагы Э.К. колго түшкөн.
Чүй ОИИБинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, каза тапкан аялдын аты-жөнү такталып, ал Жалал-Абад облусунун 31 жаштагы тургуну М.М. экени аныкталган. Сурак иштеринин жүрүшүндө белгилүү болгондой, окуя октябрдын бешинен алтысына караган түнү болгон. Шектүү адам жабырлануучунун үйүнө ууруга кирип, кармалып калганда үй ээси ага каршылык көрсөткөн. Урулган катуу соккудан улам үй ээси каза тапкан. Кылмышкер окуя болгон жерден изин жашыруу максатында сөөктү Аламүдүн суусуна ыргытып, үйдү өрттөп баса берген.
Учурда бул окуя боюнча соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүп, тергөө иштери улантылууда.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (23)
eldiyarmacho
2013-11-11 18:57:44
ууруларга совет бербей эле койсонор абдан жакшы болмок да
0
Sharos
2013-11-11 19:06:03
Ошо уурулар олуп кетсин дейли
0
gulnaz21
2013-11-11 20:26:12
Jon ele jurso bolboit beken
+1
Sarbinaz94
2013-11-11 20:55:37
байкуш аял..Ушундай да адамдар болот екен...Кудай сактасын.
-1
boston___
2013-11-11 21:32:49
Жаш экен ушул ишти кылгандан коро иштесе болмок акмак десе
+3
afina.aman
2013-11-12 00:18:24
Zaman kaida baratat dostor,mykaa4yny battan tabuu kerek.
-1
jek87_87
2013-11-16 15:46:30
afina.aman, Заманга шылтаган болбойт. Заман ордунда эле. Адамдар кайда баратабыз.
0
arimaz89
2013-11-12 01:42:04
Маркумдун бейиши болсун!
-1
Azamatnur
2013-11-12 11:34:56
Баштагы 2 форумчунун баштары укмуш иштейт го
-1
zheentaev
2013-11-12 14:20:34
Уурунун кочугу кууш деген ушул да.
-1
ronaldo7
2013-11-12 23:40:09
zheentaev teb9 -10
0
bakyt86
2013-11-13 00:23:09
Уурулар олорун гана билбейт, калганын баарын билишет ошондуктан ууруда..булардын колдорун кесиш керек ошондогана уурулардан куттулабыз.
0
i-nurbek
2013-11-14 08:44:04
bakyt86, Созунузго кошулам Бакыт. Уурулардын колун кесиш керек.
0
Maxabat81
2013-11-13 13:19:05
акмак десе, арзыбаган нерсе учун адамдын омурун кыйып Кудайдан коркпогон адам экенго бул ит
0
argens06
2013-11-14 04:30:04
эх жашоо да жашоодо кутулбогон нерселер болот бул жашоодо
0
bopotik
2013-11-15 20:46:14
тушунбойм,эмнеге кылмышкердин аты жонун жашырышат.россияда жашырбай эле бетин дагы камерага корсотот.чын эле булардын колун кесип салыш керек,угушумча кытайдабы колун кесет го уурулардын.
0
Chyngyz_0489
2013-11-17 09:59:40
bopotik, antkeni bizdikiler milissi9 menen choguu ishteshetta oshon uchun jashyryshatta
0
kamal777
2013-12-07 20:04:44
Мындай мыкаачыны элге корсотуш керек.
0
№ 575, 08-ноябрь-14-ноябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан