АЙДОО ЖЕРГЕ ҮЙ САЛАМ ДЕП АЛДАНБАҢЫЗ

Вьетнам элинин даанышмандары «эл жакырланса, ал шаарга чууруйт» деп айтышкандай, учурда чет жакадан Бишкекке келип отурукташкандардын саны арбын. Жыл өткөн сайын борбордун айланасында жаңы конуштар көбөйүп, шаардын аянты жакын жайгашкан айыл-кыштактардын эсебинен чоңоюуда. Ушул багытта турак жай салынып жаткан жерлер кандай жол менен сатылып жатканы тууралуу иликтеп көрдүк.

Чүй облусуна караштуу райондордо жайгашкан көпчүлүк айылдарда жана жаңы конуштарда Кыргызстандын башка облустарынан келген жарандар турак жайларды куруп, үй-бүлөлөрү менен көчүп келип отурукташууда. Мунун негизги себеби өлкөнүн борборуна жакыныраак жайгашып чарбачылык кылуу жана бышыкчылыктуу климаттын пайдасын көрүү болуп саналат.
Каалаган жактан жер тилкесин сатып алуу, ал жакка турак жай курууга уруксат алуу, дыйканчылык жана чарба иштерин жүргүзүүгө жергиликтүү бийликтин макулдугу сыяктуу маселелерди чечип алуу керек. Буларды чечүүдө кандай учур оор, кайсы учур жеңил болорун билбей, алдамчылардын тузагына түшүп, зыян тартып калгандар да жок эмес.

Военно-Антоновка айылында жаңы салынып жаткан 5-6 турак үй кайрадан бузулуу коркунучунда турат. Үйлөрдү эмнеге бузуп салуу керек экенин аталган айыл өкмөтүнүн башчысы НУРБОЛОТ МУРЗАКМАТОВ төмөндөгүчө түшүндүрдү:

– 1994-жылга чейин бүткүл Кыргызстанда жер реформасы боюнча менчиктештирүү жүрүп, өлкөдөгү жарандарга айыл чарба багытындагы жер аянттары үлүшкө берилип, бөлүштүрүлгөн. Натыйжада колхоз-совхоздун курамындагы адамдардын баары өз алдынча жана жеке кооперативдерге биригишип, тийген үлүш жерине ээлик кылуу менен бирге ал жерлерге өздөрү каалаган үрөнүн сээп, түшүмдөрүн алып келишет. Өз менчигиндеги жерге ээлик кылып турган жарандын аны сатууга укугу бар.
Бишкек шаарынан турак жай салууга жер жок, болсо да кымбат болгондуктан, чет жаканы көздөй жылып, элдер шаардын тегерегинен жер тилкелерин сатып ала башташкан. Мындай факт Новопавловка айылында көп катталып, 500 гектарга жакын жер мыйзамсыз сатылып кеткен. Ушундай эле окуялар бизде да катталып, айдоо аянттарын майда сотыхтарга бөлүп, ар бирине Кызыл китеп жасатып туруп, бир нече адамдарга сатып жатышат.
Айыл чарба багытындагы айдоо аянттарына турак жай куруп алуу мыйзамсыз болуп саналат. Жер кодексинде үлүш жерлердин багытына ылайык келбеген иш-аракеттерди жасаган адам мыйзамдын негизинде жоопко тартылары белгиленген. Натыйжада кардар материалдык жабыр тартып, ошону менен катар мыйзамдагы жоболордун негизинде тиешелүү органдардын кийлигишүүсү менен административдик да жоопко тартылат.
Ушундай маселелердин аркасында жабыр тартып калбаш үчүн биздин аймактан жер сатып ала турган адамдарга эскертүү катары билдире кетет элек. Кызыл китепти көрсөтүп, «бул жерге там салып алууга болот» деген далилсиз сөздөрдү айтып, жер тилкесин сатып алардан мурда бизге келип бышыктап кетишиңер керек. Эгерде сизге жер ээси жер тилкесин сатып алууну сунуштап жатса, анын баасын бычышуудан мурда жердин багытын аныктап алганыңыз оң.

Кыргыз Республикасынын Жер боюнча кодексинин 12-беренесинин 3-бөлүмүндө «жер тилкесин анын максаттуу багытынан башкача пайдаланууга жол берилбейт» деп жазылган. Бул мыйзам жогорудагы айтылган мисалдарда одоно бузулганын көрүүгө болот.
Военно-Антоновка айыл өкмөтүнүн башчысы Нурболот Мурзакматов буга кошумча бир нече жерлерге мыйзамсыз түрдө турак үйлөр салынып кетип, бул иштердин үстүнөн Чүй облустук прокуратурасы иш козгогонун кошумчалады. Эгерде сот мыйзамга ылайык чечим чыгара турган болсо, анда салынган турак жайларды сүрдүрүп салууга аргасызбыз деген оюн айтты.

– Ошондой эле салынып жаткан үйлөрдүн жанында катар жайгашкан жер тилкелеринин ээлери, жергиликтүү калк да нааразы болуп, «Салынып жаткан үйлөр токтотулсун, талаачылык иштерди кылууда бизге тоскоолдуктар жаралып жатат. Биз айыл чарба багытындагы жерлерибиздин калк жайгашкан аймак болуп кетишин каалабайбыз, салынып жаткан үйлөрдү өз алдыбызча талкалайбыз» деген ойлорун айтып чогулуп жүрүшкөндө мыйзам чегинде чара көрүлөрүн билдирип, токтотуп койдук,- деди Нурболот мырза.

Ушундай эле мыйзамсыз иш-аракеттер Сокулук районуна караштуу Новопавловка айылында да болуп келет. Военно-Антоновкага салыштырмалуу бул жакта мыйзам бузуулар көп катталган. Мунун себеби айыл шаарга жакын болгонуна байланыштуу экенин айтат аталган айыл өкмөттүн жер боюнча адиси КУБАНЫЧБЕК ТОКТОМАМБЕТОВ.

– Новопавловка айыл аймагында жалпысынан бүгүнкү күндө 2771 гектар айыл чарба багытындагы жер бар. Мунун ичинен 168 гектары Кайра бөлүштүрүү фондунун жери болуп саналат. 2010-жылдан бүгүнкү күнгө чейин жалпы айыл чарба багытындагы 350 гектар жерге мыйзамсыз түрдө үйлөр салынып кеткен. Айыл чарба багытындагы жерлерге турак үй салууга уруксат алуу жөнөкөй эле иш эмес. Ал үчүн айыл өкмөттөн районго, райондон облуска, облустан өкмөткө кайрылууларды жасап жатып, бир нече стадия жана бир нече убакыттан кийин гана жерлерди трансформациялоо мүмкүн. Ал эми жердин ээлери бул маселенин баарын четке чыгарып коюшуп эле жер үлүштөрүн каалаган жагдайда сатышууда. Кардарлар дагы ал жердин кандай багытта экенин териштирип, тактап албай эле сатып алып, үйлөрдү салып жатышат.
Мындай болгон учурда, биринчиден, биздин айыл өкмөтү тарабынан эскертүү баракчасы берилет. Эгерде буга карабай үйдүн курулуш иштерин уланта турган болсо, укук коргоо органдарына кат жүзүндө кайрылуу жасалат. Укук коргоо органдары тиешелүү чечимдерди чыгаргандан кийин биз да чара көрөбүз. Мындан сырткары 2007-жылы күз айында жер басып алуулар болуп, ошондон улам 16 гектар жер аянтына мыйзамсыз салынган үйлөрдү түрттүрүп салганбыз.

Ак-Ордо-3 жаңы конушуна салынып жаткан бир нече гектар жердеги үйлөр учурда ишеним документтери менен гана салынып жатканын кошумчалайт адис.

– Учурда Кайра бөлүштүрүү фондуна тиешелүү жерлерди трансформациялоо тууралуу сунуш жиберилген. Жооп келери менен салынып калган турак үйлөрдүн шартына жараша конуштун планын иштеп чыгып, бала бакча, коомдук жайлар жана жалпыга тиешелүү объектилерди куруунун долбоорлорун даярдайбыз.

Жалпы эле жер сатып алып, турак жай курабыз деген жарандарды жогорудагы мисалдардын негизинде алданып калбоого чакырат элек. Жөн жерден үй курууга убактыңызды дагы, курулушка кеткен акчаңызды дагы курмандыкка чалып аласыз деп эскертмекчибиз.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
Begim8678
2013-11-11 14:31:44
Биз дагы ''Оскон ордо'' конушунан жер алганбыз. Бирок ал жердин да докум.толугу менен буто элек. Эми уй салып жаткан элдин пайдасына чечилип калса экен деп отурабыз.
+1
tolik
2013-11-11 17:21:16
Бийликтин алы карапайым элге гана жетет. Анда эмне сатылып жатканда ошолорду ИИМ алдын алган эмес? Деги эле курулуп жатканда эмнеге токтотушпайт? Бишкектин жаны конуштарынын кобу мыйзамсыз сатылган!
0
kyrgyzz
2013-11-16 21:36:35
tolik, Tuura aitasyz Ata Turk parkyndagy uilordu da turturuw kerek da je emne alar 4ondordun ui bolup 4ygyp alarga un4uga albaiby? negizi tuura emes munun baaryn jazalaw kerek tuura emes jerdi satkany u4un!!! emnege jany salyp atkanda un4ukpaitda anan butup kalgan uidu buzuwat buzgandan kiyin waardyn i4inen salynyp jatkan uilordon alyp beriwi kerek okmot .... Misaly Jal Artis bow ele turat je al 4inovnikterge elebi ? karapayim kalkty da karaw kerek da
0
Jomi
2013-11-11 21:24:17
А кайрак жерлерге (сугарылбачу) үй салууга мүмкүнбү? Эгер ал жер менчик болсо. Мисалы: менде жер бар 1 гектар. Ал үчүн кандай документтер талап кылынат экен
0
mahabat.
2013-11-11 21:42:20
эх айланып барып карапайым элди кыйнашат.КГУСТАнын мандайындагы хан сарайлар мыйзамсыз курулган.аларды сурдургонго духу жетпейт окмоттун.ал уйлор чиновниктерге таандык.Орто-Сай айылыны кире бериштеги азырка АЛА АРЧАдагы хан сарайлар да мыйзамсыз.илгери сонун алма бак болчу.аны чиновниктер талап тоноп болушуп алышкан.карапайым калкка шаардын четиндеги таштак жерди да ыраа корушпой атабы эми.
+1
mahabat.
2013-11-11 21:49:31
шаардын так ортосундагы vefa centre эмне мыйзамдуу турдо курулуптурбу??????ушуга окшогон мыйзамсыз курулган имараттар толтура.жалан гана акчага алданышып туркторго кытайларга жб сатышкан биздин чон курсактар.
+1
milanchik.eto.Tilek
2013-11-12 15:49:13
Мыйзам дегени менен аны толук турдо колдоно албай жатпайбы,Мыйзам катуу болуш керек же болбосо корупция
0
Chtc
2013-11-13 16:40:54
Андай алдамчылык менен карапайым адам алектене албайт.Дагы эле бийликтегилер.Тымызын сатып койуп азабын карапайым эл тартат.
0
jumatone
2013-11-13 23:12:14
Мыйзамдаштырып болуп бергиле да салышсын уйлорду кандай болгон кундо да бузулбаш керек ал уйлор
0
chinaltyn
2013-11-15 19:23:51
эл жакырланса шаарга чууруйт
0
№ 575, 08-ноябрь-14-ноябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан