1-5-ноябрь аралыгында Ош шаарында 8 көмөк чордону күйүп кеткен. «Буга кескин түрдө сууктун түшүүсү себеп»,- деп билдирди шаардык РЭСтин башчысы Данияр Сыдыков. «Электр энергиясын сарптоо аба муздагандыктан кескин түрдө өсүп, натыйжада көмөк чордондордо чыңалуу жогору болуп, күч келип жатат. Ош шаары шарттуу түрдө 4 районго бөлүнгөн. Шаардын чыгыш жана батыш бөлүгүндө 4, башка бөлүктөрүндө да 4 көмөк чордону күйүп кетти. Лимит боюнча Ош калаасына саатына 2,2 миллион кВт электр энергиясы сарпталышы керек болсо, учурда бул көрсөткүч 3,1 миллион кВт саатка чейин жетүүдө»,- дейт Д.Сыдыков.
Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg