«ЗВЕРИ» тобу

Учурда жаштардын сүймөнчүлүгүнө ээ болгон рок-топторунун бири „Звери“ тобу. Бул топ башкалар сымал келбети же өзгөчө имиджи менен эмес, жаштардын табитиндеги ырларды жаратуу менен популярдуулукка ээ болгон. Алардын ырлары менен бирге клиптери оригиналдуу экени талашсыз. Эмесе, «Звери» тобу тууралуу кыскача маалымат.

КУРУУЧУ ТҮЗГӨН ТОП
«Звери» тобу 2001-жылы түзүлгөн. 2000-жылы топтун учурдагы «Зверь» кличкалуу солисти Роман Билык Таганрог шаарынан Москвага келет. Дал ушул шаардан Рома чындап чыгармачылыкка аралаша баштайт. Негизи, ал кичине кезинен музыкага жакын өскөн. 7-классты бүткөндө тентек балдар менен достошуп, алар менен бирге «Ассиметрия» деп аталган топ түзгөн. Антсе да өзү канааттанаарлык ырларды Москвага келгенде жарата баштаган. Алгач Москвада Рома куруучу болуп иштейт. Куруучулардын колледжин бүтүргөн­дүгүнө байланыштуу музей куруп жаткан куруучулардын катарына кошулат. Шаардыктар менен тил табыша албай бир аз кыйналат. Бирок, көп өтпөй шайыр, элпек жигит көптөрдүн көңүл борборунан орун алат. 2001-жылдын күз айында Рома продюсери, клиптеринин режиссёру Александр Войтинский менен таанышат. Экөө таанышкан күнү жылдыздары келишпей мушташа кетишет. Бирок, Романын чыгармачылык жөндөмдүүлүгү бар экенин уккан Александр Ромага телефон чалып, үйүнө конокко чакырат. «Мен продюсер катары Романы тандаганым үчүн өзүмө ыраазымын. Негизи, мыкты продюсерлер иштешүүгө өзгөчө балдарды издешет. Мен болсо эмнегедир кадимки эле орус баласын издечүмүн. Ошол издегеним Рома» дейт Александр.
Режисcёр болуп, клип тартуу Александрдын тилектеринин бири эле. Ал эми ырчы болуу Романын чоң максаты бол­чу. Ошентип, тилектерин иш жүзү­нө ашыруу үчүн экөө чогуу иш­тешүүгө өтөт. Жаңы иштеше баштаганда Рома эки-үч күнгө жоголуп же болбосо ичип, бети-башын жарып келе баштайт. Ал эми көңүлү келген кезде ыр да жазган адат табат. Романын мындай жоруктарын көргөн продюсери ага «Зверь» деген кличка ыйгарат. Романын талантына, жөндөм­дүүлүгүнө баа берген Александр аны чыгармачылыкка таптай баштайт. Көп узабай топко мыкты музыкант балдарды кабыл алышат да, топко «Звери» деген атты тандашып, шоу-бизнеске бет алышат.

ТОПТУН ИЙГИЛИКТЕРИ
Топтун хит ырлары Ромага таандык. Рома кыйналганда же кайгырганда, жандүйнөсүндө жаңылык болгондо эң сонун чыгармаларды жаратаарын топтогулар жакшы билишет. Топтун алгачкы «Для тебя» аттуу ыры чыгаары менен популярдуулукка жетишет. Шоу-дүйнөсүндө эч бир таанышы жок эле аталган топ жагымдуу ырлары менен өз күйөрмандарын чогултууга жетишет. «Для тебя» аттуу ырынын клиби МТВ каналынан, радиолордон кете баштаганда топко мыкты үн жаздыруучу компаниялардан сунуш түшө баштайт. Ошентип, топко популярдуулуктун эшиги ачылат. 2003-жылы «Зверинин» алгачкы «Голод» деген альбому жарыкка чыгаары менен болуп көрбөгөндөй ийгиликке кез келет. Ал эми 2004-жылы «Районы-Кварталы» деген альбомун жаштар кубануу менен кабыл алышат. Звери тобунун концертин күткөн күйөрмандарынын саны кө­бөйөт. Музканалдарда алардын видеоклиптери такай тез-тез көрсөтүүгө өтөт. «МТВ биздин сүйүктүү каналдарыбыздын бири болуп кала берет. Анткени, бизди көпчүлүккө ушул канал тааныткан» дейт Рома өзү. Зверинин ырларына, клиптерине суроо-талаптар көбөйөт. Мыкты чыгармалары менен көп деген наамдарга ээ болушат. 2005-жылы «Звери» «Жылдын мыкты тобу», «Мыкты видеоклип», «Мыкты артист» наамдарынын ээси болуп, жаштардын сүйүктүү тобуна айланат.

«ЗВЕРЬ» – Билык Роман Витальевич
1978-жы­лы 7-декабрда Таганрог шаарында тө­рөл­гөн. Дон­догу куруучулук жа­на экономикалык колледжин бүтүргөн. Ро­ма үч бир тууган. Өзүнөн улуу Эдик деген агасы жана Паша деген иниси бар. Романын хоббиси балык уулоо. Ошондой эле Италиянын ашканасын, виносун, сүт катыкталган чайды жакшы көрөт. Жакынкы пландарында өз күчү менен там салуу бар. Жакшы көргөн киносу “Крёстный отец”, ”Москва слезам не верит”. Ата-энесин баарынан ыйык коёт. Көбүрөөк акча тапканда апасына белек же болбосо акча салып турат.

«ПЧЁЛКА» – Краев Михаил Вадимович
Миша топтун барабанчысы. Ал 1974-жылы 4-декабрда Свердлов областынын Верхняя Салда шаарында тө­рөл­гөн. Мектепти бүт­көндөн кийин бир топко барабанчы болуп орношуп, ата-энеси каалаган Свердлов шаарындагы университетке тапшырбай койгон. Топко кошулганча бир нече музыкалык топтордо, үч жыл короо шыпыргыч да болуп иштеген. Короо шыпыргыч болуп иштегени музыкантка жашоонун маңызын түшүнүүгө жардам берген. 2002-жылы Москва шаарына келип, чыгармачылыкта өз жолун табат.

«КАТАСТРОФА» – Лебецкий Константин Эдуардович
Костя бас гитарист. 1980-жылы 15-апрелде Новосибирск шаарында тө­рөл­гөн. Гороскоп боюнча кой. Новосибирск шаарындагы Аэрокосмический лицейди бүтүр­гөн соң, Новосибирсктеги университетке тапшырат. Университетте 2 жыл окуп, бирок, музыка жандүй­нөсүнө жакын болгондуктан, аны таштап, музыкалык колледжге тапшырат. 2002-жылы окуусун аяктап, диплом алат. Чыгармачылыгын өстүрүү үчүн 2003-жылы Москвага келет. Ошол эле жылы интернетке “Звери” тобуна бас гитарист керек деген жарыя боюнча барып, топко алынган.

«ЛЕОНЧИК» – Леонов Максим Викторович
1973-жылы 30-декабрда Челябинск шаарында төрөлгөн. 13 жашынан гитарада ойноп келет. Өзү курактуу балдар менен ойногонду жаман көрүп, дайыма өзүнөн эки-үч жаш улуулар менен ойноо ага кызыктуудай сезилчү. Топко 2003-жылы күз айларында келген.

«КИРБАС» – Антоненко Кирил Евгеньевич
1984-жылы 6-январда Москва шаарында төрөл­гөн. Музыкалык мектепти бү­түр­гөн. Мам­­лекеттик университетти үчүн­чү курсунда таштап салган. Топ менен иштөө Кирилдин бала кезинен берки тилеги. «Звери» тобуна 2002-жылы кошулган.

Даярдаган Жаркынай Нусубалиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 206, 13-19-октябрь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан