«Тазалык» муниципалдык ишканасынын башчысы Искендер Жороевдин маалыматына ылайык, абоненттик бөлүм Түштүк-Чыгыш кичи районундагы шаардык №3-эмкананын имаратына которулду. Аталган ишкана мурда шаардан чет жакта жайгашкан ДЭУ кичи районунда иш алып барчу. Мындан ары абоненттер эч кандай кыйынчылыксыз бул ишканага кайрыла алышат. Эске салсак, шаардыктардын таштанды чыгарууга болгон карызы 39 миллион сомду түзөт. Карызы бар жашоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, карызы көп абоненттерге соттук- жараяндык иш-чаралар колдонулууда. Жаңы имарат шаардын борборуна жакын жайгашкандыктан, абоненттердин таштанды чыгарууга болгон төлөмдөрдү жүргүзүүсү кыйла өсө баштаганын айтат И.Жороев.
Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg