15-ноябрда ОшТУда мектеп окуучуларынын III олимпиадасы өткөрүлөт. Иш-чаранын максаты – окуучулардын билим деңгээлин аныктоо, аларга жалпы республикалык тестирлөө убагында сабак тандоосуна багыт берүү. Аталган олимпиадага облустун Араван, Кара-Кулжа, Алай, Кара-Суу, Өзгөн, Ноокат райондорунун жана Ош шаарындагы мектептердин 9-11-класстарынын окуучулары катыша алышат. Олимпиада математика, физика жана химия сабактары боюнча өткөрүлүп, жалпысынан 500дөн ашуун мектеп окуучусу билим деңгээлдерин сынашмакчы. Белгилей кетсек, мындай олимпиада аталган университетте 3 жылдан бери өткөрүлүп келүүдө.
Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg