«Жашоодо күтүлбөгөн сюрприздер боло берет экен. Мен чоңоюп, балалуу болгону калганда, жакында гана кичинекей иним бар экенин билдим. Көкүрөгүмдөгү кубанычымды баары менен бөлүшкүм келди»,- дейт каарманыбыз.
«АПАМ БАШКА БҮЛӨ КҮТКӨНДӨ АТАМ АЛЫСТАЙ БАШТАГАН»
-Ошол күн дагы деле эсимде. Карт дарактын бутактары эбак эле жарым-жартылай жылаңачтанган. Куу жалбырактар күзгү желге каалгый учуп бут алдыма түшүп жатты. Ичиркене кымтыландым. Эртеден бери сейил бактагы орундукта эч жакка жылбай жалгыз отурам. Эртең менен атамдын жакын досу Улан байке мага телефон чалып ушул жерге жолугушууга чакырган. Бирок эмне себептен экенин айткан эмес. Мындай учурда 1 мүнөт кылымга тете болуп кетет эмеспи.
Алыстан үч караан көрүндү. Бирөөсү Улан байке экенин жазбай тааныдым. А бирок жанындагы келин менен кичинекей бала ким болду экен? Ошентип ойлонгуча болбой алар шашылбай кадам шилтей мага жакындап келе жатышты. Ансайын жүрөгүм элеп-желеп боло түпөйүл тартат. Эмнеси болсо да сабыр кыла турайынчы...
«Сабырдын түбү – сары алтын, уулум. Сенин шашмалыгың апаңды тартып калса керек» деп атам мага көп айтчу. Бирок өзү аябай шашма киши эле. Качан болсо кайдадыр бир жакка кетчүдөй болуп шашып, ордунда тынч тура алчу эмес. Байкуш атам бир ай мурун жол кырсыгынан каза болуп калды. Болгону 50 жаш курагында. Ошол жолу да шашып баратып кырсыкка туш болуптур.
Атам менен апам мен 4 жашка чыкканда ажырашып кетишкен. Себеби эмнеде экени мен үчүн табышмак бойдон кала берди. Кызыгы, апамдын да, атамдын да оозунан бири-бирин жамандаган сөздөрдү уккан жокмун. Атам мага көп келчү. Эсимде, кичинекей чагымда атам үйгө күн алыс келер эле. Анан апамдан уруксат сурап, мени машинасына салып алып шаар кыдыртып, сейил бакка алып келчү. Ал жерден балмуздак, момпосуй, каалаган оюнчугумдун түрлөрүн сатып берчү. Мага өзгөчө каруселге түшүп, циркке жаныбарлардын оюнун көргөнү барган жагар эле. Ошентип, экөөбүз каалашыбызча эс алгандан кийин мени үйгө алып келип, бир топко эркелетип отуруп, анан кетчү.
Арадан жылдар өтүп, мен чоңойдум. Мезгилдин жебеси уурдаган бул жылдар аралыгында апам башка адамга турмушка чыкты. Ошондо атамдын биздин үйгө келчү издери суюла баштады. Бирок менден колун үзгөн жок. Керек жерден жардамын, кеп-кеңешин аячу эмес. Экөөбүз акыркы жолу мындан бир жыл мурун жолукканда сүйлөшкөн кызымды кошо ээрчите барып тааныштырган элем. Жаш баладай кудуңдаган атам балпаңдап бизди кафеге киргизген. Үчөөбүз көпкө сүйлөшүп, кечки тамакты чогуу ичтик. Кетеринде сүйлөшкөн кызымдын маңдайынан өөп, мени көкүрөгүнө бек кысып, чачымдан сылап койду. Анан жол жээкте токтоп турган машинасын көздөй бир-эки кадам таштап, бир нерсени эстегендей тык токтоду да, артка кылчая үн катты:
– Азамат!
– Оу.
– Жүрү, тээтиги жерге барып чогуу сүрөткө түшүп алалычы...
Атамды ошол бойдон көргөн жокмун. Көп өтпөй ал иштегени Москвага кетти. 3 айдан кийин мен үйлөнүп, тоюма чакырсам келе албады. Мен ага таарынып, көпкө байланышпай жүргөм. Акыры «Бишкекке келиптир» дегенин укканыма аз эле болуп, «келин баласын көргөнү келер» деп күтүп жүргөндө суук кабар келди. Атам жашоомдогу чоң тирегим экенин ошондо сездим.
«ИНИМ БАР ЭКЕНИН БИЛБЕПТИРМИН»
-Ушу нерселерди ойлонуп турдум. Атамдын досу жолугалы деп телефон чалгандан бери атамды эстеп жаттым. Тиги үч караан мага жете келишти.
– Көпкө күтүп калдыңбы?
– Жок, аз эле болду, байке.
Жаныма жакын келген Улан байке далымдан таптай берди. Анан жанындагы келин менен кичинекей баланы тааныштыра кетти.
– Таанышып алгыла. Бул – Айнагүл, а бул – сенин бир тууган иниң Самат.
Түшүнбөй, уккан кулагыма ишенбей, нес болуп туруп калдым. Ортодогу жымжырттыкты кайрадан Улан байке бузду:
– Сабыр менен Айнагүл көп жылдан бери чогуу жашап жүрүшкөн. Бирок сенден бул нерсени жашырып келген. Атаңдын көзү өтүп кетсе да, досу катары силерди тааныштырып коёюн деп чечтим. Жаманбы, жакшыбы, каныңар бир, мындан ары катташып жүргүлө...
Толкунданып чыктым. Самат экөөбүздүн көздөрүбүз чагылыша түштү. Чачынын тармалы, көз карашы, өңү-түсү, күн нурунан уяла кабагын чытый мени караганына чейин кудум эле атамдын көчүрмөсү. Демек, мага да окшош! Ичим жылып, жүрөгүм эзилип кетти. Тамагыма тыгылган нерсени араң жутуп, отура калып аны кучактап боорума кыстым. Анан эркелете суроо узаттым:
– Кимдин баласысың?
– Сабырдын!
– Мен дагы Сабырдын уулумун, иним!
Кубанганымдан көзүмдөн жаш куюлду. Бала да бетимен сылай берди. Көрсө, мен жалгыз эмес экем. Ата, эми биз экөө болдук!
Азамат
Асхат Субанбеков
lira@super.kg