Карьерасын алгач Орусиянын «Фабрика» тобунан баштап, кийин жеке ырчылыкка өткөн Сати Казанова 12 жылдан бери иштешип келген негизги колдоочусу, продюсери Игорь Матвиенкодон кеткенин кабарлады. Азырынча мындай кадамга барганынын себебин ырчы айым ачык айта элек. Бул кабардан соң орус шоу-бизнесинде түрдүү кептер жүрүүдө. Айрымдар «Сати мындай кадамы менен өз карьерасына чекит койду. Продюсери ырчынын бул кылыгын кечириши кыйын» дешет.
Убагында айылдык кыздан ачылган гүлдөй атактуу ырчы айымды жараткан Матвиенко бул кабар боюнча комментарий бере элек. Сати болсо мындан ары ким менен иштешерин сыр бойдон сактоодо.
Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg