КИМ БОМ СҮЙҮКТҮҮСҮН АЧЫККА ЧЫГАРДЫ

«Мыкты жигиттер» тасмасындагы Со И Джон, чыныгы жашоодогу Ким Бомдун жүзүндөгү уячасына арбалган кыздардын саны арбыган. Эми актёрго ашык болгон кыздардын көңүлүн оорутат окшойбуз. Себеби 1-ноябрь күнү ал Мун Гын Ён аттуу актриса менен сүйүүсүн ачыкка чыгарып, жүрөгү бош эмес экенин айтты. Бул кепке далил катары, эки жаштын жакында эле Прага шаарында кол кармашып сейилдеп жүрүшкөндөгү сүрөттөрү интернетке жайылды.
Айта кетсек, ашыктар быйыл «От ханышасы Чон Ги» («Богиня огня Чон Ги») аттуу сериалда роль жаратышкан. Ошол фильмден улам «экөөнүн ортосунда мамиле бар» деген кептер тараган эле.

Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Umut.94.13.11
2013-11-11 11:56:55
Кубанычтамын,себеби экоонун тен аткарган ролдору абдан жагат,суйуунор туболуктуу болсун!
0
danilka
2013-11-11 23:37:43
Кармашкан колдору эч качан ажырабасын.
0
Chagylgan77
2013-11-13 13:53:39
эки подружка суротко тушкондой го. эркек деген эркектей эле болсо
+2
Diana92kg
2013-11-13 14:38:09
Кантип коросунор э ушул корейский фильмдерди ? корей балдары накта кыздай журушот го
0
№ 575, 08-ноябрь-14-ноябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан