Корей сериалдарын сүйүп көргөн окурмандарыбызга дагы бир жагымдуу кабар. Сиз сүйгөн актёрлор Чан Гын Сок, Ли Чан У жана актриса Хан Чхэ Ён «Мыкты эркек» аттуу жаңы сериалга тартылып башташты. Сериалдын негизги каарманы чыныгы сүйүүгө кабылуунун алдында толтура сыноолорго жана түрдүү айымдарга учурайт. Акырында жашоонун даамы таза сүйүүдө экенин түшүнүп, махабатына багынып бергени сүрөттөлөт. Сериал күйөрмандарын көпкө күттүрбөй, Түштүк Кореяда 20-ноябрда экрандарга чыга баштамакчы.
Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg