ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (11-ноябрдан 17-ноябрга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Жуманын биринчи жарымына коюлган пландар ишке ашпайт. Анткени бул убакта алардан алда канча маанилүү жумуштар жаралат. Жумушта талаш маселеде жеке оюңузду далилдөө үчүн кылган аракетиңиз колдоо таппайт. Бейшембиде маанилүү маселелер биринин артынан бири чечилип, көңүлүңүз көтөрүлөт. Ишембиде жакшы идеяны ишке ашыруу менен бирге кошумча акча табасыз.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Бул аптада жакындарыңыздын бирин таарынтып алуудан абайлаңыз. Шейшембиде ден соолугуңуздун начарлашынан улам дарыгерге кайрылууга аргасыз болосуз. Чыгармачыл букачарлар үчүн бейшемби ийгиликтүү күн болмокчу. Ишембиде жакын санаалашым деп эсептеп жүргөн таанышыңыздын сизге жасаган мамилеси көңүлүңүздү оорутат. Жекшембиде ар нерсени ойлоп кыжалат болосуз.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Апта башында сапарга чыгууңуз күтүлүүдө. Шейшембиде жалган маалымат угасыз. Андыктан өз көзүңүз менен көрмөйүнчө эч нерсеге ишенбеңиз. Кийин сөз болбоюн десеңиз, бейшемби, жума күндөрү жакындарыңызга кеңеш берүүдөн качыңыз. Жекшембини имиджиңизди, сырткы келбетиңизди оңдоого арнайсыз.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Бөйөндөр үчүн апта башында түзүлгөн келишимдер, сүйлөшүүлөр жакшы жыйынтык бермекчи, ойлонбой кабыл ала берсеңиз болот. Бейшембиде энергияңыз ашып-ташып, көптөн бери бүтүрө албай келген жумуштарыңыздын бир тобун бүтүрүп, кубанасыз. Жума күнү иттен абайлаңыз. Сиз үчүн үй-бүлөңүз менен маданий иш-чарага барууга ылайыктуу күн жекшемби болуп саналат.

АРСТАН (23.07-23.08)
Апта башында колдоого муктаж болгон адамга жардам берүү менен ыраазычылык угасыз. Шаршемби күнү ушак айта коём деп пикир келишпестикке кабыласыз. Аптанын экинчи жарымында каржылык тартыштыгына тушугуп, маанайыңыз түшөт. Карыз алууга аргасыз болосуз. Дем алыш күндөрү үйдөгү майда-барат жумуштар менен алпурушасыз.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Кайсы иш менен алектенбеңиз, апта бою таарынтып алган жакыныңыз санааңыздан чыкпайт. Нервди сактоо үчүн ар бир ойдун аягы жагымдуу жаңылык менен аяктаарын эстен чыгарбаңыз. Кыймылсыз мүлктү сатуу же сатып алуу ийгилик менен чечилет. Ишембиде спирт ичимдиктеринен алыс болгонуңуз оң. Жекшембиде жакын санаалаштарыңыз менен чер жазасыз.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Бул апта сизге каржылык планда болжогонуңуздай каражат табууга мүмкүнчүлүк берет. Бирок андан биринчи саламаттыгыңызды жакшылап чыңдап алууну эскертишет жылдыздар. Ошол эле маалда жумушка жоопкерчиликтүү мамиле кылуу керек. Жума күнү жүрөгүңүзгө жакын адамга жолугуп, сыр чечишесиз. Дем алышты үй-бүлөңүздүн курчоосунда өткөрөсүз.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Аптада көңүл чөгүүдөн улам алдын ала пландалган иштердин көбүн артка жылдырууга мажбур болосуз. Жумушта сизге карата жасалган бут тосууларды унчукпоо жана ишти так аткаруу менен жеңүү керек. Жуманын аягында жеке жашооңузда чукул бурулуш орун алып, ал араздашууга алып келиши мүмкүн. Андыктан алдын алыңыз.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Бойдок жаачылардын жеке жашоосунда өзгөрүүлөр болот. Бакытка балкып, жумуштагы милдеттерди эстен чыгарып албоого аракет кылыңыз. Анткени сизде бул аптада карьералык көтөрүлүү кубанычы да бар. Ишемби, жекшемби соода-сатыкка жана шерине уюштурууга ыңгайлуу күн.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Аптаны жагымдуу кылып өткөрүү бул жолу сизден гана көз каранды. Шейшемби күнү жашооңузду жакшы же жаман жакка өзгөртүүчү тандоонун алдында чайналасыз. Техника буюмдарын сатып алууну ишембиге болжоңуз, соодаңыз оюңуздагыдай болот. Үй-бүлөлүк сырлар ачыкка чыгып кетпесин десеңиз, жекшембиде чыр чыгаруудан алыс болуңуз.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Бул аптаны эс алууга жана ден соолукту чыңдоого жумшаганыңыз туура. Жакындарыңыз тараптан жагымдуу белек алышыңыз күтүлөт. Жеке жашооңузда олуттуу өзгөрүүлөр күтүлбөйт. Өз убагында кам көрбөсөңүз, дартыңыз өнөкөткө айланып кетиши ыктымал. Достор менен көңүлдүү эс алууга жума, ишемби күндөр ылайык дешет жылдыздар.

Балык (20.02-20.03)
Социалдык жана каржылык абалыңызды жакшыртууга ылайыктуу апта. Качандыр бир кезде башкаларга көрсөткөн жардамыңыз үчүн сыйга арзыйсыз. Абайлаңыз, көрө албастык кылып, бут тоскондор да чыгат. Бейшембиде капчыгыңызды жукартууга мажбур болосуз. Жекшембиде талыкпай аракет кылсаңыз, көздөгөн максатыңыз ишке ашат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 575, 08-ноябрь-14-ноябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан