«РОСИНБАНК» ЖУРНАЛИСТТЕРДИ КОЛДОДУ

«АКЫЛ ТИРЕК» АНЫКТАЛДЫ
7-ноябрь – Басма сөз күнүнө карата «Прогрессивдүү демилгелер фонду» тарабынан уюштурулган «Акыл тирек» cынагы боюнча мыкты журналисттерге сыйлык тапшыруу аземи болду. Салтанат 5-ноябрда өткөрүлүп, ага сыйлыкка татыган журналисттер, аларды аныктаган комиссиянын мүчөлөрү, «Росинбанк» АККсы жана аталган фонддун негиздөөчүсү Аскар Салымбеков катышты. Аземди коомдук ишмер Аскар Салымбеков ачты:
– Биз бул жыйынтыкты атайын Басма сөз күнүнө утурлай чыгардык. Алдыбызга «Акыл тирек» журналисттерди табалы деп максат коюп, редакторлорго, коомчулукка кайрылып, мыкты журналисттерди аныктап отурабыз. Өз кызматын так аткарган, олуттуу аналитикалык материалдарды даярдаган, жазган калемгерлерден кур эмеспиз. «Бул демилгеге материалдык жактан колдоо көрсөтүп коёсуздарбы» деп «Росинбанкка» да кайрылганбыз. Ошентип, бул банктын демөөрчүлүгү, Коомдук каналдын маалыматтык колдоосу менен мыктылардын эмгегин баалап отурабыз.

КАЛЕМГЕРЛЕРДИ «РОСИНБАНК» АККсы СЫЙЛАДЫ
Иш-чаранын башкы өнөктөшү «Россия инвестициялык банк» АККсынын төрагасы УЛАН САРБАНОВ журналисттерди кесиптик майрамы менен куттуктады:
– «Росинбанктын» атынан жана жеке өзүмдүн атымдан басма сөз кызматкерлерин майрамы менен куттуктап, калемгерлерге ден соолук, кажыбас кайрат каалайм. Кыргызстандын бизнес чөйрөсүндө ишмердүүлүгүн жаңы эле баштаган биздин компания үчүн кыргыз журналистикасынын элитасына колдоо көрсөтүү чоң сыймык экенин айта кетейин. Биз «Прогрессивдүү демилгелер фондунун» иш-аракеттерин жогору баалайбыз. Акча көп нерсени чечет, бирок баарын эмес. Биз материалдык гана эмес, моралдык жактан да журналисттерге колдоо көрсөтүп турганга ар дайым даярбыз.
Сынак бир нече багытта жүргүзүлдү. Анда: НБТ, 5-канал, КТРК, ЭлТР, Мир телеканалдары; «Азаттык», «Манас», «Кыргыз радиосу», «Алмаз» радиолору;  kloop.kg, knews.kg, kabar.kg, news-asia  интернет булактары; «Кыргыз Туусу», «Объектив», «Жаңы Агым», «Вечерний Бишкек», «Дело №...», «Де-Факто», «Бизнес Таймс», «Алиби», «Кут Билим», «Ас-Салам», «Жаңы Ордо», «Таза Жол», «Эркин Тоо» гезиттери; «Алтын көпүрө», «Деловой собеседник» журналдары жеңүүчү аталды. Журналистикада көп жылдан бери эмгектенип келген аналитик, публицисттер Эсенбай Нурушев, Түгөлбай Казаков, Садырбек Чериков, Кубан Мамбеталиев да сыйлыкка татыктуу болушту.
Уюштуруучулардын белгилей кетчү  жетишкендиги катары, бир жерде «калем жана сөз чеберлери» менен жаш адистердин кезигүүсү болуп эсептелинет. Жаш кезибизде окуп жүргөн «Байчечекей» журналынын редактору, урматтуу Токтосун Самудиновго да сыйлык тапшырылды.
«Росинбанктын» колдоосу артында жеңиш ээлерине диплом, «Акыл тирек» статуэткалары, айрым жеңүүчүлөргө ипотекага үй алуу үчүн жеңилдетилген шарттары камтылган сертификаттар тапшырылды.
«Росинбанк» – универсалдуу банк, жеке жана юридикалык жактарга, орто жана чоң бизнеске, аны менен бирге мамлекеттик органдарга кызматын көрсөтүп келет. «Росинбанк» ААКсы ар бир кардарга өзгөчө мамиле жасап, кызматташтыкка дайыма даяр.

Гүлмайрам Сабырбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 575, 08-ноябрь-14-ноябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан