ЭТ ТУУРАГЫЧКА КИРИП КЕТКЕН БАЛАНЫН КОЛУН САКТАП КАЛЫШТЫ

Кырсык айттырып келбейт эмеспи. «Эки жарым жаштагы бала эт туурагычка колун чайнатып алыптыр» деген кеп өткөн аптада калк арасында уу-дуу болду. «Сактыкка кордук жок» дейт. Ар бирибиз абайласак, ар кандай кырсыктардын алдын алышыбыз мүмкүн. Андыктан алдыда сөз боло турган окуя ар бир ата-энеге сабак болор деген ойдобуз.

«ЖАНЫМА КЕЛГЕНИН БАЙКАБАЙ КАЛДЫМ»
Кырсык болгонуна көп өтпөй дарыгерлер наристенин эт туурагычка кырчылган колун сактап калышканы маалым болду. Баланын абалы менен жакындан таанышып келүү үчүн Бишкек шаардык Тез жардам балдар клиникалык ооруканасына жөнөп калдык. Барсак, жабырлануучу Эмирханды чоң энеси ЖАЙНАРБҮБҮ МОМУНОВА карап жаткан экен. Ал окуя тууралуу буларды айтып берди:
– Эмирхан уулумдун экинчи наристеси. Ата-энеси биз менен Таш-Көмүр шаарында жашашчу. Мындан бир ай мурун эле жумуштарына байланыштуу борборго көчүп келишкен. Мен окуяны бир күн кеч уктум. Себеби уулум менен келиним «эмне болот, колун врачтар сактап калабы же жокпу? Эмнеси болсо да бир жыйынтык чыккан соң айталы» деп бизге айтышпаптыр. Эртеси гана кайнагам чалып кырсык болгонун айтты. Чоң атасы экөөбүз жүрөгүбүз оозубузга кептеле ошол замат жетип келдик. Келип, неберемдин өңү-түсү түзүк болуп калганын көрүп өзүмө келе түштүм. Ошондон бери бул жактамын.
Угушумча, келиним ошол күнү кышка даярданып салат жаап жаткан экен. Эмирхан жанында ойноп жүргөнүн көрүп жаңы эле эшикке чыгарыптыр. Анан иши бүткөн соң эшикте жамгыр жаап жатканынан балдарын алып кирет. Андан соң электр тогу менен иштеген эт туурагычтын ичин тазалап коёюн деп иштетип коюп, суу болгон кийимдерин которуп, эми эле өчүргөнү жатса, бул кайдан-жайдан эт туурагычтын жанына жетип бара калып «апа, өчтү» деп эт туурагычтын түтүгүнө сол колун салып жибериптир. Келиним ошол замат эт туурагычты өчүрүп калганга жетишиптир. Анан улуу баласы менен кичинекей баласын кошунасыныкына таштап коюп такси менен ооруканага келиним алып келиптир. Атасына телефон чалып койгон экен, ал бул жактан тосуп алыптыр.
«Жаныма келип калганын байкабай калыптырмын» деп ыйлап жатат апасы байкуш. Эне да, бул жакка келип эсин жоготкон экен. Эми өзүнө келди. Азыр Кудайга шүгүр, неберем жакшы болуп калды. Кээде эле «колум ооруп жатат» деп ыйлап калат. Неберемдин колун сактап калышкан дарыгерлерге ыраазычылык билдиргим келет. Эт туурагычты бир аз мурда эле айылдан өзүм салып жиберген элем...

«3 ЖЕ 4 МАНЖАСЫН КЕСЕБИЗ ДЕП ОЙЛОГОНБУЗ»
Ал эми жогорудагы окуя боюнча аталган оорукананын башкы дарыгеринин орун басары АЛЫМ МУРЗАЕВГЕ кайрылдык:
– Бул ооруканада 1983-жылдан бери хирург болуп иштейм. 30 жылдан ашуун иш тажрыйбамда мындай окуя болгон эмес. Жабырлануучу бизге 28-октябрь күнү саат 12:50дө келип түштү. Бала жаңы келгенде дарыгерлер мени чакыртышкан экен. Жүгүрүп барсам, баланы колундагы эт туурагычы менен кошо көтөрүп келишиптир. Көрүп алып нес болдум. Ошол замат балага оору сездирбөөчү дары сайдык. Баланын атасы бир аз өзүн кармап турду, апасы болсо эси ооп кулап калып жатты. Ага да дары сайдык.
Баланын сол колу чыканагына чейин эт туурагычтын түтүгүнө кирип кетиптир. Ал эми эт майдаланып чыга турган жагынан үч манжасынын учу чыгып калыптыр. Баарыбыздын шаштыбыз кетти. Айлабыз куруганда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы куткаруу кызматына чалдык. Балким, аларда эт туурагыч аппаратты талкалай турган шаймандар бар болсо керек деп ойлогонбуз. Алар келип, бирок андай шаймандары жок болуп чыкты. Темир кескичтери бар экен. Аны менен кессек, баланын колун кошо кесип кетчүдөй.
Чогулган дарыгерлер дароо балага операция жасоо чечимин кабыл алдык да, жандандыруу бөлүмүнө алып келип, профессор Талант Өмүрбеков баш болгон дарыгерлер операция жасап баштадык. Алгач эт туурагычтын түтүгүн өзүбүздүн гипс кесе турган шаймандарыбыз менен абайлап отуруп 1 жарым саатта кестик. Андан соң эт майдалагычтын бурамаларын бошоткондо эле баланын колу чыкты. Биз анын колу билектен ылдый аябай эле бырчаланып калган болуш керек деп божомолдодук эле, бактыга жараша андай болбой, манжалары эзилип калыптыр. Анан манжаларын тигип, кесчү жерлерин кесип, операция жасадык.
Учурда Эмирхандын абалы бир топко жакшырып калды. Бир эле манжасы иштебей жатат. Биринчи күндөрү баланын үч же төрт манжасы кесилет болуш керек деп ойлогонбуз. Кудай жалгап Эмирхандын абалы жакшырып, ойноп-күлүп жүрөт. Бир да манжасын кеспей, айыктырып чыгарабыз деген үмүтүбүз бар. Өткөндө бул жерде турсам атасы көтөрүп келе жаткан экен, мени көрүп «жолдон кач!» деп коёт (күлүп).
Ата-энелерге айтарым, балдарына сак болушса. Мурда бизге уксус ичип алган балдар көп түшчү. Азыр болсо бардык нерсе электр тогу менен иштеп калгандыктан, жанагы идиш жуугучтарга, эт туурагычтарга, желдеткичтерге жаш балдар колун салып алышы мүмкүн. Ошондуктан аларды иштетип жаткан убакта балдарды жанына жакын жолотпогула деп ата-энелерден суранат элем.
Эртеден бери чоң энесинин колунда отурган Эмирхан бизди карап «Силей укол сайбайсыңайбы?» деп сурап, дарыгерлер кирсе ыйлап, жаман көзү менен карап жатты. Чоң энеси «балам врачтардан коркуп калыптыр» деп күлдү. Акыры биз коштошуп жатканда чоң энесинин суранычы менен быйтыйган алакандарын жаза оң колун булгалап «быйачтайга ыйахмат» деп сүйлөп берди.Чын эле ак халатчандар болбогондо мончоктой бала колунан айрылып калар беле, ким билет?..

Асхат Субанбеков
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Эт туурагычка кирип кеткен баланын колу сакталып калды
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (19)
Clara_Zh
2013-11-11 12:21:57
Ий, окуп бүткүчө жаман болдум элестетип. Балдарды жакшылап карайлычы, ата-энелер.
0
Bazul
2013-11-11 15:57:40
Биринчиден Аллахка экинчиден Врачтарга рахмат
0
sparkle
2013-11-11 15:58:48
Кудай сактаптыр. Аябай жаман болдум окуп алып
0
Kozer
2013-11-11 17:55:54
Журогум зырлдап кетти Кудайга рахмат аман калыптыр
0
aminali
2013-11-11 19:02:50
Uwundai okuyany jakyna youtubeden korup alyp abdan jaman boldum ele,emi mintip oz olkomon korup takyr iwene albai turam,exxx bala baikuwum ai janyn ayabai kyinalgandyr .Aman esen ayigyp ket altyn bobok moturaigan!
0
allan
2013-11-12 00:22:38
Ий ай журогум ооруп кетти..
0
Beka_89_kg
2013-11-12 03:51:50
Суротту коруп бардык жерим сыздап кетти,байкуш бала учун чыдадыда жакшы болуп кетсин
0
ebba
2013-11-12 12:01:43
Exx okup butkucho jaman boldum.jurogum oorup.yiladym.balanyn kolun aman alyp kalgan doktorlorgo rahmat.
0
meky85
2013-11-12 20:45:19
Кудай сактаптыр кичинекей баланын омуру узун ден соолугу чын болсун.Баардык кичинекей балдарды Кудайым боодо кырсыктан сактасын аман эсен чонойушсун жожолор
0
jehan
2013-11-13 17:00:22
Rahmat ak halatchandarga
0
ss90
2013-11-16 11:08:29
эх,бобоктайдын колун коруп,журогум ооруп кетти....АЛЛАХ шыфаа берсин бобоко жана жалпы эле ооруп жаткандарыбызга...!амиинь!
0
kana21
2013-11-16 14:51:41
Аллага чексиз шугурлор аман калыптыр
0
Asus84
2013-11-19 13:12:49
коркуп кеттим ай абайлагыла бала деген бала да сак бололу
0
mila9
2013-11-20 21:47:45
мен да суротун коруп коркуп кеттим.жакшы колун сактап калыптыр...
0
asanov.chyngyz
2013-12-22 04:25:30
Кудай сактаптыр, ошондуктан этият бололу ата энелер жаш балдарыбызга. Келечекте эл башкарган журт башкара турган биздин муунду этиятап карайлы.
0
№ 575, 08-ноябрь-14-ноябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан