Өзү беларусь улутунан болсо да, Түгөлбай Казаковдун «Жамгыр төктү» деген ырын кыргызчалап «төккөн» ырчы Юлия Руцкая менен маектештик. Ал «кыргызга турмушка чыксам, ак жоолук салынып, кайындарыма жүгүнүүгө даярмын» дейт.
РУЦКАЯ ЮЛИЯ СЕРГЕЕВНА
Туулган күнү – 14-май
Төрөлгөн жери – Витебск шаары, Беларусь
Билими – БААУнун эл аралык мамилелер факультетин аяктаган
Хоббиси – Жаратылышты сүрөткө тартуу
Учурда – Жеке ырчы
Репертуарындагы ырлары – «Жамгыр төктү», «Кызыл гүл», «Аппак сүйүү» жана башка
– Саламатсызбы, Юлия! «Айымдар кечикпей жүрө алышпайт» деп айтышкандай, сизде ушундай сапат бар окшойт, ээ?
– Саламатчылык. Туура айтасың, канчалык убакытка так болоюн десем деле окшошпой жатат. Жадакалса кечикпейин деп саатты алдыга жылдырып да койчумун. Акыры кечигүү айымдардан арылгыс нерсе окшойт деп калдым. Анын үстүнө Бишкектеги машиналардын көптүгү Москвадан да өтүп баратат, качан карасаң тыгын.
– Келиңиз, кепти кандайча Кыргызстанга келгениңизден баштайлы. Ата-энеңиз чыгармачылыкка жакын адамдарбы?
– Мен Беларустун Витебск шаарында төрөлгөм. 5 жашка чыкканда атам жеңил өнөр жай министри болуп дайындалып, үй-бүлөбүз менен Бишкекке көчүп келгенбиз. Кийин ал Беларустун Кыргызстандагы элчиси болуп калды.
Апам өмүр бою музыкалык мектепте иштеп келет. Ошондуктан болсо керек, улуу композиторлордун чыгармаларын угуп чоңойгом. Сабакты мыкты окуган, тартиптүү кыз элем. Мектепте экзамен жакындаганда классташтарым мени менен достошконго шашылышчу. Апам отур деген жерден карыш жылбаган «примерная» болгондуктан, кошуналарым «сен акылдуусуң, алыска кетпей ойнойсуң» деп кичинекей балдарын мага каратып коюшчу.
– Өткөөл куракта адамдын мүнөзү өзгөрөт эмеспи. Сизге да таасири тийгенби?
– Мен жаштайымдан жигит жандоонун ордуна чет тилдерин үйрөнүп, мектепте өтчү сабактарды алдын ала окуп салчумун. Айрыкча англис тилине кызыгуум күч эле. Азыр жогорку билимим бар, англисче, орусча, испанча, түркчө, итальянча жана кыргызча сүйлөй алам. Кыргыз тилин көпкө чейин түшүнбөй жүргөм. Бирок айланамдагылар мен жөнүндө эмне кеп кылып жатышканын ушунчалык түшүнгүм келчү. Ошондуктан бат эле үйрөнүп алдым. Азыр кыргызча толук түшүнөм, бирок сүйлөбөйм. Себеби менин акцентим бар, анан аны угуп мени шылдыңдашканын каалабайм. Азыркыга чейин акцентимди жок кылуу үчүн кыргыз тилден сабак алып келем.
– Анда чет элге кароо-сынактарга барганда кыйналбайт экенсиз да?
– Чынында, фестивалдарга барганымда тил билбей кыйналган учурум болгон эмес. Бирок чет элге чыксам да көп сөз ээрчийт экен. Кээде адамдардан «Юлия, чет элге көп чыгасың, фестивалдарга барганда ким каржылайт сени?» деген одоно суроолорду угуп калам. Ошондо аябай жиним келет. Себеби мен чыгармачылыктын артынан жүрүп азыркыга чейин унаам жок, жөө жүрөм. Унаа, үй же кымбат кийимден көрө жакшы клип тартып алсам, фестивалга барып экинчи мекеним Кыргызстандын атын чыгарсам, мага ошол чоң сыймык. Ошондуктан топтогон каражатымдын баарын фестивалдарга коротуп жүрөм.
– Чыгармачылык демекчи, бир кездерде кыздардан да топ түзгөн экенсиз...
– Ооба, эсимде (күлүп), ал кыздар мени өздөрү издеп табышып, продюсер болуумду суранышкан. Жакшы ырдашат экен. Топтун ишин алдыга жүргүзөм деп өзүмдүн чыгармачылыгым такыр калып кеткен эле. Чачынын учуна чейин стилин өзгөртүп, клип тарттырып жакшы эле эмгектенип жатканбыз. Бирок айрым кыздарым жылдыз «оорусуна» кабылып, атактуулукту көтөрө алышкан жок. Ошондуктан бул нерсени жыйнаштырып койдум.
– «Супер-Инфо» гезити уюштуруп жаткан концертте «Жылдын супер ырчы айымы» наамына талапкер катары оюңузду билсек...
– Мен үчүн бул чоң жетишкендик. Себеби буга чейин башка мамлекеттерден толтура сыйлыктарга татысам да, Кыргызстандан андай мамлекеттик деңгээлдеги наам ала элекмин. Ошондуктан «Супер-Инфо» мени жеңүүчү деп таппаса да, талапкерлердин катарында болуу сыймыктанууну пайда кылууда. Демек, менин аракетим бекер болгон жок.
– Карьераңызды Түгөлбай Казаковдун «Жамгыр төктү» ырынан баштадыңыз эле...
– Мага Түгөлбай Казаковдун чыгармачылыгы аябай жагат. Убагында аталган ырды ырдайм деп аябай оолуккам. Анан ата-энемдин досу мени Түгөлбай байке менен тааныштырбаспы. Ошентип, өзүнүн уруксатын сурап ырдап чыккам. Кийин англис, орус тилдерине которуп ырдадым. Аны уккан Түгөлбай байке мени өзүнүн чыгармачылык кечесине чакырып, «ушул ырымды сен ырдашың керек» деп сүйүнттү. Бул мен үчүн чоң сыймык.
Жакында эле Нурак Абдрахманов агай мага байланышып, «Аппак сүйүү» аттуу ырын сунуштады. Аны да үч тилде ырдап жүрөм. Ага клип тарттым. Нурак агабыздын өзүн да кошо тарттык, себеби улуу адамды клибимде чагылдыргым келди.
– Кептин учугун жеке жашооңузга бурсак кантет?
– Жеке жашоодо баары ойдогудай. Азырынча турмушка чыгуу оюмда жок, бирок сүйгөнүм бар. Ал менин талаптарымдын баарына жооп берет. Акылдуу, билимдүү жана көптү билген адам. Кудай буюрса, турмушка чыкчу убак да келет.
-Эгерде кыргызга турмушка чыгып калсаңыз, кайындарга жүгүнүп, жоолук салынууга даярсызбы?
– Жолдошум мени түшүнүп, менин да салттарымды урматтаса, албетте, даярмын.
Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg