БИЙЛИККЕ КЕРЕГИ ЖОК СӨЗ ЭРКИНДИГИ ЭЛГЕ КЕРЕК

Кыргызстанда оппозицияда жүрүп бийлик менен күрөшүп жаткан тарап көпчүлүк учурда журналисттер менен бир болуп, «Сөз эркиндиги керек!» деп кыйкырып жүрүшөт да, бийликке жеткен соң ал эркиндикти чектөөгө далалат кыла башташат. Учурда Жогорку Кеңештин жыйын залдарында бийликтеги социал-демократтар ушундай аракетке киришишти. Ар кандай шылтоо-чектөөлөр менен журналисттерге басым көрсөтүү кандай кейиштүү жыйынтыктарга алып келерин бул партия өз жон териси менен жакшы эле сезген болчу.

ЖЫЛАНДЫН БАШЫ КАЙДАН КЫЛТЫЙДЫ?
КСДПнын «юристи» атыккан Галина Скрипкина журналисттердин кесиптик майрамынын алдында, 1-ноябрда аларга «сюрприз» тартуулады. Депутат Кылмыш-жаза кодексинин 329-беренесине өзгөртүү киргизүүнү демилгелеп чыгып, анда жалган маалымат тараткан журналистти эки жылга чейин эркинен ажыратуу жазасын киргизүүнү сунуштады. Скрипкинаны фракциялаштарынын басымдуу бөлүгү колдоого алып, «такталбаган маалыматты жазган, ушак тараткан, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтиргендерди жоопкерчиликке тартуу керек» дешти.
7-апрель окуясына чейин дал ушул социал-демократтар катарында болгон оппозиция жалпыга маалымдоо каражаттарына кысым көрсөткөндүгү үчүн Акаев менен Бакиевдин режимин өкүртө сындап келишкен. Бир эле Курманбек Бакиев эмес, ага чейин Аскар Акаевдин бийлигинин кулашына деле бийликтин чеки иштерин ачык жаза баштаган ЖМКлардын «кислородун» бууп койгондугу башкы себептердин бири болгону баарынын эсинде. Журналисттер иши үчүн жанын  да берип, куугунтуктун айынан чет өлкөлөргө качып чыгышкан күндөр өткөн. Эми ошол каталар кайталануу коркунучунда турат.
Жогорку Кеңеште беш фракция бар. Учурда оппозициялык жээкте турган «Республика» же «Ата Журт» ушундай демилгени көтөрүп чыкса жаңылык болор беле? Бирок мындай демилгени колунда ченемсиз бийлиги бар партиянын өкүлү демилгелеп чыгып, Кыргызстанда саясий элита «эшегим ылайдан өткөн соң...» деген принципте иштей турганын дагы бир ирет далилдеди. Антпесе, бул партия «Сөз эркиндигин коргоо керек!» деп жар салгандардын башында болчу.

МУУНТМАЙ ЭМНЕГЕ АЛЫП КЕЛЕТ?
Апрель окуясынан кийин жалган жалаа боюнча кылмыш жообуна тартуу беренеси Кылмыш-жаза кодексинен алынып салынган. Бүгүнкү күндө мындай иш жасаган жаран административдик жазага, тактап айтканда, эскертүү же айып пулга жыгылат. Галина Скрипкина алып чыккан мыйзам долбоору болсо укук коргоо органдарына жабыркоочу тараптын арызы жок туруп, сотко доону жеткирбей эле журналисттерге каршы кылмыш ишин козгоого шарт түзөт. Андыктан КСДПнын сөз эркиндигин тизгиндөө аракети бүтүндөй бийликтин аброюн айрандай төгүшү мүмкүн. Ансыз да медиа-эксперттер бул демилгеге байланыштуу «артка карай кадам ташталганы турат» деген пикирлерин айтышты.  

ЭЛ ӨЗҮ ИРГЕП АЛСЫН
Эркиндик – ириде жоопкерчилик. Ооба, жоопкерчиликти коомдогу ар бир жаран сезиши, билиши шарт. Бирок биздеги тажрыйба көрсөткөндөй, мыйзамдар колунда бийлиги жокторго карата иштейт. Дагы тагыраак айтсак, мыйзам колунда бийлиги барларга каршылашын кулатуучу курал катары иштейт. Мындай мыйзамды эртең бийликтегилер өздөрү жөнүндө чындыкты жазган ЖМКларга каршы колдонбойт деген кепилдик жок. Сөз эркиндигинин дегеле бийлиги барларга кереги болгон эмес. Ал элге керек. Эркиндик болсо ушак жазышабы, төбө чачты тик көтөргөн криминалды жазышабы, айтор, эмнелер жазылбасын, алардын катарында чындыкты жазгандар жашай беришет. Сөз эркиндигин чектөөдө биринчи сокку чындыкты жазгандарга тиет. Ал дайыма эле болуп келген көрүнүш. Анткени Кыргызстанда азырынча соттордун адилеттүүлүгүнө үмүт артуу кыйынга турат. Англиялык жазуучу Жорж Оруэлл: «Журналистика  – башкалар басып чыгарууну каалабаганды жарыялоо. Калганынын баары – пиар»,- деген. Андыктан кимге ишенүү, кимге ишенбөөнү элдин эркине калтыруу зарыл.
Журналисттик чөйрөнүн кескин сындарынан кийин президенттин кеңешчиси Фарид Ниязов: «Мамлекет башчы сөз эркиндигин чектөөгө багытталган мыйзамга кол койбойт»,- деп билдирди.
Көп өтпөй, депутат Галина Скрипкина да мындай мыйзам долбоорун өткөрүүгө аракетин токтотконун билдирди. Түштөн кийин болсо да ойлонуп көрдү окшойт. Балким, бул чыныгы аракеттердин алдындагы журналисттик чөйрөнүн реакциясын текшерүү үчүн жасалган пилоттук долбоор чыгар?

Эльвира Караева,
Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Beka90
2013-11-11 12:01:20
Эн тура соз эркиндиги Кыргызстан элине керек! Андай болбосо ар бир атка минер минисрлердин же депутатардын кылган жооруктар комускоодо калып кетпейби! Озбекстанда соз эркиндиги жок! Ошон учун озгого тенелбей оз тилинде соз эркиндиги менен жургон жакшы!
0
№ 575, 08-ноябрь-14-ноябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан