Акыркы он бир айда өлкөдө аскердик кызмат өтөө учурунда 21 ЖООКЕР каза болгондугун укук коргоочу Азиза Абдырасулова маалымдады.
ЭлТРдин жетекчиси Шайырбек Абдрахманов кызматтан кетип, анын ордуна СУЛТАН ЖУМАГУЛОВ телеканалдын директору болуп дайындалды. Ал буга чейин «Азаттык» радиосунун Бишкектеги бюросун жетектесе, Бакиев бийлиги тушунда Оксана Малеваная жетектеген катчылыкта иштеген.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ООГАНСТАНДА ЖАШАГАН этникалык кыргыздарга 3-октябрь күнү 5 жүк ташуучу унаа менен азык-түлүк, күнүмдүк тиричиликке керектөөчү буюмдарды жеткирди.
2014-жылы республикалык бюджеттин кирешеси 93 миллиард сомго жакын, чыгашасы 110 миллиард сом, ал эми казынадагы тартыштык 18 миллиардга чукул сомду түзөрүн Каржы министрлигинен билдиришти.
Кыргызстанда 463 МИҢ САЛЫК ТӨЛӨӨЧҮЛӨР катталган, бирок алардын 289 миңи гана салык төлөшөт.
Британиялык «New Economic Foundation» изилдөө борборунун аналитиктеринин жыйынтыгы боюнча, эң бактылуу өлкөлөр арасында КЫРГЫЗСТАН 38-орунду ээлеп, Борбор Азия өлкөлөрүнөн алдыда болду.
Экс-депутат КАМЧЫБЕК ТАШИЕВДИН тарапташтары Медер Үсөнов менен Жеңиш Токторбаевди 6 жылга, Шайырбек Ташиев, Абсатар Сыргабаевдерди 4 жылга Жалал-Абад шаардык соту 6-ноябрда шарттуу түрдө эркинен ажыратты. Эске салсак, алар 31-майда мурунку «ата журтчу» депутаттарды бошотуу талабы менен облустук администрацияны басып алып, бир нече күндөн кийин бошотушкан эле.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
tolik
2013-11-11 16:45:45
Мен бул макалада Озгочо кырдалдар министиринин Памирдеги боорлорубузга коргозгон жардамдарына канааттандым.
0
unikalnyi.paren
2013-11-16 01:10:46
Ташиевге дагы да чабуул жасалып жатат..
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.