УКМКнын кызматкерлери жүргүзгөн иликтөөлөрдүн натыйжасында Караколдогу митингдин эки катышуучусу: Бекзат Усупкожоев жана Каныбек Байгожоевдин баш аламандыкты уюштурбагандыгы аныкталып, тергөө абагынан чыгарылды. УКМКнын иликтөө кызматы тарабынан алардын Караколдогу нааразылык акциясын уюштургандыгы аныкталган жок. УКМКдан берилген арыздын негизинде 2013-жылдын 1-ноябрында Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту аталган жарандарды башка жакка кетпөө талабы менен камактан бошотту.