Дастан Бекешев:«ЧИНОВНИКТЕРДИН ТУУГАНДАРЫНЫН ИШКАНАЛАРЫ МАМЛЕКЕТТИК ТЕНДЕРГЕ КАТЫШПАСЫН»

ЖКда депутаттар аткаминерлердин жакын туугандары түзгөн ишканалардын мамлекеттик тендерлерге катышуусуна тыюу салган мыйзам долбоорун карап жатышат. Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири Дастан Бекешев: «Жогорку кызматта иштегендерге таандык же алардын жакындарына караштуу компаниялар мамлекеттик тендерлерге катышып, утуп чыгып жаткан фактылар бар. Кайсы партиядан экенине карабай биз бул көрүнүштү коррупция катары кабыл алышыбыз керек»,- деди.
Депутат Ахматбек Келдибеков бул мыйзамды колдош керектигин айтып, «чоңдордун компаниялары мамлекеттик тендерге катышпасын, бирок жакындары бизнес менен алектене беришсин» деген сунушту киргизди. Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды. Эгер Жогорку Кеңештин дагы эки окуусунда колдоо таап, мыйзам күчүнө кирсе, иш жүзүндө жашап кетсе, Дастан Бекешев Кыргызстандагы коррупциянын ири тармагын ооздуктагандардын бири катары тарыхта калары бышык.

Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 575, 08-ноябрь-14-ноябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан