«Коомчулукта коррупция менен күрөш жакшы жүрбөй жаткандыгы боюнча нааразычылык болууда»,- деп сөзүн баштаган президент Алмазбек Атамбаев Коргоо кеңешинин жыйынын ачты. Өлкө башчысы бир жыл аралыгында коррупцияга каршы күрөштүн натыйжалары жаман болгон жок деп эсептейт. Мамлекет башчы Коррупцияны жоюуда анын тамыры менен эмес, анын кесепеттери менен күрөшүү негизги кемчилик болуп жатканын айтат. Акаев учурунда калыптанган мамлекеттик кызматтарды жең ичинен сатуу схемасынын зыяны азыркыга чейин тийип жатканын айткан мамлекет башчысы бул көрүнүштү токтотуу керектигин кошумчалады. Мамлекеттик кызматка баюу максатында келгендерге азыр эле кетип калууну сунуштаган Алмазбек Атамбаев «мамлекет эсебинен байыгандар камалат» деди.
Коррупция менен күрөшүү иши аягына чейин чыкпай жаткандыгын айткан башкы прокурор Аида Салянова: «Кыргызстанда коррупциялык кылмыштар боюнча айыпталгандардын эки пайызына гана сотто эркинен ажыратуу өкүмдөрү чыгат. 2013-жылдын 9 айында коррупциялык кылмыштар боюнча соттор тарабынан 411 кылмыш иши каралган. Анын жыйынтыгында, болгону 18 иш боюнча 29 адамга эркинен ажыратуу түрүндөгү жаза берилди. Бул жалпы каралган иштердин 2,3 пайызын гана түзөт»,- деп сот системинде келе жаткан «илдетти» айтып өттү.
Антикоррупциялык кызматтан тышкары Кыргызстанда коррупция же экономикалык кылмыштар менен күрөшкөн бир канча мамлекеттик орган бар. Мисалы, Башкы прокуратура, Эсептөө палатасы, Экономикалык кылмыштар менен күрөш кызматы, Ички иштер министрлигинин алдындагы коррупцияга каршы күрөшүү кызматы. Кыргызстанды каптаган бул маселе менен күрөшүүчү органдардын көптүгүнө карабай коррупциянын тамыры кыркыла баштаганын эл жакшы байкап, көрө албай турат. Жогоруда саналган кызматтардын үстүнөн эми Коргоо кеңешинин жыйынында мамлекеттик органдардагы коррупцияга каршы күрөштү координациялоо боюнча жумушчу топ түзүлдү. Ал топ ай сайын улам бир министрликтин ишиндеги коррупциялык аракеттерди таап, бөгөт коюу чараларын иштеп чыгат.
Гүлмайрам Сабырбекова