Сапар Эркебаев:«30дан АШТЫМ, ЭМИ СЕРЬЁЗНО ЖАШАЙМ»

Муңдуу ырлардын атасын тааныткан ырчы Сапар Эркебаев 6-ноябрь күнү Айгерим аттуу бийкечке баш кошту. Жазда тапкан сүйүүсү менен болгон жакшылыгын ырчы мырза дос-туугандары менен бөлүшүп, Ош шаарындагы ресторандардын биринде чоң той өткөрдү. Жаш үй-бүлөгө Айгеримдин атасы Бишкек шаарынан бир бөлмөлүү батир белек кылганын белгилей кетели.

– Сапар мырза, «үй-бүлө – чоң жоопкерчилик» деп коёт эмеспи. Тойдон кийинки сезимдер кандай болуп жатат?
– Мен 30дан ашып калдым, «серьёзный» жашоого, жоопкерчиликтүү турмушка кадам таштап жатам. Буюрса, бардык жакшы күндөр алдыда.

– Келинчегиңиз менен кайдан таанышып калгансыз, кыскача маалымат бере кетсеңиз?
– Келинчегимдин аты – Айгерим, 21 жашта. Экөөбүздүн ортобузда 10 жаш айырма бар. Учурда ал Президенттик академияда 5-курста окуйт. 8 ай мурда Жалал-Абаддан таанышып калганбыз. Бири-бирибизге жылдызыбыз келишип, минтип турмуш куруп отурабыз.

– Тойдун даярдыгына өзүм чуркап жүрөм деген элеңиз, көңүлүңүздөгүдөй өттүбү?
– Баары көңүлдөгүдөй, тоюбузга менин жакын адамдарым, чыгармачылыктагы досторум катышты. Ырчылар келип ырдап эле кетип калбай, бийлеп, кубанычыбызды тең бөлүшүп жүрүштү.

– Айгерим, турмуш куруу сунушун кандай кабыл алдың?
– Кубандым аябай. Сүйүктүүсүнөн мындай сунушту уккан ар бир кыз сүйүнөт болуш керек.

– Сапар байкенин күйөрманы белең?
– Жок, мен мурда аны тааныбайт болчумун. Таанышканыбыздан кийин ырчы экенин билбедимби.

– Жолдошуңдун гастролдоп эки жакка кетишине каршылык кылбайсыңбы?
– Жок, каршы эмесмин, чыгармачылыгын сыйлайм, колдойм. Бирок өзү мындан ары ырдабайм деп жатат.

– Ортоңордогу жаш өзгөчөлүк турмуш курууга тоскоолдук кылган жокпу?
– Жок, андай болбоду. Биз бири-бирибизди бат эле түшүнүп, тил табышып кеттик.

– Маегиңерге рахмат. Бактылуу болгула!


Эки жаш сүйүүсүн нике шакеги менен бекемдешти.

Келинге ак жоолук салынып, бата берилүүдө.

«Буюрса, келинчегим экөөбүздүн бардык жакшылыктарыбыз алдыда».


Тойлордо көбүнчө эки жаш ак бий менен махабат майрамын жыйынтыктаса, бул ирет Сапар менен Айгерим заманбап бийлерди да катырышты.

Ырчы мырзанын жакшылыгын бөлүшкөнү кесиптештери: тамада Эрнест Бөрүбаев, куудул Санжар Бердибеков, ырчылар Өктөм Сапар уулу, Алишер Тоотаев, Замир Мырза, Данияр Эрматов, Жумагүл Раимжан кызы, Сайкал Садыбакасова, Мажит келип, тойдун көркүн ачышты. Ал эми Каныкейди гонорар төлөп чакырышыптыр. 

Сайкал Садыбакасова бийлеп Данияр Эрматовдун шайын кетирүүдө.

Күйөө жолдоштун милдетин ырчы Замир Мырза аткарды.

Уулбү Каныбекова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (86)
Almaz1988
2013-11-14 01:28:22
Сапар байке Алтынбек Абдуллаевти чакырдынызбы кок жардан
0
admin_media
2013-11-14 10:40:00
Almaz1988,
Жалаң баш тамга менен жазууга тыюу салынат!
0
orxidea10
2013-11-14 18:51:20
бактылуу болгула.Сапар ырчылыкты таштаба
0
yylkan
2013-11-14 22:24:56
Бактылуу болунуздар.
0
burusli91
2013-11-14 23:41:06
Каникей уялсан болмок тойунда да акча сурадынбы? Сапар бактуулу бол келинчегин менен кармашкан колунара узулбосун!
+1
miniusha
2013-11-15 10:59:44
Каникей озун сыйлаган ырчы да, хехе ошондо мурдагы турмушу не серьезный убакка туш келип калыптырда ээ укмуш эми!
+1
Merin
2013-11-15 11:13:37
платье выбрала неправильно, сама упитанная девушка и выбрала такое платье которое ее еще больше полнит!!!
+2
nazi25
2013-11-18 08:39:11
Merin, я с тобой согласно
0
Mirbek.83
2013-11-16 22:41:09
Ырлары жакпайт кантсе да кармашкан колунар узулбосун бактылуу болгула баса уй кулук болсун.
-1
aygesha
2013-11-17 03:11:33
Mirbek.83,кыйраткандай жаман жазыпсынго!!!
0
aygesha
2013-11-17 03:07:06
кыска койнок кийгенбииииии?????
0
Fernando
2013-11-17 17:19:37
Ooo Kudai Eeeeee taaanybasa taanybaitta emi ne ancha Men dele Janeta Babkovany birinchi korup taanygan emesmin
0
Fernando
2013-11-17 17:20:53
Sapar emes
0
Fernando
2013-11-17 17:27:01
Sapar sapar men Omardy korsom dele ii dep koiom
0
missKadamjai91
2013-11-20 17:43:34
кандай эле тааныбайт? тан калыштууууу ишенбейм. Сапар десе атага кат деген ыр эске тушот го неужели ошол ырды хотябы билбейт? аны любой дурак тааныйт го!!! бирок бактылуу болгула! ким эле ырчыгы турмушка чыкса сразу баштайт ырчы экенин кийин билдим деп. окшошбой калыптыр ушул жери
0
beam
2014-01-10 22:13:26
Эми серьезно жашайм дегени эмне, кулкуну келтирип, 30дагы адам дагы ошентип айтабы, негизи билисиз эле неме экенсин. Кандай болсо дагы кызын турат го, уятын барбы, кантип бетин барды ушунтип айтканга? Эки кыздын убалына калдын, андан коро ошолорго бакыт тиле ...!!!
0
admin_superstan
2014-01-13 12:23:22
beam - эскертүү!
Кимдир-бирөөнү кемсинтүүгө жол берилбейт!
0
beam
2014-01-10 22:14:15
билимсиз
0
№ 575, 08-ноябрь-14-ноябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан