КЫЛЫЧБЕК СУЛТАНОВ КЕЗЕКТЕГИ КЫЗМАТКЕРИНЕ ТЕМИР ТУЛПАР БЕЛЕК КЫЛДЫ

Гезитибиздин негиздөөчүсү Кылычбек Султанов жыл сайын үлгүлүү кызматкерлеринин бирине унаа белек кылат. Бул жылы таланттуу журналист, мээримдүү эне, 7 жылдан бери «Суперде» эмгектенген кесиптешибиз Нуржамал Жийдебаевага 7-ноябрь – журналисттердин кесиптик майрамына карата Ниссан Премьера үлгүсүндөгү темир тулпар тартуу кылды. Бул кесиптешибиз сандан-санга ээрчиткен курч окуялуу чыгармалары, жүрөк толкуткан аңгемелери аркылуу биздин окурмандарга таанымал. Кесиптешибиздин күмүш түстөгү темир аргымагы кут болсун, өзү дайыма аман болуп, ийгиликтердин үстүндө жүрсүн! Анан да Кыргызстанда Кылычбек Камчыевич сыяктуу иш билги, күйүмдүү жетекчилер көп болсун дейбиз!

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
Leti
2013-11-11 09:07:06
Нуржамал эже машинаныз ак жолтой болсун!Ар дайын сиздин жакшы кундорунуздо кызмат кылсын а Кылычбек байкеге окшогон азаматтар дагы да кобойо берсин.
0
Beka_89_kg
2013-11-11 09:34:45
Эжеке машинаныз кут болсунх
0
Sairagul77
2013-11-11 09:36:51
Темир тулпар кут болсун!Сизден дагы коп кызыктуу чыгармаларды кутобуз.
0
aske2012
2013-11-11 10:17:36
Нуржамал эже иштерге ийгилик дагынам орчундоп осо берин. кут болсун бул белек аягы болбосун. анан качан жуйс тулпарды.
+1
bai.kymbat
2013-11-11 11:02:20
Нуржамал жаш эле айым турбайбы, мен аны эже деп журсо) Цыган кыз2 жазбай кайда журот десе машинасын майлап жургон экенда))) Ак жолтой тулпар болсун!
0
pumba.timon
2013-11-12 19:45:35
Нуржамал!тулпарыныз дайым жакшылыкка чуркап турсун!Сизге ден соолук,уй булолук бакыт,иштеринизге жана чыгармачылыгынызга албан албан ийгилик каалайм!
0
rusana
2013-11-15 09:38:23
Мынча жакшы! Темир тулпар кут болсун! Мен да Супер-Инфого жумушка алгылачы. ))))
0
Asus84
2013-11-20 10:43:27
Кылычбек байке азаматсыз, менин шефиме качан акыл кирет я ушул агайдан таалим алышса кана, жон да учураша албайт
0
№ 575, 08-ноябрь-14-ноябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан