Бийчи Атай Өмүрзаков өзү түзгөн «Тумар КР» бий тобу менен бирге Орусиядагы ОРТ телеканалынын «Даңк мүнөтү. Олимпиада сезону» долбооруна катышып, жарым финалына жолдомо алган эле. 1-ноябрда бийчи социалдык тармактагы жеке баракчасына «Биз «Даңк мүнөтү» долбооруна катышуудан баш тарттык, себеби сынак калыс болгон жок деп эсептейбиз» деген билдирүү жазды. Атайга байланышканыбызда, «Долбоордун уюштуруучулары менен сүйлөшүүлөрдүн негизинде жеңүүчү алдын ала эле аныкталып калганын билдик. Кантип, кандай жагдайда билип калганыбыз сыр бойдон эле калсын. Бирок максатыбыз катышуу эмес, «Сочи-2014» олимпиада оюндарынын ачылышына жолдомо алуу болчу. Биз жакшы жыйынтык көрсөтөлү деп барганбыз, сынактын жыйынтыгы алдын ала чыгып калганын билгенден кийин каалообуз сууп, катышуудан баш тарттык. Биз үчүн «Даңк мүнөтү» чек эмес, эки жумадан кийин «Тумар КР» тобу Чехиядагы «Чехия менен Словакия таланттарды издейт» аттуу сынакка катышат. Учурда ошого даярданып жатабыз» дейт бийчи. Албетте, Атайдын акылмандыгына баа берсек болот. Айрымдардан айырмаланып, окуяга өз убагында реакция кылды. Кошумчалай кетсек, Атай орустарга таарынгандардын алгачкысы эмес. Буга чейин «Азия Микс» командасынын жетекчиси Эльдияр Кененсаров да орус КВН лигасына таарынычын айткан жайы бар.