«ЧАГЫЛГАНДЫН» АВТОРУ КАКЕН АЛМАЗБЕКОВ ЖӨНҮНДӨ БАЯН

Бар бекен эсте баягы,
Бак чети, айыл аягы?
Күн чыга ишке бараттык,
Күч алып жаштык баяны.

Жылдызы жанса маңдайда,
Жыргабай турган жан кайда.
Демейде бир топ узак жол,
Деги эле кыска андайда.

«Албырып шаттык жүзүңдө» аттуу бул ырдын саптарын кайсы кыргыз гана билбейт. Ар бир сабында күчтүү сезим, жаштыктын илеби жатат. Мындай куюлушкан саптар калем кармаган ар бир эле акындын колунан келе бербеси анык. Кудай берген таланттын ээси Какен Алмазбеков туурасындагы эскерүү назарыңыздарда.

КӨП ЫРЧЫНЫН АТАГЫН АРТТЫРГАН
Акын Какен Алмазбеков 1934-жылы Чүй өрөөнүндөгү Шалта айылында төрөлгөн. Ошол эле айылдагы жети жылдык мектепти бүткөндөн кийин ордо калаадагы №5-кыргыз орто мектепте билим алган. Таланты өөрчүп турган 57 жаш курагында, 1991-жылы дүйнөдөн кайткан акындын артында бир уул, бир кыз калган.
Термелери, дастандары, ырлары «Жыргал», «Мелдеш», «Ырлар», «Кимде айып?» аттуу жыйнак болуп чыккан. Орозбек Кутманалиев, Замирбек Үсөнбаев, Малик Аликеев, Дүйшөнбек Үкүев, Зейнеп Шакеева сыяктуу атактуулар акындын сөзүнө жазылган ырларды аткарып, алар көпчүлүктүн жүрөгүнөн түнөк тапкан. Агайдын ырлары менен атак-даңкка сапар алгандар да болгон десек жаңылышпайбыз.

Кечирип койсоң
Жыл өттү көрбөй калганга,
Жык толду жүрөк арманга.
Өкүнүч мени мыжыгат,
Өзүңдү эстей калганда.

Жоодурай калсаң көз ирмеп,
Жок эле сенин өзүңдөй.
Көңүлгө улам чок салган,
Көз кайда сенин көзүңдөй.

Эркелей калсаң асылып,
Эт жүрөк чери жазылып.
Аралай кирип кетчү элек,
Алмалуу бакка жашынып.

Бул кезде анын бири жок,
Буркурайт жүрөк тили жок.
Бир сөзгө анча таарынып,
Каякка кеттиң жиги жок?

Сен үчүн далай ырдадым,
Дагы эле келет ырдагым.
Кетирген күнөөм мойнумда,
Кечирип койсоң, жыргалым.

«САГЫНАМ» КАКЕН АЛМАЗБЕКОВДУКУ
Гезитибизге «Сагынам» аттуу ырдын тарыхы тууралуу баян жазганбыз. Белгилүү акын Майрамкан Абылкасымова «бул ырдын автору Жапар Чабалдаев» деп маек куруп берген эле. Бирок ал ыр Какен Алмазбековго таандык экенин карындашы Сания эже келип айтып отурду. «Сагынамдын» сөзү Какен агама таандык экенин Майрамкан жакшы билчү, тескери сүйлөгөнүн кантип түшүнөрүмдү билбей турам» деди. Ал эми Майрамкан эже «Жапар Чабалдаев ырда мындай ой камтылса деген сунушу менен Какен Алмазбековго текст жазып берүүсүн өтүнгөн экен. Ал киши текст жазып бергени менен, көп жылдар аты аталбай, аткаруучу Жапар Чабалдаевдин ысымы айтылып калган. Ырды Жапар мага арнап ырдап жатса, менин эсимде сөзү дагы Чабалдаевге таандык бойдон калыптыр» деди.
Какен агайдын эл ичинде ооздон-оозго алынып ырдалып жаткан ыры бир гана «Сагынам» эмес. «Чагылганды» ким гана билбейт, Зейнеп Шакееванын аткаруусунда эл тааныбады беле? «Элес» тобунун аткаруусундагы «Кайдасың?» деген ырды ар бир ыр ышкыбозу созуп калган десек жарашат. «Угузчу бир сөз» аттуу чыгарма орто муун үчүн азыр деле хит. «Жыпары белең баланын?» деген ырын айтпай кетсек болбос.

КРнын Эмгек сиңирген артисти Дүйшөнбек Үкүев:«КАКЕН АГА КЫЙЫН ШАХМАТЧЫ ДА БОЛГОН»
– Какен агам менен чогуу иштешмек түгүл, чогуу шахмат да ойночубуз. Ал кишинин шахматты жакшы ойноорун мындан билсең болот. Ыр жазарын угуп жүргөм, бирок шахмат ойногону акындык өнөрүнөн да даңазаланып бизге жеткен. Мен да шахматты жакшы ойночумун, атайын издеп барып таанышкам.
Отуруп алып кээде бир күн кечке шахмат ойночубуз. Сүйлөшкөн сөзүбүз жалаң ыр жөнүндө болор эле. Анын үч ырына обон чыгаргам. Ал байкем жаңы чыгарма жазарда 100 граммдан сеп этип койчу, анан эле шумдук ырларды жазып калчу. Ал кезде «Сейил» деген ресторан бар эле, Байдылда Сарногоев баштаган акын-жазуучулар ошол жерден чыгышчу эмес. Ресторанга кирип бирден кружка сыра алганда эле эл чогулуп калчу. Какен агам куйкум сөздү укмуш сүйлөчү, отургандардын боорун эзип.

Зейнеп Шакеева: «ЧАГЫЛГАН» ОШОЛ КЕЗДЕГИ СҮЙҮШКӨНДӨРДҮН ГИМНИНЕ АЙЛАНГАН»
– Сөзү канчанчы жылы жазылганын билбейм. Менин колума 1967-жылы тийди. Аксуубай Атабаев «менде «Чагылган» аттуу ыр бар, угуп көрчү, жакса ырдап чыгарсың» деди. Жактырдым. «18 жаш», «Чагылган», «Таалайбек» деген үч ырды бир күндө жаздырып салдык. Ошентип, менин Зейнеп Шакеева атым бир эмес, дароо үч ыр менен чыккан. Үчөө тең бат эле элге алынып, ооздон-оозго өтүп ырдалып кетти. «18 жашты» жаштыгын сагынган, артта калган күндөрүнө кусаланган адамдар ырдаса, «Чагылган» сүйүшкөн жаштардын гимнине айланган.

Чагылган
Көрүшкөндө көздөр тике карабай,
Эрке мүнөз, уяң өскөн баладай.
Жүрөк сырын жүзүбүздөн байкашып,
Баратабыз гүлдүү бакты аралай.

Биз ал күнү таанышканбыз жаңыдан,
Жарым карыш чыккым келбейт
жаныңдан.
Аппагыңды көрүп алчы дегенсип,
Аңгыча эле жарк дей түштү чагылган.

Жарк дегенде неге сени карадым?
Жүрөк булкуп, жайнап турду жамалың.
Дагы-дагы жарк дей түшсө экен деп,
Ошондо мен чагылганды самадым.

Басылат го, туралы деп кичине,
Баш катабыз бир күрмөнүн ичине.
Ошол түндү дал ошентип өткөрдүк,
Неге мынча сүйүү кызык кишиге?

Адил Чекилов:«АЛА-ТОО ТАҢШЫЙТТЫ» БАРАКТАП ОТУРУП ЖАКТЫРЫП КАЛГАНБЫЗ»
– Кыргыздын эстен кеткис ырлары камтылган «Ала-Тоо таңшыйт» деген жакшы ыр топтому бар эмеспи. Ошону барактап отуруп «Кайдасың?» деген ырды «Элес» тобунун жигиттери жактырып калган элек. Анан Актан Исабаев экөөбүз «ырды биздин топ ырдап чыксын» деп калдык. Ал кезде «Оп майда» менен элге белгилүү болуп калганбыз. Анан эле Актан экөөбүз тең топтон кетип калдык. Нурлан Мамбетов келип «Кайдасыңды» ырдап чыкты.

Кайдасың?
Биз жүргөн айлуу түн кайда?
Биз үзгөн жыпар гүл кайда?
Көзүңдөн секет болоюн,

Көрүнүп койчу бир кайра.
Жалбырак, жайдын кечи эле,
Жанаша баскан кез эле.
Тамаша кыял сөз айтсам,
Таарына түштүң тез эле.

Кыялым чертип түркүн күү,
Сен карап койсоң сүйкүмдүү.
Тымызын ичим тызылдайт,
Сагындым сенин күлкүңдү.

Малик Аликеев:«БИР ЫРЫ МЕНИН КОЛУМА ТИЙБЕЙ КАЛДЫ»
– Какен агайдын «13 жашар баланын арманы» деген ыры мен кичине кезде радиолордон көп берилчү. Радио менен кошо жарышып ырдап чоңойгом. Борборго келгени ал ырды жаздырып ырдап чыккам. Бир жолу жумуштар менен Алмазбековдун үйүнө бардым. Жалгыз турат экен, үйү толтура кагаз. Мага «сага ылайыктуу бир ыр жазып жатам, бүткөндө бир кайрыл» деген. Анан эле көзү өтүп кетти. Ошентип, ал ыры менин колума тийбей калды.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
kadam
2013-11-11 10:19:53
Өмүрүнүн акырында чыгармачылык кечесин өткөрүп, ошондо элге таанылган. "Тан атпай баары ошондо,тан атпай барам бозого"-деп ал кезде Ош базардын сайында бозокана бар эле,ошол ж-дө кечеде ыр айтып , көрүүчүлөрдүн черин жазган эле.Ал кече акындын биринчи жана акыркы кечеси болуп калды.
+1
ai.asylbekovna
2013-11-11 21:59:23
Чагылганды мен да, байкем да жакшы коруп угабыз.
0
arimaz89
2013-11-12 01:21:52
Кайталангыс талант!
0
moke
2013-11-12 08:46:47
Саламатсыздарбы супер инфо? Алмаш чойбекова жонундо кенениреек маалымат берип койгулачы сураныч? Жашоо турмушу начарлап, каарылар уйундо деп уктум эле
0
kurguz...
2013-11-12 19:26:21
Бизде тируундо сыйлабайт и барктабайт.олсо ее зор акын еле деп кала беребиз.
0
Maxabat81
2013-11-13 13:25:57
Талантына таазим этебиз!ырлары соонун
0
tyncha1991
2013-11-14 09:50:47
кубулжуп жазган ыра куйкуму келет уугуга баратам менда ыр жызып сабына сына жараша.ех бир келдин бир кеттин.омурлуу болду ырлар.бул саптарды окуп алып менда ыр жазып адым ен жакшы
0
jek87_87
2013-11-16 16:14:14
Кайталангыз талант гана туболуктуу ырларды жаратса керек. Не деген гана ырлар; 'ЧАГЫЛГАН', '18 ЖАШ'!!!
0
Miraida2012
2013-11-17 01:46:00
азыр да хит бул ырлар баары билишет. Очпос талант
0
barmen
2014-04-19 23:17:52
Супер Инфо - кыз жигит айтышын жуктоп койгулачы сураныч ...
0
admin_media
2014-04-21 12:35:33
barmen,
Саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, аракет кылабыз.
0
№ 575, 08-ноябрь-14-ноябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан