Кыргызстандыктардын эл аралык бирикмеси «Kyrgyz Club» 19-октябрда өзүнчө бир уникалдуу иш-чара – биринчи иммиграциялык семинар өткөрдү.
Семинар чет өлкөдөгү кыргызстандыктарга маалыматтык жардам көрсөтүүнүн алкагында уюштурулган. Жолугушуунун жүрүшүндө Нью-Йорктогу юридикалык компаниялардын биринин башчысы Марина Шепелски АКШда легалдашуунун жолдору жөнүндө айтып, иммиграция темасы боюнча кыргызстандыктардын көптөгөн суроолоруна жооп берди. Семинарга 100дөн ашык адам катышты, бирок иш жүзүндө бүткүл дүйнөлүк тармакта түз алып көрсөтүүнүн аркасында иш-чаранын аудиториясы кыйла кеңири болду.
Дүйнөнүн кайсы гана бурчунда болбосун, кыргызстандыктар консультацияны көрүп гана тим болбостон, өздөрүн кызыктырган суроолорго да жооп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Жолугушууну түз эфирде көрсөтүүнүн өзү татаал жана кымбат турган процесс болуп саналат. Бирок кыргыздын улуттук суусундуктарын чыгаруучу кыргызстандык «Артезиан» компаниясынын колдоосунун натыйжасында муну жүзөгө ашырууга мүмкүн болду.
Ошондой эле бул семинарда баары өздөрүн тынчсыздандырган суроолорго акысыз жооп ала алгандыгын белгилей кетмекчибиз. Анткени Нью-Йоркто адвокаттын бир эле консультациясы 100-200 доллардан кем эмес турат.
Айтылган ой-пикирлерге караганда, семинардын катышуучулары өткөрүлгөн семинар-кеңешмени жогору баалашты. Мындан сырткары семинар видеого тартылып алынды, пайдалуу маалымат мүмкүн болушунча биздин мекендештерге жетимдүү болсун үчүн ал интернетке жайгаштырылат.
– Биздин максат – чет өлкөлөрдөгү мекендештерибизге өнүгүүгө эң кыска жолдорду көрсөтүү, биз алар менен чет өлкөдө жүрүп кантип ийгиликтүү болуу жөнүндөгү маалыматтар
менен бөлүшкүбүз келет. Чет өлкөлөрдөгү ийгиликтүү кыргызстандыктар жалпы жонунан Кыргызстандын өнүгүшүнүн ажырагыс бөлүгү болуп саналары биз үчүн айдан ачык. Бүгүн АКШда ал жакка барган жана туруктуу жашаган көп сандагы кыргызстандыктар бар, ошондуктан аларга тезирээк легалдашуу үчүн мындай консультациялар өтө зарыл. Легалдашуу өз кезегинде биздин мекендештерибизге тездетилген тартипте америкалык турмушка интеграцияланууга мүмкүнчүлүк берет. Демек, ийгиликке жетишүү мүмкүнчүлүктөрү да кескин жогорулайт.
Биз бул семинар менен эле токтоп калбайбыз, «Kyrgyz Club`дын» жакынкы пландарында билим берүү семинарын өткөрүү бар. Ага Нью-Йорктогу колледждердин биринин өкүлү чакырылып, ал өзү иштеген окуу жайга кантип өтүүгө, гранттарга жана каржылык жардамга кантип талапкер болууга боло тургандыгы жөнүндө айтып берет. АКШнын колледждеринде окуп жаткан биздин мекендештер да өздөрүнүн практикалык тажрыйбалары менен бөлүшөт,- деп баса белгиледи чет өлкөдөгү кыргызстандыктардын «Kyrgyz Club» эл аралык бирикмесинин башчысы Айбек Хакимов.