Чыңгыз Турдубеков, «Жылдын супер дебюту» наамына талапкер:«ЖАН ДҮЙНӨМ АРМАНДУУ ОБОНДОРГО ЫКТАП ТУРАТ»

Буга чейин Чыңгыз Турдубековдун калеминен жаралган эмгектерин Гүлжигит Калыков («Кайрылбаймын»), Даниель («Айрылуу»), Султан Садыралиев («Апакем») сыяктуу ырчылар элге жеткирип жүрүшкөн. Мындай керемет ырлардын авторун эми гана сахнадан көрө баштадык. Ал учурда «Супер-Инфонун» версиясы боюнча «Жылдын супер дебюту» наамына көрсөтүлүүдө.

Турдубеков Чыңгыз Турдубекович
Туулган жылы, күнү – 1990-жыл, 30-июнь
Туулган жери – Ош облусу, Алай району, Үч-Төбө айылы
Билими – К.Молдобасанов атындагы Улуттук консерваториянын композиция жана гитара бөлүмүнүн 3-курсунун студенти
Учурда – жеке ырчы
Репертуарындагы ырлары – «Кайдасың?», «Мезгил учат», «Сагыныч»
Үй-бүлөлүк абалы – бойдок

– Саламатсыңбы, Чыңгыз? Аябай токтоо көрүнөсүң. Бала кезден эле ушундайсыңбы?
– Саламатчылык. Бала кезде азыркы токтоо жигиттин дайыны жок болчу (күлүп). Тентектиктин сазайын берчүмүн. Эсимде, беш жашымда кайсы бир майрамда Каркыра жайлоосуна барганбыз. Миң боз үй тигилип, алардын биринин ичине кирип отурганбыз. Анда ата-энени угуш жок да. Аңгыча ошол кездеги президент «Аскар Акаев тик учак менен учуп келди» деп балдар талаа жакка чуркап калышты. Апамдын «барба» дегенине карабай боз үйдөн мен да атып чыктым. Бир маалда артымды карасам, баягы мен чыккан үй жок, баары окшош миң боз үй тизилип турат. Анан ыйлап баштадым. Кечке жуук милиция кызматкерлери ата-энем менен табыштырышкан. Ошентип Акаевди көрөм деп жоголуп кетип, араң табылгам (күлүп).
Бой жеткен соң токтолуп сөзгө жок болуп калдым. Бул сапатымдын терс таасирин көп көрөм. Себеби чыгармачылыкта «шустрыйлар» көп нерсеге жетишет эмеспи. А мен көп сүйлөбөй, керектүү адамдар менен маек кура албай, көп нерседен куру калам.

– Үй-бүлөдө канча бир туугансың? Ата-энең жөнүндө кеп салсаң...
– Атам Турдубек маданият кызматкери, апам болсо өмүр бою мугалим болуп эмгектенип келет. Беш бир туугандын эң кичүүсүмүн. Үч агам жана бир сулуу эжем бар. Атам музыкалык билимдин ээси болгон соң мени толугу менен түшүнөт. Ыр жазсам биринчи атама угузам, анан ал кемчиликтерин айтып, сындап турат.

– Анда гитарада кол ойнотуу да атаңдан өткөнбү?
– Жаштайымдан эле мени музыкага ыктатып өстүрүштү. Мектепте да мээ иштете турган, математика сыяктуу сабактарды жаман көрчүмүн. 4-класстан музыкалык мектепке баргам, ошондон улам ар кайсы аспапта ойноп жүрүп, алардын катарында гитараны да үйрөнүп алгам.

– Ырчы болуп суурулуп чыгыш деле оңой болбогондур?
– Көпкө чейин ылайыктуу учурду күтүп жүрдүм. Акыры чыгынып ыр жаздырган соң ар кайсы радиолордун эшигин каккылап, албай койсо көңүлүм чөгүп жүрдү. Ага карабай жаздыргандарымды өзүм кайра-кайра угуп толкунданып жүргөнүм эсимде. Кийин Таалай Бектургановдун «Сагыныч» деген ырын аткарып чыкканымда жалпы эл жакшы эле кабыл алды. Ошондон тартып радиого ыр берүү кыйынчылык туудурбай калды.

– Султан Садыралиев жана Назира Токонова менен кантип дуэт ырдап калдың?
– Султан байке менен мындан эки жыл мурун кайрымдуулук концертте таанышып калганмын. Ага менин гитара ойногонум, мага анын чыгармачылыгы жакчу. Ошентип тааныштардан болуп жүрүп, эки тарапта тең дуэт ырдоого ниет пайда болду. Жыйынтыгында «Кайдасың?» аттуу чыгарманы жараттык. Аталган ыр тасмага саундтрек да болгонго жетишти.
Назира менин окуу жайдагы жакын досум, сырдашым. Ошондуктан эргүү издеп жай сүйлөшүп отурганда эле чогуу ырдоону чечкенбиз.

– «Назира экөөнүн ортосунда жылуу сезимдер жашайт» деген кептер бекеринен эместир?..
– Жашырбайм, көп учурда бирге жүрөбүз. Сүйлөшчү сөзүбүз бир, умтулчу максатыбыз бир. Анын баары музыка. Мамилебиз достук деңгээлинде.

– Негедир ырларыңдын басымдуу бөлүгү кайгылуу экен...
– Менин жан дүйнөм армандуу ырларга ыктап турат. Учурда 130 даана ырым бар, элестет, анын баары кайгылуу ырлар. Алардын айрымдары гана элге чыкты. Ошончо армандуу ырды угармандарга жеткизгиче улгайып деле калсам керек (күлүп).

– Ар бир ырың жеке жашоодон алынса, анда жүрөгүң армандуу махабатка толуп бүткөн го?..
– Азырынча сүйүүнүн сүйүнүчтүү күндөрү башымдан азыраак өттү окшойт. Ошондуктан күйөрмандарды армандуу обондорго мас кылып турайын. Махабат майрамы мага да учураса, албетте, шайыр-шатман ырлар жазылат.

– «Жылдын супер дебюту» наамына көрсөтүлгөнүң сен үчүн кандай сезимдерди тартуулады?
– Укканымда аябай сүйүндүм. Жеңбесем деле мейли. Бирок бир топ мыкты ырчылардын тизмегин толуктап турганым эле кандай сыймык.

– Маегиңе ыраазычылык.

Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Жан дүйнөм армандуу обондорго ыктап турат" дейт Чыңгыз Турдубеков
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
Sagidko88
2013-11-11 13:33:34
Дебютка чындап татыктуу! ийгилик каалайм!
+2
Jamalym
2013-11-11 17:00:54
Чыгармачылык ийгилик каалайм.Таланттуу жигит,бар бол!
+1
ratmir
2013-11-11 21:17:00
Алайдан чыккан кучтуу музыкант Уркунбаев Турдубек агайдын уулу,ийгилик сага Чынгыз биз сени колдойбуз!
+1
Zali
2013-11-12 18:39:25
чындыгында татаыктуу дебютка...уну,ырлары мага жагат...армандуу ырларга мен да жакынман...озгочолонуп "кайдасын" деген ыры жагат
+1
xman
2013-11-14 12:02:51
Гитара, Комуз, Пианино, Аккордеондо ойноп, ыр жазып, обон чыгарып, азаматсын Чынгыз!. Жигитке 70 онор аздык кылат дегендай, чыгармачылыгына ийгилик, Аллах омур берсин, ден-соолук берсин, ыйман-ынсап насип кылган болсун!, оркундой бер, осо бер! Сендей ар кыл талантуу, билимдуу, чыгаан жигиттерден албетте кыргыздын мыкты композитору чыгат деп терен ишенебиз!!!
+1
Mirish
2013-11-15 17:27:23
бул уч-дободон эмес ырыскы дободон болот
0
oscar
2014-02-19 14:16:52
ырларынын обондору уккулуктуу экен азыркы ырчыларга караганда таланттуу уну дагы бар ийгилик кантсе да билими бар экени биинип турат
0
№ 575, 08-ноябрь-14-ноябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан