«КУМТӨР».ЭЛДИК ТАЛКУУ

Өткөн сандарыбызда алтын өндүрүүчү «Кумтөр» компаниясынын тегерегиндеги жаралган маселелер боюнча анда эмгектенип жаткан катардагы жумушчулардын ойлорун чагылдырган элек. Бул ирет кен иштетүүдө тажрыйба топтоп, ишкананын бөлүм башчылык деңгээлине жеткен кыргыз уулдарын кепке тартып, кендеги жумушчу күчтөрү жана экология боюнча суроолорду ортого салдык. «Папке» талашкан саясатчылар тарабынан айтылып, коомчулукта түшүнбөстүктөрдү жараткан сын-пикир, айыптоолорго карата алардын ойлору төмөндө берилди.

КЕН ИШТЕТҮҮДӨ ЭКОЛОГИЯ ЗЫЯН ТАРТУУДАБЫ?
«Кумтөр» ишканасы Кыргызстандын экологиясына абдан чоң зыян келтирүүдө. Алтын бөлүнүп алынгандан кийинки калдыктар чогултулуп, мөңгүлөргө зыян келтирүүдө. Суулар булганууда» деген сөздөр коомчулукта байма-бай айтылып келет. Ал эми мындай айыптоого ишканадагы адистер эмне дешет? Өз ооздорунан угалы.
КАНЫБЕК КАЗЫБЕКОВ, тоо-кен бөлүмүндөгү кыска мөөнөттүү пландоолордун башчысы:
– Алтынды бөлүп алгандан кийинки калдыктар атайын калдык сактоочу жайларга төгүлөт. Ал эми алтыны бар аралашманы казып алуу үчүн ал жердин үстүнкү, өсүмдүк өсүүчү катмарын өзүнчө алып, башка жерге төгөбүз. Бул кадимки эле топурак. Анын эч кандай зыяндуулугу жок. Айлана-чөйрөнү булгабоо үчүн жыл сайын тоо-кенди иштетүүчү институттар тарабынан долбоор иштелип чыгат. Долбоордо кайсы материалдардын кайсы жерге канча көлөмдө төгүлөрү аныкталып, атайын карта чийилет. Андан соң тийиштүү мамлекеттик органдардын адистери экологиялык, өндүрүштүк-коопсуздук жана жер байлыктарын коргоо боюнча экспертизадан өткөрүшөт. Баары жыйынтыкталып, мамлекеттик органдар уруксат бергенден кийин гана долбоор ишке ашырылат.

 

Экологияны сактоо үчүн түзүлгөн долбоордун негизинде ишке тартылган ортомчу «Фаворит Транс» ишканасынын мастери ТӨЛӨГӨН САРЫНЖИЕВ:
– Кен жайгашкан аймактын өсүмдүк өсүүчү катмарындагы 15-20 сантиметрди түзгөн топурагын казып алып, аны сактоо үчүн кампаларга киргизип жатабыз. Бул аракет кийин кен казуу иштери бүткөндө кен казылып алынган жерлердин жана уулуу калдыктар сакталуучу жайлардын үстүн жабууга жасалууда,- дейт.
Мындайча айтканда, бул иш-аракеттер кен иштетилип бүткөндөн кийин анын аймагындагы экологияны баштагы калыбына келтирүү үчүн жасалууда. Кампадагы топурактар өсүмдүктөрдүн өсүүсүн камсыздап, экологиянын жанданышына шарт түзөт.


 

КАПАРБЕК БАЙДАЛИЕВ, улук инженер-эколог:
– Кен иштетилгенден тарта бул жакта экология бөлүмү иштеп келатат. Суунун сапатын жана аны көзөмөлдөөчү биздин бөлүмдүн лабораториясы Америка, Япония, Канада жана Орусия сыяктуу өлкөлөрдөн алынып келинген заманбап үлгүдөгү аспаптар менен жабдылган. Кумтөрдөн агып жаткан ар бир суунун белгилүү чекиттерине көзөмөлдөөчү аспаптар орнотулган. Мөңгүдөн башталган Лысый суусун мисалга алсак, анын башында, ортосунда жана Кумтөр дарыясына куюучу жерлеринде көзөмөлдөөчү аспаптар бар. Булардын ар биринен күн сайын үлгүлөр алынып, биздин лабораториядан жана Кара-Балтадагы «Алекс Стюарт» лабораториясынан текшерилип турат. Мындан сырткары ыкчам аракеттеги лабораториябыз бар. Кен жайгашкан жерден агып чыккан суулар аймактан 4 чакырым алыстыкта жайгашкан сууларга куйган жеринен да үлгүлөр алынат.
Биз мамлекеттик экологияны коргоо боюнча тиешелүү органдардын берген нормаларын сактоо менен иш жүргүзөбүз. Жүргүзүлгөн анализдердин баары журналга катталып, текшерүүгө келген бардык органдардан жашырбай, ачык көрсөтөбүз.

– Эгер көрсөткүчтөр чектен ашып, коркунуч жаралса, кандай аракет көрөсүздөр? Ушундай учурлар болду беле?
– Эгер кооптуу учур катталса, дароо аны жоюуга бардык чараларды көрөбүз. Суулардын башын бууп, көлмөлөргө топтоп, жөнгө салуу иши жүргүзүлөт. Мисалы, өткөндө мамлекеттик комиссия тарабынан бир аз көрсөтмөлөр болду. Анын негизинде Кичи Сары-Төр дарыясынын суусун буудук. Биздеги сууларды тазалоо иштери төрт стадиядан турат. Ар бир стадиядан үлгүлөр алынып, бири-бирине салыштырылат. Мунун баары суунун айлана-чөйрөгө коё берилишинен мурда жасалат.

АЛМАЗ БАРЫКТАБАСОВ, техникалык тейлөө бөлүмүнүн башчысы:
– Суу маселеси боюнча айтсак, биздин бөлүм дагы суулардын булганбашына көп чараларды көрөт. Мында техникалар көп иштегенден кийин аларды оңдоо учурунда же иш учурунда майлардын, таштандылардын сууга төгүлбөшүнө көңүл бурабыз.

 

 


 

Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге тартылган Балыкчы шаарында жайгашкан «АБТ» ишканасы кен казылып жаткан аймактагы таштандылар боюнча иш алып барат. Аталган ишкананын кызматкери АЙБЕК ШАМБЕТОВДУН айтымында, алардын ишканасында 100гө жакын кыргызстандыктар эмгектенип, алар таштандыларды сорттоп, темирин өзүнчө, жыгачын өзүнчө, желимдерди өзүнчө бөлүшөт. Мындай ыкма айлананы таза сактоого өбөлгө болот. Тазалык боюнча мындай ишкананы көрбөгөндүгүн айткан Айбек мырза Бишкектин чет жакасындагы таштанды төгүүчү жай менен бул жайдагы таштанды таштоочу жайды мисалга келтирди.
Бишкектеги таштанды жайында эмне гана жок? Баары аралаш төгүлөт. Мына ошондой жерден анча алыс эмес аралыкта жарандарыбыз үй салып отурукташып, жаңы конуш да пайда болду. Бул ошол жактагы тургундардын ар кандай ооруларга чалдыгуусуна жол ачууда. Бул эки таштанды жайларын салыштырсак, айырмасы асман менен жердей экенин айтууга болот.

«КУМТӨРДӨ» ЭМНЕГЕ ЧЕТ ӨЛКӨЛҮКТӨР ЭМГЕКТЕНИШЕТ?
«Өзүбүздүн жарандар турганда чет өлкөлүк жумушчулардын эмне кереги бар? Биз өзүбүз деле иштесек болот эле да» деген сын-пикирлерге жооп издеп, ишканадагы кадрдык бөлүмдүн башчысы Нурбек Төлөбаевге кайрылдык
.
НУРБЕК ТӨЛӨБАЕВ, кадрдык бөлүмдүн башчысы:
– Ооба, бизде чет элдиктер эмгектенишет. Бирок алардын саны бүгүнкү күндө 98 кишини, ал эми кыргызстандык жумушчулардын саны 3000дей кишини түзөт. Алардын 70 пайызы Ысык-Көлдүн тургундары болсо, 30 пайызы өлкөбүздүн башка аймактарынан болот. Өзүңөр билгендей, «Кумтөр» дүйнө жүзүндөгү эң татаал шарттагы чоң өндүрүштөрдүн катарына кирет. Ошондуктан биздин жумушчуларды жаңы техникаларга үйрөтүп, тажрыйба алмашууда сөзсүз түрдө чет элдик адистер керек болот. Кыргызстанда деле мыкты адистер бар. Бирок мындай эл аралык чоң өндүрүштү биргелешип иштетүү зарыл.
Жумушка тиешелүү билими, тажрыйбасы бар адистер алынат. Себеби бул жакта өндүрүш өтө татаал. Бир кичинекей ката болсо эле жалпы өндүрүшкө жана коопсуздукка түздөн-түз коркунуч алып келет. Бул жакка келгенден кийин да атайын курстардан окутуп, кошумча билим беребиз. Ал эми билим деңгээлин жогорулатам дегендерге жардам берип, тажрыйба топтоого шарт түзүлгөн. Жумушка алуу боюнча да ар кандай сөздөр болушу мүмкүн. Бирок биз баарын ачык, так жүргүзөбүз.

Чет элдик адистердин өндүрүштө өтө зарыл экенине кошулуп, сөз учугун улаган техникалык тейлөө бөлүмүнүн башчысы АЛМАЗ БАРЫКТАБАСОВ бир нече мисалдар менен бул суроого оюн төмөнкүчө билдирет:
– Биздин бөлүм айдоочулардын коопсуздугун жана техникалардын дайыма иштеп туруусун камсыздайт. Бөлүмгө караштуу 200гө жакын оор техника бар. Акыркы 3-4 жылда алардын 100гө жакыны жаңыланды, себеби ага чейин колдонулган техникалар эскирди. Эскиргенден кийин алардын чыгымдары көбөйүп, коопсуздук жагы да төмөндөп, пайдасы азаят.
Жаңы техникалар Япония, Америка жана Германиядан келди. Бул техниканын айырмасы, коопсуздук жагы жакшы каралган жана жүк ташуу мүмкүнчүлүктөрү жогору. Баары автоматташтырылган системде иштегендиктен, айдоочуга да жеңилдик алып келет. Биздин өлкөдө мындай техникалар жок болгондуктан, аны башкарууну билген адистерибиз жок. Бирок буга карабай «чет элдик адистердин эмне кереги бар, өзүбүз деле оңдойт элек» дешүүдө. Ал эми жаңы техникаларды өндүргөн ишканада иштеген ошол эле чет элдик адистер өзүлөрү жылдап окуп, практикадан өтүшөт. Ошол себептен биздин жумушчуларды окутуп-үйрөтүү үчүн чет элдик адистерди тартып жатабыз. Мындай аракет өзүбүздүн адистердин келечегине чоң таасирин тийгизет. Себеби бизде жок техникаларды өздөштүрүп, кийин башка кен чыгаруучу жайларды иштеткенге же башка өлкөлөрдөгү кен ишканаларына жумушка орношконго өтө чоң жардамы тиет.
Тажрыйба алмашуу төмөн болгондо эмнеге алып келерин өз көзүм менен көрдүм. Мисал катары Казакстандагы «КазакМыс» компаниясында болгон жагдайды айтайын. Аларда биздегидей техника бар экен. Бирок ошол тетиктердин жетишсиздиги, пландоо иштеринин начардыгы, тажрыйбалуу адистердин жоктугунан ал техникалары ишке кирбей турду. Эми гана чет элден адистерди алып келип, аракет кыла башташты.

Ушундай эле ойду Алтын бөлүп алуу фабрикасынын башчысы РУСЛАН РЫСКУЛОВ да карманат. Жогорудагы кесиптештеринин сөзүн кубаттап, бизде жок нерселерди өздөштүрүүгө өзүбүздүн күчүбүз жетпестигин билдирген РУСЛАН мырза сөзүн төмөнкүчө улады:
– Нурбек менен Алмаз айткан сөздөргө кошумчалап кетейин. Жакында Алтын бөлүп алуучу фабрикага жаңы жабдыктарды алганы турабыз. Мунун баары чет мамлекеттен келгендиктен, аларды ишке киргизип, биздин балдарга үйрөтүү үчүн чет элдик адистерди чакырганга мажбурбуз. Анткени ал жабдыктар бизде чыкпайт. Союз тарагандан кийин адистерибиз да жок болду, биздин деңгээл да төмөн түшүп кетти. Бирок чет элден тажрыйба, билим алып, ошол деңгээлди кайрадан көтөрүп жатабыз. Бул бизге пайда, эч кандай зыян тартпайбыз. Мындан эч качан коркуп качпашыбыз керек.


 

НАЗАР ШЫЙЫТОВ, тоо-кен бөлүмүндөгү нөөмөт башчы:
– Алмаз кесиптешим айткандай, чет өлкөдөн келген техникаларды учурда кыргыз жигиттери өздөштүрүп, иштетип, айдап жатышат. Айдоочулардын 100 пайызы Кыргызстандын жарандары. Биздин бөлүмдө 750 киши иштейт.

 

 


 

СӨЗ СОҢУНДА...
Казуу иштери жүргөн жерде экологияга, албетте, зыян келет. Мисалы, үй салсак, жерди казып пайдубалын тургузабыз. Бул да табияттын кайсы бир бөлүкчөсүн бузат. Кандай гана иштер жүрбөсүн, жаратылыш жабыр тартат. Бирок аны калыбына келтирүүгө болот. Ал үчүн жердин үстүнкү, өсүмдүк өсүүчү катмарын жыйнап алып, иш бүткөндө кайра баштагы калыбындагыдай кылып жазып чыгып, өсүмдүктөрдүн өсүүсүнө кам көрүү керек.
«Кумтөр» ишканасы бул эрежени аткаруу үчүн жыл сайын долбоор иштеп чыгып, аны тиешелүү мамлекеттик органдардын экспертизасынан өткөрүп, уруксат алгандан кийин бардык эл аралык нормалардын чегинде айлана-чөйрөгө зыян келбегидей шартта ишке ашырып келет.
Алтындын жер үстүндө ачык жатпасы баарыбызга белгилүү. Аны казып алуу керек. Эгер «экология бузулат» деп отура берсек, алтынды кантип өндүрөбүз? Бул жагынан алганда, «экология бузулат» десек, анда үй тургузбай эле чатырларда баш калкалап жашайлы. «Улуу сөздө уят жок» дейт, даараткана деле казбай коёлу. Анткени даараткана салууда жердин кыртышы бузулат. Ошон үчүн тамак да жебей ачка жүрөлү. «Абаны булгайт» деп автоунаанын ордуна ат минели, велосипед тебели. Дүйнө алдыга умтулуп жаткан заманда алтынды казсак, баары талкаланат деп артка кетелиби?
Эгер кен казууга каршы чыксак, анда мамлекеттик казынаны кайсы ишканалар толтурат? Бюджеттин көзүн караган медиктердин, мугалимдердин, милиция кызматкерлеринин, балдардын жөлөкпулун жана пенсияларды төлөгөнгө ким каражат бөлөт? Бул ишкана мамлекеттик казынага жылына
7 миллиард сомдон ашуун каражат алып келерин өкмөт башчы белгилеп өттү. Эгер бул каражат мамлекеттик казынага түшпөй калса, жогоруда атап өткөн кесиптеги жарандарыбыздын тагдыры эмне болот? Мына ушундай, замандаш. Экономикалык багыттагы ишкананы саясатташтыруунун арты эмнеге алып келери айтпаса да белгилүү.

Кубаныч Сыдыков

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
tolik
2013-11-11 18:37:06
Кумтор. Чет элдик мыкты адистерди тартуу,тажрыйба алмашуу бул созсуз керек. Чынгызхан дагы улутуна карабай окумуштууларды озуно тарткан. Ал эми саясат жагынан айта турган болсом,азыркы парламент кабыл алган 67%пайыздык жакшы. Эгерде эле биздин парламент жана окмот ушул женишине жете турган болсо,анда олкобуздогу эн жакшы жыйынтык болоор эле.
0
№ 575, 08-ноябрь-14-ноябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан