Кыргыз эстрадасындагы бойдок жигиттердин бири KG Эльмурат 5-ноябрь күнү Ош шаарындагы ресторандардын биринде элге кош той берди. Ырчы мырзанын жакшылыгын бөлүшүп кесиптештери Данияр Эрматов, Дайыр Исмадияров, Сапар Эркебаев, Мажит, «No name» командасы келишти. Кызыгы, тойдо эч кандай спирт ичимдиги болбосо да, коноктор кызуу болуп калышты.
– Эльмурат, куш бооң бек болсун! Маанай кандай?
– Рахмат! Маанай эң сонун. Өмүрүмдө бир жолу өтчү үйлөнүү тоюм болуп, ата-энем, бир туугандарым, жакындарым, досторумдун баары бул күнүбүзгө күбө болуп отурушат. Той мен ойлогондон да шаңдуу өтүүдө.
– Чыгармачылыкка аралашып жүрүп салттардан четтеп кетпептирсиңби?
– Салттардан аябай кыйналдым. Жаныңда жоролоруңдун болгону жакшы экен. Дос балам баарын үйрөтүп турду. Бирок кыргыз болгондон кийин өзүбүздүн салтты бир айтканда эле эстеп калат экенсиң.
– Келинчегиң менен кайдан таанышкансыңар жана кайсы сапаттарына байланып калдың?
– Социалдык түйүндөрдүн биринен таанышып калганбыз. Бир жылдай сүйлөшүп жүрүп, анан баш кошуп жатабыз. Ыймандуулугун, ак көңүлдүгүн, түшүнүктүүлүгүн баалайм.
– Тойдо сен күтпөгөн учур болдубу?
– Эдил (Маматов), Дайыр (Исмадияров) жана Ильяз (Кудретов) үчөөнүн трио ырдаганы, «Дидар» бий тобунун бийлери, анан Жеңиш Айтиев «тойдун башын баштап берип эле кетем» деп жаткан, кайра тойдун акырына чейин өзү алпарганы мени кубандырды.
– Бүгүн бир тууган иниң Элдиярдын да тою экен. Бир туугандардын бир күндө үйлөнүшүнө эмне себеп болду?
– Атам менен апам мурдатан эле «эки уулубузду бир күндө үйлөнтөбүз» деп ниет кылышкан экен. Башында каршы болдум. Бирок мен көргөн сыйды, мен көргөн урматты иним менен келиним да көрсүн деп макул болдум. Иним экөөбүздүн костюмдарыбыз, келинчектерибиздин көйнөктөрүнүн окшоштугу менин идеям болду.
Келинчеги Жайнагүл:
– Жайнагүл, Эльмураттын турмуш куруудагы сунушун кабыл алуу кыйын болбосо керек?
– Бир топ сүйлөшүп жүргөндөн кийин сунуштаган үчүн анчалык деле шок болгон жокмун. Эгер таанышкандан көп өтпөй сунуштаса, анда ойлонууга туура келмек.
Уулбү Каныбекова
star@super.kg