Заманбап бийлердин сазайын берген «We`ll be» бий тобунун шок жигиттери менен жолугуштук. Топтун жаралыш тарыхы, жетишкендиктери жана ич ара мыйзамдары тууралуу кызык баянды бизге бийчи балдардын башын бириктирген Эрмек Керимбаев айтып берди.
«КЫЗДАР ТОПКО ЧЫДАБАДЫ»
Эрмек Керимбаев алгач «Star dance» бий тобунда эмгектенчү. Ал топ жоюлуп кеткенде карьерасын токтотуп койбой, бийге шыктуу досторун чогултуп «We`ll be» тобун түзгөн.
Эрмек: – 2008-жылы Бишкекте алгачкы жолу ар тараптуу бий стилдерин өздөштүргөн жаштар чогулдук. Башында тобубузга ат коюп алууну деле ойлонбогон экенбиз. Көп өтпөй арабызга Замир кошулуп, «топтун атын «We`ll be» деп коёлу» деп сунуш киргизип калды. Бул сөздүн котормосу «биз болобуз» дегенди билдиргендиктен, бизге да идея жагып, «We`ll be» деген ат менен эл алдына чыга баштадык. Башында өзгөчөлүк болсун деп америкалык «JabbaWockeez» бий тобун туурап бет кап тагынып бийлеп жүргөнбүз. Кийин жүзүбүз менен чыгууну туура көрдүк. Анан да алгач топтогу бийчилердин көпчүлүгүн кыздар түзчү. Бирок биздин бийлөө ыкмабыз кара күчтү талап кылат. Анын үстүнө түнкүсүн чакырууларга барыш керек, кыздар ал нерсеге көп чыдабайт экен. Мындан улам жигиттер менен кыздардын ортосунда түшүнбөстүктөр чыгып жатты. Кыскасы, бардык жактан карап көрсөк, жигиттерден түзүлгөн команданын өмүрү узак болчудай. Себеби эркектер бири-бирибизди толук түшүнүп турабыз.
«We`ll be» тобунун жаралганына быйыл 5 жыл болуп калды. Бул убакыттын ичинде көп тажрыйбага ээ болдук. Жаш балдардан жашоого олуттуу караган жигиттерге айландык, айрымдарыбыз үй-бүлө курууга жетишишти. Тапкан акчабыз баарына жетет дегендей.
Азыркы тапта мекенибиздеги бийчилердин арасынан өзүбүздүн окуучуларыбызды гана күчтүү атаандаштарыбыз деп билебиз. «Устатынан шакирти озуп чыкса, демек, устаты мыкты» деп коюшат эмеспи. Ошондуктан мындай көрүнүшкө сүйүнөбүз.
Учурда топто 8 жигит бийлейт. Биздин катарыбызга кошулган балдар менен эч кандай келишим түзбөйбүз, болгону эркекче кол алышуу деген бар. Жалпынын оюн кабыл ала билген, өзүм билемдикке салбаган мыкты бийчи жигиттер менен катарыбыз толукталып келет. Топтун мыйзамдары мына ушундай жөнөкөй эле.
«КЫРГЫЗСТАНДЫН АТАГЫ АЛЫСКА ЧЫГАТ»
– Биз эки жолу Атай Өмүрзаков уюштурган «Мен бийчи» эл аралык фестивалынын жеңүүчүлөрү аталдык. Мындан улам болгон аракетибизди дүйнөлүк бий аренасына чыгууга жумшашыбыз керек экенин түшүндүк. Себеби кайсы сынакка катышпайлы, калыстар «силер дүйнөлүк деңгээлге чыгууга даярсыңар» деп айтышат. Дүйнөгө атыбызды «World of dance» аттуу АКШда өтүүчү бий сынагына катышып чыгарабыз деп жатабыз. Келерки жылдын жаз айларында аталган сынактын тандоо туруна Орусияга аттануу алдында турабыз. Кудайым буюруп тилегибиз орундалса, Кыргызстандын атагы алыска чыгат.
ЖЕТИШКЕНДИКТЕРИ:
«Жылдын мыкты бий долбоору» (2008-жыл)
«Жылдын мыкты дебюту» (2008-жыл)
«Battle Skill z III» 1-орун (2009-жыл)
«Мен бийчи» эл аралык фестивалы, 1-орун (2012-жыл)
«ISOS» эл аралык фестивалы, 1-орун (2013-жыл)
«Мен бийчи» эл аралык фестивалы, 1-орун (2013-жыл)
Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg