Ысык-Көл облусунда Жети-Өгүз РИИБинин кызматкерлери аталган райондогу айылдардын биринен «өз энесин мыкаачылык менен өлтүргөн» деген шек менен 25 жаштагы жаранды колго түшүрүштү.
Милициянын маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылдын 8-ноябрь күнү 41 жаштагы айым укук коргоо кызматкерлерине өзүнүн 44 жаштагы эжесинин жоголуп кеткени тууралуу билдирген. Маркумдун 25 жаштагы уулу да ушундай эле билдирүү менен милицияга кайрылган. Алардын билдиргенине караганда, айылдын 44 жаштагы тургуну 8-ноябрь күнү райондун борбору Кызыл-Суу айылына кетип, кайра кайтып келген эмес.
Жогорудагы факт боюнча иликтөө учурунда жоголгон айымдын жакындары суракка алынып, аны эң акыркы болуп уулу көргөн болуп чыккан. Укук коргоо кызматкерлери короо-сарайды, үй ичин тинтишип, жыйынтыгында көң жыйналган сарайдан жаңы казылган жерди байкашкан. Ал жерди казганда киши колдуу болуп каза болгон аялдын денеси табылган.
Кылмышка шектелип маркумдун 25 жаштагы уулу кармалды. Жакындарынын айтымында, ал динге ишенип, намаз окуп жүрчү экен. Иликтөөлөрдүн версиясы боюнча, энеси камыр жууруп жаткан маалда уулу артынан келип балта менен чаап салган. Туугандарынын айтымында, кылмышка шектүүнүн акыл-эси ордунда эле.
Бул окуя боюнча Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери улантылып жатат.
Асхат Субанбеков
koom@super.kg