2013-жылдын 12-ноябрында Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин орун басары, генерал-майор Шерикбай Султанов жакында Бишкектеги 180 аскер кызматкерине жаңы турак жай берилерин билдирди. Анын айтымында, азыркы учурда Коргоо министрлиги аскер кызматкерлеринин жана алардын үй-бүлөлөрүнүн социалдык маселелерин чечүү үчүн чараларды көрүүдө. «Биз куралдуу күчтөрдүн тарыхындагы алгылыктуу иштерди жасай алдык. Коргоо министрлигинин гарнизондорунда көп кабаттуу үйлөр курулду. Ала-Бука калк жашаган пункттагы аскер шаарчасында 76 үй-бүлөгө батир берилди. Жал кичи районунда эки 9 кабаттуу үйдүн курулушу бүттү. Бишкекте жакынкы күндөрдө 180 аскер кызматкерине турак жай берилет. Мындан сырткары Ош шаарында 80 аскер кызматкери үчүн үйдүн жана алардын балдары үчүн бала бакчанын курулушу аяктап калды»,- деди ал өз сөзүндө.
Асхат Субанбеков
koom@super.kg