Жакында Аламүдүн районунда коркунучтуу кылмыштын бети ачылды. Уурулукка кирген кылмышкер үйдө жалгыз жашаган келинди өлтүрүп, сууга ыргытып, ал эми үйүн өрттөп салган.
СУУДАН ТАБЫЛГАН ДЕНЕ
Үстүбүздөгү жылдын 6-октябрында болжол менен күндүзгү саат 12лер чамасында Аламүдүн РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Энергетик дачасы тараптагы суудан азиат түспөлүндөгү, 25-30 жаштардагы белгисиз аялдын өлүгү табылган. Чакыруу түшкөн жерге барган оперативдүү-тергөө тобунун кызматкерлери Аламүдүн суусунун жайык аккан жеринде таштарга такалып калган аялдын сөөгүн көрүп, жээкке алып чыгышкан. Келиндин үстүндө ич кийими жана кофтасы гана болгон. Башынын жарылган жерлери маркумдун киши колдуу болуп каза болгондугун көрсөтүп турган.
Тиешелүү соттук-медициналык экспертизалардын жыйынтыгында маркумдун сууга тумчугуп, өпкөсүнө суу толгондон өлгөндүгү аныкталган. Ал зордукталышы да мүмкүн деген версиялар болууда. Себеби дене табылган учурда үстүндө ич кийиминен башка кийимдери болгон эмес. Сөөк табылган аймакка жакын жердегилер маркумду тааныбагандыктан өздүгүн аныктоо үчүн Бишкек шаардык жана Чүй облусундагы ички иштер бөлүмдөрүнө багыттама жөнөтүлгөн. Бирок көп убакытка чейин анын ким экендиги аныкталбай келген.
«ДАЧАДА ЖАЛГЫЗ ЖАШАЧУ»
Аламүдүн РИИБинин оор жана өтө оор кылмыштардын бетин ачуу бөлүмүнүн кызматкери УЛАН АШЫРОВ кылмыштын ачылышы тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Маркумдун өздүгү көпкө чейин аныкталбай жүргөн. Бишкек шаарынын Октябрь РИИБине «бир аял жоголду» деген арыз түшүптүр. Арыз жазган адам менен сүйлөшө келсек, жоголгон аял менен өздүгү аныкталбай жаткан аялдын ортосунда көп жагынан окшоштуктар бар болуп чыкты. Сүрөтүн көрсөтсөк, «ушул» деп тааныды. Маркум 1982-жылы Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында туулган Мира Сартмырзаева аттуу келин экен, ал эми арыз жазган анын курбусу болуп чыкты. Мира Сартмырзаева Энергетик дачасында бир бөлмөлүү үйдө жалгыз жашачу экен. Бир жыл мурун анын күйөөсүн машина сүзүп каза болуп, 2 жана 4 жаштагы балдары менен жесир калыптыр. Жол кырсыгынын күнөөкөрү маркумдун жесирине Бишкек шаарына жакын жердеги дачалардын биринен бир бөлмөлүү үй сатып берген.Мира шаардагы ашканалардын бирине жумушка орношуп, иштеп жүргөн. Жумушка эрте кетип, кеч келгендиктен, кичинекей балдарын үйдө жалгыз калтыргысы келбей, Кара-Жыгач айылында жайгашкан балдар үйүнө орноштуруп, дем алыш күндөрү алып кетчү экен. Маркумдун өздүгүнүн кеч аныкталышына көпкө чейин анын жоголгондугу тууралуу арыз түшпөгөнү да себеп. Мира Сартмырзаеванын ата-энеси жок, иниси 29-сентябрда эжесинин туулган күнүндө жолугуп куттуктап, андан бери жолуга элек экен. Себеби иниси телефонун жоготуп алгандыгына байланыштуу анда эжесинин номери да кошо жоголгон.
«ӨЛДҮ ДЕП СУУГА ЫРГЫТКАН»
– Сөөк табылган жерге жакынкы Энергетик дачасында бир бөлмөлүү үйдүн өрттөнүп кеткендиги тууралуу да кароолчусунан маалымат түшкөн. Кароолчу бир келин жашап, аты Мира экенин билерин, бирок ал келин тууралуу башка маалыматы жок экендигин билдирген. 1-ноябрь күнү бул кылмышка шектүү деп 1992-жылы туулган Аламүдүн районундагы Таш-Мойнок айылынын Эмил Касымов аттуу тургуну кармалып, кылмышын моюнуна алды. Кылмышка шектелип кармалган Эмил Касымовдун берген көрсөтмөсүнө караганда, окуя төмөнкүчө болгон.
5-октябрь күнү кечинде дача тарапка барып, уурулук кылуу максатында Мира Сартмырзаеванын үйүнө кирет. Эшиги жабык, свети өчүк болгондуктан үйдө киши жок деп ойлогон. Бирок эшикти бузуп киргенде эле Мира кыйкырып тура калат. Эмил эмне кыларын билбей, Мираны көтөрүп чапкан. Мира эшиктин астындагы бетон тепкичке башы менен тийип, эсин жоготот. Эмил үй ээсинин башынан, оозунан кан ага баштаганын көрөт. Өлүп калган окшойт деп ойлоп, андан арылуунун жолун издей баштайт. Анан эси ооп жаткан Мираны көтөрүп, 600-700 метрдей алыстыктагы Аламүдүн суусуна алып барып көпүрөдөн сууга таштап жиберген. Кылмышын жашыруу максатында ал болгон кийимдерди бөлмөнүн ортосуна чогултуп үйдү кошо өрттөп салган. Кылмышка шектелип кармалган Эмил Касымов 12 жашында кошунасынын өзү курдуу баласын мылтык менен атып өлтүрүп алган экен. Анан да мурун бирөөдөн тоноо фактысы боюнча арыз түшүп, шектүү катары Эмил Касымов кармалган. Бирок кармалган соң Касымов арыз ээсинин тууганы экендиги билинип, ал доом жок деп арызын кайра кайтарып алып, иш сотко жетпей калгандыгы билинди.
Кылмышка шектелип кармалган Эмил Касымов СИЗОго киргизилген. Анын үстүнөн Аламүдүн РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (киши өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg