Редакциябызга бир кучак тил каттарын көтөрүп кирип келген Муминова Жалжалбү апанын арманын угууга аргасыз болдук. Апанын айтымына караганда, келини болгон Фаризат аттуу айым бир жолу гана эмес, бир нече жолу алдап кеткенин айтып, ыйламсырап отурду. Эмесе кеп башынан болсун...
«Алгач баламды алдады»
– Жалжалбү апа, кулак сизде...
– Менин беш балам бар. Беш баламды жалгыз бой өстүрдүм. Фаризат деген кыз улуу балам менен жакшы мамиледе болуп жүрүптүр. Анда ал Ак-Босого жаңы конушунда батирде турчу. Балам экөө ошол жерден тааныш болуп, кирип-чыгышып жүрүптүр. Ошентип, экөөнү үйлөндүрүп, бир үйбүлө болуп жашап калдык. Кийин келиним көз жарды. Төрөгөнүнө жыйырма күн болгондо, балам экөө урушуп кетиптир. Балам да кол көтөрүп койгон окшойт, кой-айга болбой түйүнчөгүн түйүп алып, басып кетти.
Кеткен боюнча кайра мага кайрылып келген жок. Бирок балам баласы үчүн атайын Көлгө барып, акча жагынан кол кабыш кылып жүрүптүр. Анда балам ЦУМдун алдында көз айнек сатып иштечү. Анан ал жерден ушундай майда-чүйдө сатып оокат кылгандарды кубалай баштабады беле. Ошондо Фаризат баламдан 600 доллар алып, “мен сага тааныштарым аркылуу орун сүйлөшүп берем, бат эле бутуңа туруп кетесиң” дептир. Муну балам мага деле айткан эмес.
“Эки тоо көрүшпөйт, эки адам көрүшөт” деп бекеринен айтылбаган да. Бир жолу Фаризат экөөбүз жолугуп калдык. Тим эле ичи-коюнума кирип, “апаке, үйгө келип тамак ичип кеткиле. Анын үстүнө, небереңиз да 1-класска киргени жатат” деп калды. Неберем үчүн болсо, анда барам деп балдарымды ээрчитип алып бардым. Жадырап-жайнап бизди конок кылды. Ошондон кийин Фаризатка ишенип калдым. Баарыбыздын кайда, эмне кылып жүргөнүбүздү такып сураганынан, эч нерсе ойдо жок эле болгонун болгондой эле айтып салыптырмын. Ал эмес үйдүн жанына павильон иштетип, канча киреше таап жатканымдан өйдө айтыптырмын. Кийин келип-кетип, байланышып жүрдүк.
«Дарыланам» деген акчамды алып кеткен»
Мен ооруп жүргөн элем. Ошондо доктурга көрүнөйүн деп бир аз акча чогултуп жатканымды айтып койгон экемин. Мына ушундан баштап эле балээ башталды. “Апа, азыр жакшылап дарылануу үчүн жакшы акча керек. Келиңиз, андан көрө мен акчаңызды эки эсе кылып көбөйтүп берейин. Бул көп деле убакытты талап кылбайт. Ал акча менен ден соолугуңузду гана жакшылап чыңдап албастан, ашыкча тыйын-тыпыр да кылып аласыз, үйүңүздү оңдоп-түзөп, эмерек да аласыз” деп калды. Фаризат бул сөздөрдү чын жүрөктөн айткандай сезилди. Бир чети ким эле минтип мага жардам бермек эле деп макул болдум. Чогулткан пенсиямды, павильондон тапкан акчамды чогултуп, 30 миң сом кылып бердим. Акчанын кайтарар маалы келгенде эле “мына, эртең” деп мага бир топ убакыт тил эмизип келди.
Бир күнү барсам, жашаган жеринен көчө качыптыр. Анан айлам кетип сураштырып, ал жашаган батирдин ээси кубалап жибергенин билдим. Көрсө, карызын доолагандар келе берип тажатыптыр. Фаризаттын фамилиясы Асанкалый кызы экен. Ал бир эле менден акча албастан, улуу кызымдан да 12 миң сом алыптыр. Ий, баса, кичинекей балам турмуштун айынан мектепти бүтпөй калган. “Тааныштарым бар, аттестат жасатып берем” дегенинен, ага дагы 200 доллар бергенбиз. Аттестат эмес, таш балекет жок.
«Кошунама да уят кылды»
Ошентип, менден гана эмес, балдарымдан да акча алып кетти. Мен аркылуу кошунамдан да бир улакты «куран окутам» деп алыптыр. Эми кошунама да уят болуп жатам. Издегеним эле Фаризат болду. Сураштырып жүрүп, гезиттердин биринде иштеп жүргөн жеринен таптым. Анда мага “апа, менин жер тилкем бар. Ошол жерди сатып эле акчаңызды эки эселеп кайтарып берем” деп тил кат жазып берди. Ий, жер тилкеси болсо сатылар деп тим койдум. Эмне болгонун билгени баягы иштеген жерине кайра барсам, ал жактан да кетип калыптыр. Анан кесиптештери айтып жатпайбы. “Апа, ал сизди гана алдабастан, бизден алган акчаларды да бербей кетти” деп. Кийин дагы бир гезитте иштептир. Бирок ал жерде да көпкө иштебептир.
– Сиз укук коргоо кызматкерлерине кайрылган жоксузбу?
– Бир жолу кайрылгам. Ошондо Фаризатты Свердлов районуна караштуу иликтөөчүгө алып барып, суракка да алышты. Бирок “мынчасында бардык алган акчаларымды төлөп берем” деген тил кат менен бошотулган. Мына акыркы жолу сүйлөшкөнүбүздө Ак үйгө кызматка орношконун айтып, керек болсо мени президентке чейин киргизип, жардам сурап бермек болгон. Эми мына оорум да катуулап күчөп баратат же көрүнөйүн десем акчам жок, сызга отуруп калдым. «Раздольный айылында жүрөт» дегенди угуп алып, түтүнмө-түтүн кыдырып, бутум тешилгиче издедим. Учурда «Кулиевден көрдүк» дегенинен, ошол жерди тытып издеп жатам. Фаризат сиздердин гезитиңиздер аркылуу үнүмдү угуп, алган акчаларын кайтарып берсе деген ниет менен келдим.
Кайырмакка дагы кимдер илинген?
Фаризаттын көз боёмочулук жайын бир топ жылдыздарыбыз да көрүп калышыптыр. Көбүнүн билеттерин “сатып берем” деп дайыны жок болуп кеткен учурлары бар экен. «Мындай курмандыктардын арасында Борончу Кудайбергенов менен Айбек Карымов да бар» деп угуп, аларга байланыштык.
– Борончу байке, сизди «Фаризат айымдын тузагына чалынган» дешет...
– Ооба, 2008-жылы концертим болор алдында “билеттериңизди сатып берем, ишканадан сурап жатышат” деп сунуш киргизип калды. Кудай мындай бербеспи деп, дароо эле макул болдум. Анын үстүнө, ишеничтүү эле көрүнгөн. Фаризатты мурда эле жакшы таанычумун. Ошентип, 97 миң сомдук билетти карматып коюп, же билеттен жок, же акчадан жок кала бердим. Фаризат 200 сомдук билеттерди концерт болор алдында 100 сомдон сатканын билдим.
– Сотко берген жоксузбу?
– Сотко деле бердик. Бирок аягына чейин чыккан жокмун. “Каргайын десем жалгызсың, каргабайын десем байкушсуң” дегендей, «жаш балдарым бар» дегенинен улам мындан аркы тагдырына балта чаппай эле коёюнчу дедим. Мен Фаризатты сотко берип жүргөндө бир кыз телефон чалып калды. Көрсө, ал кызды да 20 миң долларга отургузуп кетиптир. Менден башка бир топ эле ырчыларга ушундай “кызматын” көрсөтүптүр. Айбек Карымовдон баштап, Урмат Усеновго чейин анын кайырмагына илинген экен.
Айбек Карымов: – Мени Фаризат мындан 5-6 жыл мурун алдап кеткен. “Дил кайрык” аттуу китеп чыгарып берем” деп алдын-ала 7 миң сом алган. Ал акчаны алып кетсе эле мейли демекмин. Китеп чыгарам деп жыйнап жүргөн үйбүлөлүк архивдеги сүрөттөрдү жана материалдарды бербей кеткени ичимди ачыштырды. Бирок мен сотко берген жокмун. Эгерде эркек болгондо эркекче сүйлөшмөкмүн. Аял киши болгондуктан эле кечирип койдум. Кийин угушума караганда, менин эле китебимди “чыгарып берем” деп алдап кетпестен, депутат, көзү ачыктардан өйдө тузагына илиптир.
P.S. Жогоруда сөз кылган айым менен бир кездерде кызматташып калган да жайыбыз бар эле. “Бир карын майды бир кумалак чиритет” дегендей, кесиптешибиздин бул кылыгына кейип тим болдук. Бул айым качандыр бир убакта алгандарын кайтарып берет деген ишеничтебиз.
Бахияна Сатылганова
koom@super.kg