СҮФ, СҮФ, НАН ДАЯР! ЖЕ ТЕХНИКАНЫН КЕРЕМЕТТЕРИ

«Көргөндөн көрө элегиң көп» дегендей, бир буюмга таңыркап, суктанып бүтө электе ойлоп табуучулар жаңы түрүн чыгарууда. Технологиянын өнүккөн доорунда таңыркоо менен гана жашап келатабыз десек да жарашат. Бүгүнкү сөз жашообузга кеңири таралып жаткан тиричилик техникалары тууралуу болмокчу.

ӨЗҮ КАМЫР ЖУУРУП, НАН БЫШЫРГАН МЕШ
Япондор тарабынан иштелип чыккан нан бышыруучу меш жалкоо же түйшүгү өтө көп келиндердин жүгүн кыйла жеңилдетет. Чындыгында ушундай. Анткени камыр жууруп, ачыган соң аны бышырып убара болбойсуз. Болгону керектүү өлчөмдө унду, сууну, ачыткыны жана кошумча азыктарды нан бышыргыч мештин ичине салып, оозун бекитип койсоңуз, бир нече сааттан кийин наныңыз даяр. Өзү жууруп, камыр ачытып, бышырып да коёт.

КАНЧА СААТТА НАН ДАЯР БОЛОТ?
Камыр жууругуч менен бышыргыч бир гана идиштин ичинде жайгаштырылып, ал автоматташтырылган систем менен башкарылат. Бир нан бышыргыч түрүнө жараша 450 граммдан 2 килограммга чейинки нанды бышырууга ылайыкталган. Ал эми бышыруу убактысы нандын түрүнө жана жасоо ыкмасына карап 1 сааттан 6 саатка чейин созулат.

КОЛДОНУУДА:

  • Нан бышырууда мешти салкын же шамалдап турган жайга койбоңуз. Мындай учурда камыр жакшы ачыбай, нандын даамы бузулат жана резинадай чоюлчаак болуп калат.
  • Нан бышыруунун алдында нанга кошулуучу азыктар бөлмө температурасындагы жылуулукта болушу шарт.

НАН БЫШЫРГЫЧ ТАНДАП ЖАТКАНДА ТӨМӨНКҮЛӨРГӨ КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ:

  • Канча салмактагы нанды бышырууга жарайт? Чоң үй-бүлөгө чоңун тандоо зарыл. Ал эми 3-4 кишиге 1 килограммдык нан бышыргыч жетиштүү.
  • Программа тандоо маанилүү. Эгер сиз нан гана бышырам десеңиз, анда кошумча кыям, повидло кайнатуучу функциясы жок мешти алганыңыз оң.
  • Кээ бир мештер «кол менен жөндөө» режиминде иштейт. Анын жардамы менен түрдүү тамак-аштарга даярдалуучу камырларды убакыт-саатын белгилеп кнопканы басып, жуурутуп алууга мүмкүн. Мисалы, пицца, чүчпара, кесме жана башкалар үчүн камыр даярдап алса болот.
  • Кара нанды сүйсөңүз, меш кара нанга ылайыкталганбы же жокпу, сөзсүз караңыз. Анткени бардык мештер эле мындай нанга ылайыктала бербейт. Себеби кара нанды бышыруу үчүн температура дароо жогорулашы керек. Антпесе, жумшак нандын ордуна катыган кара нанды тиштеп тишиңизди түшүрүп алышыңыз мүмкүн.
  • Ал эми мейиз, жаңгак, данек же кургак мөмө-жемиштер аралашкан нан жегиси келгендер автоматташтырылган диспенсери бар мешти алса болот.

ИНДУКЦИЯЛЫК ЭЛЕКТР ПЛИТАСЫ
Индукциялык электр плитасы – магниттик талаанын пайда кылган индукциялык бурганактаган энергиясынын жардамы менен иштейт (индукция – жакын турган заттарга электр жана магниттүү энергиялардын таасир этиши). Электр плитасын иштеткенде анын айнек менен капталган үстүнкү бети ысыбайт. Колду күйгүзбөгөн мындай плитада металл идиштер кадимкидей ысып, тамак бышырууга жарайт.

ДЕН СООЛУККА ЗЫЯН ЭМЕСПИ?
Чындыгында, бардык электромагниттик талааны пайда кылуучу түзүлүштөр адамга зыян дешет. Индукциялык электр плитасынын канчалык зыяндуу экенин текшерип, аны фен менен салыштырып көрүшкөн. Алсак, чачты кургаткан фендин магниттик талаасынын таасири 2000 микротесланы, ал эми плитанын үстүнкү бетиндеги магниттик талаанын таасири болгону 22 микротесланы түзгөн. Бул ден соолукка зыян келтире албайт дегенге барабар.

АРТЫКЧЫЛЫКТАРЫ ЭМНЕДЕ?

  • Электр энергиясын үнөмдөйт.
  • Электр агымынын кубаттуулугу төмөн болсо да, керектүү кубаттуулукту камсыздап иштей берет.
  • Жууп-тазалаганга жеңил.
  • Башка плиталардын түтүктүү электр жылыткычына түшүп кеткен чаңдар, азыктар күйүп, жыт чыгарса, бул плита андай маселени жаратпайт.

МАГНИТ ЖАБЫШПАГАН ИДИШКЕ ТАМАК БЫШПАЙТ
Андыктан идиш тандап жатканда жаныңызга магнит ала барыңыз. Эгер магнит идишке жабыша турган болсо, анда ал индукциялык плитага ылайыктуу. Ал эми магнит жабышпаса, анда ал идиш ысыбайт. Мисалы, калай жана алюминийден жасалган идиштер тамак бышырууга жарамсыз. Ошондой эле идиш бир нече сантиметр плитадан өйдө көтөрүлүп турса, аны ысыта албай калат. Андыктан казандын түбү плитага тийип туруусу зарыл.
Айрым плиталар диаметри 8 сантиметрден кичине болгон идиштерди койсо иштебесе, айрымдары идиш коюлмайынча жанбайт. Бирок бул учурда бузулуп калдыбы деп санааркабай эле коюңуз. Муну плитага орнотулган датчик көзөмөлдөп турат, ошондой эле ал кичинекей балдарды ойноп баскылаганда өрт чыгып кетүүдөн жана денесинин бир жерин күйгүзүп алуудан сактайт.

Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (29)
Shekerbek
2013-11-19 15:04:53
нан бышыргыч канча сом болду экен? муну "электро-тандыро" деп коюш керек экен
+2
ail
2013-11-19 17:21:10
1 nan 3 saatta dayar bolot, birok ki4inekei nan. Bul jakta (Japan) 60 dollar turat
0
azamat.k
2013-11-19 18:10:32
Анан да биз жаныдан мулътиварка сатып алдык,ичине кандай тамака эмне керек болсо ошону туурап салып койсо,каалаган минутада бышып калат экен.
0
tengara
2013-11-25 04:39:46
azamat.k, ушул жонундо билгенинизден кобуроок айта кетсениз жаашы болот эле
0
assss
2013-11-19 19:23:28
буга 6 саат коротуп бир сапаты томон нан бышыргыча 1 саатта 10 нан тандырга бышырган жакшыда и сапаттууда болбойт!
0
assss
2013-11-19 19:25:03
буга 6 саат коротуп бир сапаты томон нан бышыргыча 1 саатта 10 нан тандырга бышырган жакшыда и сапаттууда болбойт!
0
semirbedim
2013-11-20 01:53:55
asss бул хлебопечка бекерчилерге эмес иштен колу бошобогондорго жакшы. мисалы эрте менен жумушка кетип жатып барын салып койсон кечинде келсен даяр болуп калат. же кечинде салып коюп жатсан эрте менен куйоонун ишке кетишине же балдарынын мектепке кетишине завтрака свежий бутерброт жасап берсен болот
+1
semirbedim
2013-11-20 01:56:19
бирок бул хлебопечка кыргыздарга туура келбейт. себеби кыргыздар нанды коп жейт.
+1
bai.kymbat
2013-11-20 13:13:46
semirbedim, - туура айтасын
0
never-cry
2013-11-20 14:49:00
semirbedim, tuura aitasyn kyrgyzdar nan kop jeibiz bizge ylayik emes.birok bolot 2je 3 adamga.miltivarkaga kyzygyp jurom men.jakshy originalyn bizge alyp kelip satyshpai jatat bolso alat elem
0
Sezy
2013-11-20 23:04:09
Men da koldonom nan bashyrgychty. Abdan jakshy daamdyy nan jasalat. 3 saat sarptalat. Ozym satyp almak emesmin prosto podarka bolchu yilonyy toiubuzda kelgen belek katary.
0
elnurin
2013-11-21 06:58:46
Колго жазалган нанга баары бир жетпейт. Мен колдонуп коргом, же туура рецепт мн жазалбадыбы эмне болду билбейм, иши кылып жазаган нан даамсыз болуп калган.
+1
Erkin.kg
2013-11-21 10:44:17
Админ.Булар кайсыл дукондордо сатылат?
0
Maxabat81
2013-11-22 18:57:13
Укмуш техникалар вот это дааа
0
ariet.88.kg
2013-11-23 21:24:20
Myna saga Nandyda ozunbuz jasabasak,Kyrgyzdar voobwe jalkoo bolup ketebiz i tak ta ozubuz jalkoobuz
0
tengara
2013-11-25 04:41:46
ariet.88.kg, туура айтасын.
0
Rostov-on-Don
2013-12-08 18:25:44
Буларды биз давно эле колдонуп журобуз го,особенно нан жасайм кундого бир нандан 3 адамбыз кенири жетет,даамдуу дагы!А тиги плитасын беш жыл мурун кайнагамдын уйунон коргом болчум Москвада!
0
Destro
2014-01-04 01:45:51
Булардын баары бар бизде цумга барсан турун табасын
0
ZANIA-92
2014-12-25 23:27:52
Печкасын колдонуп датам. Абдан ынгайлуу
0
№ 576, 15-ноябрь-21-ноябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан