ОшМУнун ректору, профессор Каныбек Исаков:«ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ ИЗДЕНҮҮ, ИЙГИЛИК ЖОЛУНДА»

Ош Мамлекеттик университети акыркы 2 жылда бир топ жетишкендиктерди багындырды. Аз убакыттын ичинде чоң университетти алдыга алып чыгуу, албетте, жетекчиден көз каранды. Ийгилик сырлары туурасында ОшМУнун ректору, профессор Каныбек Исаков менен ой бөлүштүк.

МЕЗГИЛДИН ДЕМИН СЕЗГЕН ЖАМААТ

– Каныбек агай, акыркы учурда ОшМУда жаңы саамалыктардын, жаңы ачылыштардын саны улам арбып бара жатат. Университеттеги жаңыланууларга токтоло кетсеңиз...
– Бүгүн мезгилдин демин сезип, заман менен тең жарышканга аракеттенүүдөбүз. Анткени өлкөбүздүн билим берүүсүндөгү реформалардан артта калбай, чоң изденүү менен алдында баратабыз деп айта алам. ОшМУну коомчулуктун кызыкчылыгын колдогон, гумандуу идеяларды коомго сунган, үлгү боло турган университет болсун деген ниетте иштөөдөбүз. 2012-жылы биринчилерден болуп экономика багытында эл аралык аккредитациядан өттүк. Учурда эл аралык жана улуттук көз карандысыз аккредитациядан өткөрүүгө 20га жакын адистиктерди даярдап жатабыз. Эл аралык билим берүүнүн интеграциясына аралашуу – башкы максатыбыз.
Ушул жылы 300 миң доллардын айланасында инвестиция тартуу менен Конфуций институтун ачып, 100дөн ашуун студенттерди кабыл алдык. Бул институт материалдык-техникалык базасы жагынан дүйнөлүк талаптарга жооп берген инвестициялык чоң долбоор болуп калды.
Андан сырткары ЮСАИД уюму менен биргеликте 100 миң доллардан ашуун каражатка 3 көз карандысыз тестирлөө жана дистанттык окутуу борборлорун ачтык. Студенттерге өз билимдерин, эмгегин реалдуу баалоого жол ачылды.
Кабыл алууну онлайн режиминде өзгөчө ачык-айкындуулукту камсыз кылуу менен өткөрдүк.
«Билим» лицейи ачылып, учурда 150дөн ашуун улан-кыздар окуп жатат. Лицейди ачууда улуттук нарк-насилге үндөгөн жана заманбап билим берген борбор болсун деген максатыбыз болду.
Жакында Түркия менен 5 миллион доллар каражатка бир окуу корпусун жана жатакана курууга келишим түзүлүп, «Ыйман» лицейин ишке киргиздик. Балдардын жүрөгүнө ыйман сиңирген, акыл-эсине билим үрөнүн сепкен ажайып билим борбору болот.
Бөбөктөрдүн жан дүйнөсүнө улуттук баалуулуктарды сиңирип, дүйнөлүк алдыңкы усулдар менен тарбия, билим бере турган 140 орундуу «Зирек» балдар бакчасы ачылганына саналуу гана күндөр болду. Бул жерде 3 тилди үйрөтөбүз, улуттук тарбия беребиз. Университет өзүнүн бала бакчасынан тартып докторантурага чейин иштей турган билим берүү деңгээлдерин түздү.
ОшМУ – классикалык университет болуп саналат. Себеби университетте 72ден ашуун адистик даярдалат. Университеттин медицина факультетинин окуу корпусунун алдында максималдуу түрдө пайдаланса, 200 орундуу дарылануу орундары бар, үч кабаттуу 3 миң чарчы метр аянтты түзгөн, заманбап типтеги медициналык клиника курууну баштадык. Буюрса, 2014-жылдын сентябрь айына ишке киргизебиз. Бул клиника илим менен өндүрүштү, теория менен практиканы айкалыштырган борбор болот.

«ИНДИЯ МЕНЕН БИРГЕЛИКТЕ ЖАҢЫ ТЕХНОЛОГИЯЛАР БОРБОРУН АЧАБЫЗ»

– Агай, жогоруда инновация жөнүндө кеп кылып калдыңыз, инновация, интеграция, инвестиция, интеллект, изденүү, ишеним, ийгилик деген ураандын алдында иш алып барып жатканыңызды укканым бар, буларды кененирээк чечмелеп берсеңиз...
– Азыр биздин алдыбызда үч чоң милдет турат. Биринчиси, эл аралык билим берүүдө кандай ийгиликтер жаралып жаткан болсо, алгылыктууларын иргеп алып, кыргыз турмушуна алып келип, ошол аркылуу өнүгүүнүн жолун табышыбыз керек. Ошол себептен билим берүүдө да эң мыкты усулдар, системдер калыптанып келе жатат. 2 жылдан бери кредиттик технологияга өтүп жатканыбыз эл аралык интеграцияга аралашуунун бир жолу. Бир топ адистиктер боюнча магистрлерди даярдап жатабыз. Магистратура системин күн сайын өркүндөтөбүз. PhD докторантураны түзүүнүн моделин иштеп жатабыз.
ЮСАИД менен биргеликте түштүк жергесинде эки баскычтуу билим берүү системине өтүүнүн технологиялары боюнча окуу лабораториясын ачалы деп жатабыз. «Кредиттик окуу технологиясы бизге кандай натыйжаларды жана кандай сабактарды берди? Кандай кемчиликтер кетти?» деп аныктап алып, аны жайылтуучу механизмдерди иштеп чыгышыбыз абзел. Ал үчүн парламент, өкмөт, министрлик тарабынан кабыл алына турган мыйзамдын жоболору иштелип чыгышы керек. Лабораторияда эки баскычтуу билим берүү системине зарыл долбоорлорду иштеп чыгып сунуштайлы деп жатабыз.
Кыргызстанда биринчи жолу билим берүүнү башкарууну автоматташтырган электрондук систем түздүк. Ал эми инвестиция деген чоң процесс. Эгер окуу жайдын жамааты изденүү менен иштеп жаткан болсо, ошол эмгекти эл аралык грант берүүчү түрдүү мекемелерге көрсөтүп, ишендире алса, анда ал жерде инвестиция пайда болот. Жардам сурап жалдыраган жерибиз жок, бирге иштешүүнүн жолун сунуштап жатабыз. Индия өлкөсү менен 1 миллион долларга инвестиция алганга келишимге кол койгонбуз. Университетте Кыргыз-Индия биргелешкен жаңы технологиялар борбору иштеп баштайт. Ал жерде санариптүү аппаратуралар, жаңы программалык жабдуулар болот, студенттерибиз өлкө өндүрүшүнө керектүү жаңы программаларды түзүшөт.

«ИНВЕСТИЦИЯЛАРДЫ ТАРТУУ БАГЫТЫНДА ИШТЕП ЖАТАБЫЗ»
– Ал эми изденүү, ишеним, ийгилик бул жогоруда айтылып өткөндөрдү толуктап турат. Ар бир факультеттин жамааты ректорду гана карап отурбастан, ар бири өз жумушуна изденүү менен мамиле кылсын деген багыт. Ишеним дегенде ар бирибиз өзүбүздүн күчүбүзгө, бири-бирибизге ишенишибиз керек. Ошол себептен бардык жерге ушул ураандарды илдик. Университет бир эле билим берүүдөн эмес, илим изилдөөдөн, өндүрүштөн, патенттерди сатуудан жана башка булактардан акча каражаттарын табууга күчүн жумшаш керек.

– Ар дайым жаңы нерсеге умтулган жетекчисиз. Сиз жакында эле Евросоюз өлкөлөрүндө иш сапарда болуп келипсиз. Ал жактан ОшМУнун өнүгүшүнө тийиштүү жагдайларды байкай алдыңызбы?
– Кайсы жерге барбайын, университетте пайдасы тие турган тарбиялоо, билим берүү системин өнүктүрүүгө аябай көңүл буруп, баш-отум менен кирип кетем. Эмнени көрсөм, эмнени түшүнсөм баарын кагазга жазып келем. Швециянын 1700-жылдары курулган Гётеборг университетине бардык. Ал окуу жай экологиялык жактан тазалыкты даңазалаган университет катары сертификат алыптыр. Ал жерден менин өзгөчө кызыкканым, магистратура менен докторантура болду. Ал эми Эстониянын Тарту университети 1632-жылы курулган. Ал окуу жайдын студенттери скайпты ойлоп табышкан. Анан бир спутникти Айга учурушуптур, азыр экинчиси даярдалыптыр. Буларды көрүп туруп «Биз кайсы деңгээлдебиз, алар кайсы деңгээлде?» деп ойго батам. Совет мезгилинде биздин 10дон ашык окутуучуларыбыз физика боюнча илимий иштерин Тарту университетинен жакташкан. Ошондой эски салттарыбызды кайрадан жандандыруу келишимдерин түздүк.

«ТАЛАНТТУУ ЖАШТАРГА КЕҢЕШИМДИ БЕРҮҮДӨН ЭС АЛАМ»
– Сиздин ОГПИге ректор болуп барып жасаган ийгиликтериңизди коомчулукта суктануу менен айтып жүрүшөт. Андан кийин ОшМУну да бир топ алдыга жылдырдыңыз. Булардын баарына күбө болуп турган адамда «Кантип эс аласыз?» деген суроо жаралбай койбойт экен...
– Мен жумушка келгенде чыныгы формамды сезем, ден соолугум да чыңалып калат. Изденип, бир нерсе жаратканга дайыма аракет кылам. Ошол себептен дем алыш күндөрү да иштеп турам. Ошол эле ОГПИде мен барганда эки ректорду кетиришип, ректор аттууга такыр ишеним кетип калган экен. Мага да алгач ошондой ишенбестик пайда болду. Бирок убакыт баарын көрсөтүп, жамаат 6 айда кантип ишке түшүп кеткенин билбей калды. Себеби бирөө жарымды күтүп отурбастан өзүм баш-отум менен ишке кирип кетем. Мага жардам бергендер менен идея бөлүшүп иштешип кетем.
ОГПИнин облигин, ички мазмунун таанылгыстай өзгөрттүк. ОшМУда да ынтымак, изденүү, ийгилик жаратууга жамааттын акыл-эсин багыттадык. Жамааттын ар бир мүчөсү бүгүн жаңыланууну, өзгөрүүнү, өнүгүүнү сезип жатат. Тынымсыз көркөм адабияттарды окуганга, дүйнөлүк руханий лидерлердин ойлорун окуп-үйрөнүүгө аракет жасайм. Студенттер менен пикир алышуудан, таланттуу улан-кыздарга устаттык кеп-кеңешимди берүүдөн эс алам.

– Эл камында жүргөн жетекчини, жаштардын билим алуусунда эмгектенип келген педагогду учурда эмне түйшүккө салат?
– Бүгүнкү күндө тарбиялоо системин алсыратып алдык. Эгемендүүлүк жылдарында төрөлгөн бала учурда 22ге чыкты. Мына, ал бала өзү ата-эне болгонго даяр болуп калды. Союз ыдырап, эгемендүүлүккө өткөн жылдары ал кыйналып турган үй-бүлөдөн кандай тарбия алды? Эртең өзүнүн баласына кандай тарбия берет? Ошон үчүн адамгерчиликке тарбиялоону, адамдык мамилелерди калыбына келтирүүнү, ыйманга тарбиялоону катуу колго алып жатабыз. Азыр жан дүйнөсү өзүмчүлдүк сезимге толгон жаштардын катмары пайда болду. Четтен түрдүү маданияттар кирип, биздин улуттук тарбияга кысым жасап жаштарыбызды тартып кетүүдө. Ушул тапта биз байкоочу болуп, кол жайып отура бербешибиз керек.

«СЕН КӨЙГӨЙДҮ АЙТЫП ЖАТКАНДА ӨЛКӨБҮЗДҮ СҮЙҮП, АЯП ТУРГУН»

– Анда сиздин «жаштарды гумандуулукка, ыймандуулукка тарбиялоо» деген демилгеңиз ушул себептен көтөрүлгөн экен да?
– Албетте. Жаштарды биздин улуттук аң-сезимге туура келбеген, өлкөнүн өнүгүшүнө терс таасирин тийгизген адаттарынан арылтуу керек. Мени кубандырганы, жаштардын көпчүлүгү адамдык баалуулуктарга умтулуп жатканы. Эртеңки Кыргызстандын образын түзүүчү адам бала бакчадагы тарбиячы, мектептеги мугалим, университеттеги профессорлор болушу керек. Ал жаш жаран заманбап билимге эгедер, жүрөгүндө адамдык сапаты бар, жардам сурагандарга колун сунууга даяр болгон адам болуш керек.
Кыргызстандагы кемчиликтерди, жетишсиздиктерди таап, айтууну модага айландырбадыкпы. Бирок мен айтар элем, сен көйгөйдү айт, бирок ошону айтып жатканда өлкөбүздү сүйүп, мамлекетибизди кадырлап тургун. Ошондо гана мекенибиздин чыныгы патриоттору болобуз. Ар бир инсан «Мен ушул сөзүм менен, ушул жүрүм-турумум менен мекениме доо кетирип жаткан жокмунбу?» деп ойлонуш керек. Антпесе, жеке укугубузду талап кылып жатып, мамлекетибиздин укугун тепсеп алдык. Кандай саясий күчтүн таасиринде болбойлу, жүрөк согуп турганда Кыргызстаныбызды сүйүп, аяп, коргоп турушубуз керек. Бул ойду идеологиялык калыпка салып, аң-сезимге жеткирүүбүз зарыл.

– Сиздин атыңыз чыкканда ОшМУ элестелет. Ар бир кадамыңыз, ар бир оюңуз университетке байланган. Кеч жумуштан чыгып алып университетке тийиштүү мекемелерге көз салып чыгарыңызды уккам. Мунун да окуу жайга тийгизген таасири болсо керек?..
– Ооба, кайсы жер начар болсо ишти ошол жерден баштайм. Аны билиш үчүн, кемчиликтерди көрүш үчүн бардык нерседен кабардар болуу керек. ОшМУ – аябай чоң тармактуу университет. Ош шаарынын 21 жеринде окуу корпустары, 8 жеринде жатаканалары бар. Түн жарым болобу, таң заардан болобу декан, кафедра башчы кимге болбосун байланышып, тийиштүү жумуштар жөнүндө сурап тактап, анан сөзсүз өз көзүм менен көргөнгө аракет кылам. Жетишсиз нерсени тийиштүү жетекчилерге тапшырып, ойлогон ишимди эртерээк ишке ашырганга шашам.

– Жакында Айтматовдун айкелин тургузду деп уктук?..
– Чыңгыз Айтматовдун айкелин эмне үчүн эки жерге тургуздук? Ал – кыргыздын идеологиясы, улуттук сыймыгы, руханий лидери. Дүйнөгө Айтматовдон башка ким менен сыймыктана алабыз? Түштүктүн эч жерине Айтматовдун айкели коюла элек. Университетте айкели турсун, студенттер жанына туруп сыймыктанып сүрөткө түшсүн. Анын ким экенин билишсин, унутушпасын. Айтматовдун дүйнөсүнө аралашсын деген ой менен тургузулду.

– Спорт жаатында да оозго аларлык иштерди жасаганыңыз жөнүндө айтпай кетпесек болбойт...
– Спорт бул университеттин башкы көрсөткүчтөрүнүн бири. Жакшы даярдыктан улам биз быйыл Республикалык Универсиадада өз лигабызда баш байгени алып, Жогорку Лигага чыктык. Казань шаарында өткөн Дүйнөлүк Универсиадада Кадыр Келсинбеков деген студентибиз байгелүү коло медалды тагынды. Спорттун 12 түрү боюнча ички федерацияларды түздүк. Федерацияларды проректорлор жетектеп, камкордук көрүшөт. Педагогика жана дене тарбия факультетинин алдында заманбап футболдук аянтча, арт жагына чоң теннистик корт курдук. Кампусубузда да табигый газондуу футболдук талаа жана волейбол, баскетболдук аянтчаларды жасадык.

Түркиянын Кастамону университетинин ректору Сейит Айдын менен келишим түзүү учуру.


Конфуций институтунун ачылыш аземи.«Таланттуу, жигердүү студенттерге тынбай кємєк кєрсєтүп келебиз».

Конфуций институтунун ачылыш аземи.

Уулбү Каныбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
13-nazi
2013-11-18 21:43:21
Кыргызстандагы ВУЗдардын ректорлорунун эн мыктысы. Ишинизге ийгилик!
0
olokon39
2013-11-18 22:58:44
Менда бир убактарда Ушул ОшМУда Контр стайк ойнойт елем агайлар менен кандай сонун убакытар
0
janet
2013-11-19 02:19:52
ушул системасы чирик универ жонундо жазбай эле койбопсунар. ал ачылды бул ачылды дейт, мугалимдерин зачетто 50 сомдон алганын токтоттубу? же токтотуп 100 сомдон алып калганбы? ошол борборлордун ачылганы менен мугалимдеринердин билим денгээли томон болсо мне пайда? туалеттер ремонттолгонбу? эмеректеринер жаныландыбы? компьютерный класста он компьютерден ону иштеп калганбы? декандарынар интернеттен дистанционный билим алабы же дале гороскоп окуйбу? доскага жазганга мел барбы? мына ошол жонундо
+1
subfield
2014-02-11 09:22:08
janet, )) Зачеттор, мен окуп жүргөндө, 250 дөн эле. Бир эжеке экзаменге 1000 сом алган. Сунушум бар, кадрларды жакшы тандашыңар керек. Ойлоп көрсөңөр, П
0
janet
2013-11-19 02:29:14
маек курсанар дурус болмок. мен тапшырган жылы Мурзубраимов ректор болчу, конверттерди оз алчу анда да ичин ачып карап, студенттерди мал сымал шайлоого айдаар эле. Орозбеков да ректордон депутат болду, мени шайласанар контракттын баасын тушуруп берем деп, анысы ошол бойдон калды. Азыр эми кандай иштеп атасын Каныбек агай? Сен да Бектемир агайындай чон там салдынбы винный погреби менен? канча толойт студенттер? кандай билим алып атат? жооп жаз ушул жерге, коменттерди окуй турганынды билем
+1
gutler
2013-11-19 14:04:37
ОшМУ-КОРРУПЦИЯНЫН чордону. Мактанаарлык билим деле бербейт,анткени мугалимдери деле анча билимдуу эмес. Анткени аларды жумушка тааныш-билиш жолу менен алышат. Мисалы, геофагында,жалан эле Матикеевдин жакындары,жердештери иштейт,билимдери ото тайкы.
0
Dina_85
2013-11-20 12:16:03
Сиздер 15 жыл баштагы корунушту жазыпсыздар, азыр жанылануу процесс жыл сайын озгоруп жатбайбы. Эгер чындыкты билгениздер келсе, Ош МУга келип, коруп кетиниздер. Чындыгында жанылануу болуп жаткандыгын козунуздор мн коросуздор.
0
Savai80
2013-11-21 18:28:38
Озум Ош МУну аяктап ал жерде мугалим да болуп иштеп журдум. 40тай коллективдин ичинен 5-6 мугалимдин эле билими талапка жооп бербесе калгандарыныкы билими ото тайкы болчу. Озу отуп жаткан предметти озу жакшы тушунчу эмес, анан кайдан студент оздоштурмок эле. Билим алууга талпынган студенттер коп болчу. Мугалимдин билиминин тайкылыгынан эчтеке билбей эле бутушту. Ош МУга ишке жайгашуу жалан тааныш жана акча менен бутчу. Капнчалаган студенттин убалына калышты, жалко просто
0
subfield
2014-02-11 09:40:51
Программалоо тилинен сабакка мугалимдер кирет эле, алар мисалы, ошол программаны компьютерге орното албай, бизден тест(андан кийин акча) алат эле.
Окуу пландары эскирген, керексиз, акча гана алган сабактар өтө көп.
Сунушум бар, Каныбек Абдуваситович, айлык акыны көбөйтүп, чыныгы, өз ишин билген мугалимдерди, аз санда болсо да, ишке тартсаңыздар. Антпесе, эч нерсени билбеген лаборанттар мугалим болуп калып кетип жатышат.
0
senmen
2014-03-30 13:53:18
Каныбек Абдуваситовичти жакшы билем. Ал жетекчи болуп, баарган жерине байрак илип, домбура кагат. Бирок мааниси озгорбойт. Бирок ал кишинин саясый позициясы ар дайым озгоруп, кубулуп турат.
0
№ 576, 15-ноябрь-21-ноябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан