ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (18-ноябрдан 24-ноябрга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Бардык нерсеге даяр болуңуз. Анткени апта жагымсыз да, кубанычтуу да окуялар менен коштолмокчу. Шейшемби бир катар маселелер менен сизди түйшөлтөт. Жума күнү жасаган ишиңизди жетекчилик баалап, алкыш угасыз. Ишембиде көптөн бери каалап жүргөн буюмуңузду сатып алып кубанасыз.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Бул аптада каржылык абалыңыз оңолот. Андыктан кыймылсыз мүлк, ири буюм сатып алууга киришиңиз. Шейшембиде пайдалуу сунуштан баш тартпаңыз. Бейшембиде юристтин кеңешине кайрылууңуз мүмкүн. Апта аягында электр буюмдарын колдонууда абайлаңыз.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Апта ичинде эки анжы ойго тушуккан кырдаалга кезигесиз. Чечим чыгаруу кыйынчылык жаратса, кийинкиге калтыра турганыңыз оң. Шаршембиде кимдир бирөөнө убада берүүдөн качыңыз. Аптанын экинчи жарымында жаңы таанышуулар орун алат. Бул таанышуу айрым маселелердин оң жолго салынышына өбөлгө түзөт.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Жумуш сизден көп күчтү талап кылат, бирок ошого жараша өзүн актайт. Тамак-ашты кынаптап ичпесеңиз, бул аптада ашказан жана ич оорулары менен жабыркап калуу коркунучу бар. Бейшембиде акча иштерине бирөөлөрдү аралаштырсаңыз, чыгаша тартып каласыз. Ишембиде келечекте сизге ийгилик алып келчү идеяга ээ болосуз.

АРСТАН (23.07-23.08)
Алдыга койгон максатка жетүүгө бут тоскондор болот. Тыңыраак болуңуз, ошондо ийгилик сиз тарапка оойт. Шейшембиде достор арасында жагымдуу жолугушуу өтөт. Аптада бойдокторго түгөйлүү болуп калуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Дем алыш күндөрү той, мааракелер менен коштолот. Ушул күндөрү этият болбосоңуз, ден соолугуңуз начарлап, эски илдетиңиз козголушу мүмкүн.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Сүйүүдөгү маселелердин көбүн адамдар өздөрү жасап же ойлоп таап алышат. Андыктан жүрөгүңүзгө ишениңиз, ал алдабайт. Маанилүү маалыматты сынактан өткөн шеригиңизге гана дайындаңыз. Апта философияны, психологияны окуп-үйрөнүүгө ылайыктуу. Шейшембиде достордун араздашуусуна, жума күнү чакан сюрпризге туш болосуз.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Сизди адаттагы түйшүгү бүтпөгөн апта күтүп турат. Колдооңузга муктаж болгон адам чыгат, сунушун четке какпаңыз. Эң маанилүү деп эсептеген жумушуңузду апта башында бүткөрүүгө аракет кылсаңыз, жыйынтыгы сиз ойлогондой болот. Миздүү буюмдарды колдонууда абайлаңыз. Жекшембиде эски сүйүүңүзгө жолугасыз.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Сиздин жашоону толугу менен жаңы нукка бурган жагдай орун алат. Бир кезде кимдир бирөөгө жасаган жакшылыгыңыз ашыгы менен кайтып, ичиңиз жылыйт. Чырдуу окуяга кийлигишүүдөн абайлаңыз, катуу сөзгө калышыңыз мүмкүн. Апта соңу жагымдуу эс алуу менен коштолот.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Бир катар майда маселелер чыгат. Аларды өз убагында бүтүрүүгө тырышыңыз, болбосо чоң тоскоолдукка айланат. Аптанын экинчи жарымында акча маселеси жаралышы мүмкүн. Бейшембиде таарынышып жүргөн жакыныңыз менен жарашасыз. Окуяга бай апта өз соңунда сизди бир кыйла кубантат.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Каржылык абалыңызды жакшыртуу үчүн тобокелчиликке барууга туура келет. Өтө кылдат болбосоңуз, зыян тартып калуу коркунучу бар. Жаңы жүздөр менен баарлашып, бирөөлөр менен ынак мамиле курушуңуз күтүлөт. Ашыкча акча коротпогонго аракет жасаңыз. Себеби аптанын аягында капчыгыңыз бошоп, түпөйүл түшүшүңүз ыктымал.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Бул аптада сиздин эркиңизге баш ийбеген жаңы сүйүүгө кабыласыз. Эгер бул мамилени кармап калсаңыз, жыйынтыгы ийгиликтүү болмокчу. Жума күнү уйкуңуз канбай, өзүңүздү алсыз сезесиз. Саламаттык үчүн таза абада сейилдөө жакшы экенин дем алыш күндөрү эске алганыңыз оң.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Жеке жашооңузда өзгөрүүлөр болушу мүмкүн. Күмөндүү иштерге акча жумшоодон баш тартыңыз. Шейшембиде орунсуз жоруктар менен жетекчиликтин көзүнө урунбоо кажет. Шаршембиде иште күтүүсүз текшерүүлөр болушу ыктымал. Ишембиде ат арытып келген конокторго убакыт бөлөсүз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 576, 15-ноябрь-21-ноябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан