ТӨРӨТКАНАДАН УУРДАЛГАН ЫМЫРКАЙ ТАБЫЛДЫ

Акыркы кездерде ак халатчандарга калктын ишеними азайгандан азайып барат. Кечээ жакында төрөтканадан жоголгон ымыркайдын окуясы да буга кошумча болду.

АКЧА МЕНЕН ЭСЕПТЕЛГЕН ДЕН СООЛУК
Үстүбүздөгү жылдын 5-ноябрь күнү милиция кызматкерлерине Бишкектин №4-төрөт үйүнөн болжол менен саат 00:25те ымыркай уурдалгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Ымыркай кыз ушул жылдын 10-октябрында төрөлгөн. Энеси Айниса Суранчиева төрөттөн кийин абалы оорлоп, Улуттук госпиталга жаткырылган. Туугандарынын баары абалы оор эненин жанында алаксып жүргөн тапта наристе жоголуп отурат. Балким, баланы кароо үчүн төрөткана кызматкерлерине акча берилбей калган чыгар, ошон үчүн бала каралбай калгандыр. Ушул жерден «Ууру кайдан келди? Ымыркайдын туугандары жанында жок экенин кайдан билди?» деген суроо туулат. Демейде "көрүндүк бермейинче" оңой менен ачылбаган оорукананын эшиги бул жолу кароосуз калганы таңдандырат...

«КЫЗЫМДЫН ЖОГОЛУШУНА ДАРЫГЕРЛЕР КҮНӨӨЛҮҮ»
Бул факт боюнча жоголгон наристенин атасы АЛМАЗБЕК ТУРСУНАЛИЕВге жолугуп, кененирээк маалымат алдык:
– Келинчегим Айниса экөөбүз 7 жылдан бери Москва шаарында жашап, иштейбиз. Июнь айында агам менен чоң энем каза болуп, Кыргызстанга келгенбиз. Ал учурда Айнисанын боюнда бар эле. Айы-күнү жакындап калгандыктан бул жактан төрөсүн деп таштап, өзүм кайра Москвага кеткем. Келинчегим Ысык-Көл районундагы Жаркымбаев айылына каттоого турса, "кесарево жолу менен төрөшүң керек" деп врачтар Бишкекке жолдомо жазып бериптир.
Бишкектен №2-төрөтканага катталат. Анан убактысынан эрте төрөй турган болуп, ал төрөтканада вакуум жок, дарыгерлер келинчегимди №4-төрөтканага жөнөтүшөт. Ал жактан операция аркылуу кыз төрөп, келинчегимдин ден соолугу начарлап кеткендигине байланыштуу Улуттук госпиталга которулган. Кызыбыз болсо төрөтканада калыптыр. Анын уурдалганын мен 2 күн өткөндөн кийин билдим. Туугандар «табылып калат чыгар, тынчын албай туралы» деп айтышпаптыр. Угар замат эле Бишкекке учуп келдим.
Азыр келинчегим М.Мамакеев атындагы Улуттук хирургиялык борбордо дарыланууда. Ал бир чети ооруп жатса, бир чети «какаганга муштаган» болуп кызын ойлоп кыйналып жатат.

«ТӨРӨТКАНАГА ВИДЕОКАМЕРА ОРНОТУЛУШУ КЕРЕК»
Сөзгө Айнисанын эжеси САБИРА СУРАНЧИЕВА кошулду:
– Бизди жаңы төрөгөн кызыбыздын саламаттыгынын начарлыгы ойлондуруп жатканда медиктер ымыркайыбызды жоготуп жиберишиптир. Ууру алыстан келбейт, арасында эле жүрөт. Мен эки жолу наристени көрөйүн деп барсам киргизбей коюшкан. Кийин болбой эле көрүп чыккам. Азыр Саламаттыкты сактоо департаментинин кызматкерлери, юристтер, укук коргоо кызматкерлери иштеп, "3-4 күндө жыйынтык чыгарабыз" деп ишендирип жатышат.
Вакуум шаар боюнча бир гана №4-төрөтканада бар болгондуктан, ал жер коррупциянын ордосуна айланыптыр. Төрөтканада балдар жаткан бөлмөдө сөзсүз видеобайкоочу камералар орнотулса бала жоголбойт болчу. Төрөткана кызматкерлеринин сурак учурундагы көрсөтмөлөрү бири-бирине дал келбей жатат. Демек, биздин оюбузча, баланын уурдалганына алардын тиешеси бар!

«ТӨРӨТКАНАНЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫ ЖУМУШУНАН АЛЫНДЫ»
Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы адиси АЙГҮЛ БООБЕКОВА жогорудагы окуя тууралуу төмөнкүдөй маалымат берди:
– Бул окуя боюнча Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Саламаттыкты сактоо департаменти тарабынан комиссия түзүлүп, иликтөө иштери жүргөн. 9-ноябрда Саламаттыкты сактоо министрлигинде министрдин катышуусу менен чоң жыйын болду жана комиссиянын чыгарган жыйынтыгы боюнча, №4-төрөткананын башкы дарыгери, ошол күнү күзөттө турган медицина кызматкерлери жумушунан четтетилип, айрымдарына сөгүш жарыяланды. Мындай окуя биринчи жолу болуп жатат. Көп жыл мурун бала сатуу боюнча бир окуя катталып, күнөөлүү делген медицина кызматкери соттун чечими менен акталып кеткен эле. Эми мындан ары медицина кызматкерлери менен иш жүргүзүп, кайра кайталанбашы үчүн аракет кылабыз.
Ден соолугу чың, өз убагында төрөлгөн балдар энеси менен чогуу жатат. Ал эми убактысынан мурун төрөлүп, төрөттөн кийин кыйналып же кандайдыр бир оорусу бар балдар 2-этаптагы бөлүмгө жаткырылат. Ал жерде 5 медициналык кызматкер нөөмөттө турат. Менин оюмча, алар өздөрүнүн кесиптик милдеттерин так аткарбагандыктан ушундай көрүнүш болду. Эми калганын укук коргоо органдары иликтеп, анан жыйынтык чыгарыш керек.

«ТЕРГӨӨ ЖҮРҮП ЖАТАТ»
Гезит басууга даярдалып жатканда жоголгон ымыркай табылганын Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынын инспектору ОЛЖОБАЙ КАЗАБАЕВ маалымдады:
– Төрөтканадан бала уурдалган кылмыш көп жылдан бери биринчи жолу катталды. Жоголгон ымыркай 14-ноябрь күнү Бишкек шаарындагы Асанбай кичи районунан табылды. Кылмышка шектелип 29 жаштагы Нуржан аттуу келин кармалды. Ымыркай үчүн метрика алганга да үлгүргөн. Ал келин боюнда болбой, анын айынан күйөөсү ажырашмакчы болуптур. Үй-бүлөсүн сактап калуу максатында ал күйөөсүн "боюмда бар" деп алдап сактануу бөлүмүндө дарыланып жүргөн. Бул кылмышка дарыгерлердин да тиешеси бар болушу мүмкүн. Себеби ал боюнда болбосо кантип сактануу үчүн дарыланат жана ымыркайга кантип метрика алат?! Азыркы тапта аталган факт боюнча Кылмыш жана жаза кодексинин 123-беренесинин (адам уурдоо) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.

"Төрөтканада акча сууруп, паракорлук өнүккөн" деген фактылар көп айтылып келүүдө. Мунун жоюлушуна жалпы коомчулук да жапа тырмак жардам бериши, жоопкер болушу кажет.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg

«Супердин» сурак бурчу
ТӨРӨТ ҮЙҮНДӨ ДАРЫГЕРЛЕРДИН КАЙДИГЕРЛИГИНЕ КАБЫЛДЫҢЫЗ БЕЛЕ?

Заирбек Нуриев, 38 жашта:
– Врачтар карабай койгон учур болгон эмес. Бирок бир ирет балалуу болгондо врачтарга акча берип, ошондо алар өтө жакшы карашкан. Кийин келинчегим ооруканадан чыкканда тамашалап "Кантип жалдадың?" деп күлүп жүргөн.

Аман Нурсалиев, 41 жашта:
– Андай учурлар болгон эмес. Менин жеке оюмда, дарыгерлер жакшы эле карашат. Ар кандай адам бар. Дарыгерлердин деле арасында жамандары бар. Баары жакшы деп айтканга да болбойт

Роза Едигеева, 40 жашта:
– Төрөт үйүндө андай учурлар болгон эмес. Бирок азыр ооруканаларда дарыгерлерге акча берип гана дарыланасың. Бир эле оорукана эмес, башка жерлерде деле ушундай коррупция гүлдөгөн көрүнүш.

Шахобидин Бегматов, 28 жашта:
– Келинчегимди төрөт үйүнө алып барганда дарыгерлер жакшы караган эмес. Акча берсем жакшы карашкан. Ошондон кийин дарыгерлер акчаң болбосо деле карайт, бирок акча берсең жакшы карайт экен деп калдым.

Жанар Алгожоева, 46 жашта:
– Менин төрт балам бар. Төрөгөндө дарыгерлердин кайдигерлигине кабылган эмесмин. Бирок бир кызым операция болгондо дарыгер кассага төлөгөн акчадан сырткары да акча сураган болчу.

Келдибек Сайпидин уулу, 21 жашта:
– Азыр бизде дарыгерлер акча берсең гана жакшы карап, дарылашат. Ал эми акчаң жок болсо, анчалык деле көңүл бурушпайт. Бул төрөт үйлөрүнө деле тиешелүү десем
болот.

Алтынай Тынышова, 21 жашта:
– Төрөт үйлөрүндөгү кызматкерлер тууралуу жалаң терс пикирлер айтылып келет, муну жогору жактагылар катуу көзөмөлдөсө жакшы болмок. Алардын шалаакылыгы жөнүндө көп эле угуп жүрөм, бирок өзүм кабылган эмесмин.

Айбала Эргешов
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Уурдалган ымыркай табылды
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (17)
solnyshko
2013-11-18 10:50:05
Кудай сактасын!!! ! Учетум боюнча мен да ушул 4чу роддомдо торойм жакында, коркуп да калдым.Бул роддомду тээ илгертен эле криминалдуу дешет.То торолгон бала чарчап калат то уурдатып ийишет.Былтыры эжемдин толгоосу башталып ушул роддомго алып келсек,врачтар Бээмарал,камаравайт эч нерседен.Дагы 1-2 жума бар деп кетирип ийишкен.Анан темселеп бир частныйга алып барсак,2сааттан кийинле торогон.Тан калгам кантип адашышат врачтар?Роддомдун ичи кир, иши кылып рожать страшно.
0
Jamalym
2013-11-18 11:32:58
solnyshko, жаман ойлордон алыс болуп эсен-аман коз жарып алыныз.Кудай озу сактасын мындай окуядан.
0
solnyshko
2013-11-18 11:38:56
Jamalym, рахмат чоон.
0
dilzata
2013-11-18 11:32:26
Шаар ошондой деп угам, Айыл жеринде адамгерчилик бар... Негизгиси ар дир дарыгер оз бурчун билсе...
+1
Aelit
2013-11-18 12:02:55
Милиция менен доктурларга кунубуз тушпосун!Азыркы заманда акча эн башкы роль ойноп калганы ото окунучтуу!Кудайдын бар экенин билбеген кандай адам ушул жолго барды экен? Адам деген гана аты барлар!Силерге караганда, айбан болсо да АКБАРАнын журогу,мээрими бар экен !
+1
saidka
2013-11-18 12:42:15
оо. Шаарда торош опасный. Андан коро райондук больницаларда эле торогон жакшы. Бири биринди тааныйсын дегендей. Менинда бир эжемда ушундай окуяга кабылган 2005чи жылдары. Азырга чейн кызынын тируу экенине ишенет. Алар кызын олду дешип денесин корсоткон эмес. Ээх ыйман берсин баарына.
+1
Beise
2013-11-18 15:38:41
бул жерде эки криминал бар окшойт адегенде эркек бала торолгон аны эркек бала керек кишиге алмаштырып анын кызын дагы сатышкан болуш керек бет жок экен врачтарда адамдын омуру укугу менен ойногон акмактар соз жок бизде закон жокко эсе ошол учун ушундай ишке барышты да
0
Doctor
2013-11-18 19:52:59
мен толгоосу башталгандан тартып жанында болгом.
чык дешсе болбой,торотко катышкам. ишенбеш керек эч кимге. жанында созсуз бироо болуш керек деп ойлойм.
0
Sheva
2013-11-18 20:02:32
Коррупциянын натыйжасыда мунун баары
0
ROUSE
2013-11-19 00:03:52
4 2011 торогом. коррупция жб жок эле жакшы караган.
0
RACh
2013-11-19 10:14:59
Бул окуядан кийин эми торогондон да корокосун. Мен биринчи кызымды ушул роддомдон торогом. Эми айтпай эле кой врачтардын таш боорлугун. Мен тундо соот 00,30 толгом катуу болуп барса, сен эртен саат учто торойсун уйуно барып уктап анан эртен кел деп албай койушту. Ана жолдошум болбой врач менен урушуп жатып эшиктин алдында саат 2ге чейин турдук.Эптеп таанышыбызга чалып аран (вообще то учетум ошол жерде эле) киргизишти анан, саат 3.15 башы чыгып калганда келишип торотушподубу.
0
kanu
2013-11-19 14:02:38
ооба негизи врачтардын эн грубыйлары торот уйундо кездешет,озу жаны козуно корунуп турган аялдарды кагып силкип торотот,ошолорго жакы соз айтса врачтар ооруганын да байкабай калышат деген пикир берет элем.Чын эле акча берсен куйоондун туруно карап кийингенине карап туруп мамиле жасашат,бул нерсени торогон аялдар баарынын башынан отсо керек,ошон учун акча колдун кири деп болгон акчабызды берип торот уйуно барабыз,ато жанын козуно корунуп жаканда жакшы соз укпасан андан откон ооруу барбы.бирдемке
0
kanu
2013-11-19 14:03:57
деп соз кайтарайын дейсин коркосун баланды аман эсен коргун келет.Оздору эне болуп туруп баланы сатып жибергенден кийин канча энени сыздатып,булардын колунан любой нерсени кутсо болчудай
0
meky85
2013-11-19 14:37:38
Азыр роддомго киргенде эле врачтар кийингенинди ону башынды карап туруп мамиле кылат.Кызмат дагы акча дагы колдун кири да адамдын конулун деле ойлошпойт
+1
future_kg
2013-11-20 07:07:16
Ээ аман эле болушсунчу! Консультацияга эки жуз ,уч жуз тыштап кой дегенчи, как будто частный поликлиника сыяктанып((
0
jibeka_foreve.live
2013-11-21 16:01:20
Эн негизгиси табылыптыр, калганы кудайга тиешелуу. Ким уурдаган болсо тез эле ачыка чыгыт
0
Kg.lady
2013-11-21 23:34:29
Аламидин1 бирдеги роддомдо торотуучу врачтарды. алдын ала сатып алышчуу,кимисин колу женил болсо,ошону тандап, бир эки ай мурун акча берип, мени торотосун деп, бул нерсе 2007-жылдары эле,азыр кандай болуп калды билбейм.
0
№ 576, 15-ноябрь-21-ноябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан