«Жебе» тобу:«УШАКТАШКАН ЭРКЕКТЕРДЕН ЭМЕСПИЗ»

Маек курууга шашылып келе жаткан жигиттер МАИ кызматкерлерине кабылып, рулда отурган Медер документтерин алдырып коюптур. «Жаңы эле унаа алып, айдап чыгары менен күбөлүгүн алдырып койбодубу» деп кобуранып киришкен жигиттерди сырттан кароо кызык болду. Бири ачууга алдырса, бири жайдары бойдон. Ушундан улам «Жебенин» жигиттери бири-бирин кандай сындайт болду экен деп кызыгып көрдүм.

Самат:«МИНУРДАН ӨТКӨН РОМАНТИК КӨРӨ ЭЛЕКМИН»
Топтун лидери аталган Самат менен Минур беш жыл бирге окушкан. Студенттик күндөрдөн тартып чогуу жүргөн достор бири-бири жөнүндө кеп салышмакчы.
– Эх, азыр Минурдун сырларын ачып берем (күлүп). Айтып коюшат эмеспи «чыныгы достор жан дүйнөсү бир, бирок эки башка денедеги адамдар» деп. Мына ушул сөз Минур экөөбүз жөнүндө. Экөөбүз ырчы болобуз деп кыялданчубуз. "Кимибиз биринчи сахнага чыксак, экинчибизге жардам беребиз" деп антташканбыз. «Жаштын тилегин берет» деген чын тура, мына минтип экөөбүз тең ырдап калдык.
Минур үй-бүлөдө эң улуусу болгондуктан, жөнү жок көчөдө басып, теңтуштары менен ашыкча жолугушууга убактысы да, каалоосу да жок. Өтө кызганчаак, жалгыз карындашы бар, аны карыш бастырбай кайтарат. Кыздарга келгенде мындан өткөн романтик көрө элекмин. Сюрпризди укмуш жасайт. Белек берүүдөгү фантазиясы күчтүү. Бирок чыгармачылык деп жүрүп азыр сүйлөшкөн кызы жок, идеяларынын баары "уктап" жаткан учур.
Досумдун жылдызы Тараза болгондуктан, тырмактай ишти аткарыш үчүн ойлонуп-толгонуп отура бергени жакпайт. Ал чечим кабыл алгыча айланадагы адамдар бүт жумушту бүтүрүп коюшат. Жакшы багытты көрсөтүп турсаң да, өзүнүкүн бербеген көк беттиги бар. И-и, анан эң жаман жери, эгер бирөө жарым менен урушуп, маанайы жок болуп турганда кокустан сүйлөп алсаң, жинин сенден чыгарып тынат.

Минур:«САМАТ МАСЕЛЕНИ МУШТУМ МЕНЕН ЧЕЧЕТ»
– Мени аябай эле сүрөттөп салбадыбы. Мен жай кыймылдасам, Самат анын карама-каршысы. Качан карасаң шашкалактап жүрөт.
Саматтын мага жаккан кыялы – адамды көндүрө билгени. Мен кийимди өтө кылдаттык менен тандайм да, Самат жанымда болсо аны-муну сүйлөп жатып жакпаган кийимди да көзүңө сонун көрсөтүп коёт. Анан алданган бойдон жакпаган кийимди кийип кете бересиң. Сөз байлыгы укмуш эми, таттуу сүйлөп кыздарды көп нерсеге көндүрө алат.
Кызыгы, мен сүйлөшкөн кыздардын жакын курбулары менен Самат сүйлөшүп калат. Дайыма компаниябыз бир болуп чыкканына таң калам. Мындан улам кыздарга болгон табитибиз окшош деп калабыз. Өзү деле менден кем эмес романтик.
Анан Самат кызуу кандуу. Катуу жини келсе маселени муштум менен чечип коймой жайы бар. Мен андай ызы-чуудан алысмын.
Самат жашоодо лидер адамдардын катарын толуктайт. Бир карап Кенже эже экөөнүн кыял-жоруктарын окшоштуруп коём. Себеби ал дагы Саматтай ачык-айрым адам. Эмоциясынын баары жүзүнөн көрүнүп турат. Уюштуруучулук таланты да бар, майрамдык маанай жаратканга уста.
Анан топтогу жигиттердин мага жакканы, кишинин артынан сүйлөп, ушакташкан эркектерден эместиги. Себеби эркектердин ушакташканын көрүп эле жүрбөйбүзбү. Бул биздин топтогу асыл сапат десем болот.

Кумар:«МЕДЕР ЭМОЦИЯСЫН ТАКЫР СЫРТКА ЧЫГАРБАЙТ»
Кепти ага-инилер Медер менен Кумарга бурдум. Ортосунда 3 жаш айырма болгону менен, эгиз козудай ээрчишип өсүшкөнүн айтып Кумар сөз баштады.
– Агам Медер тазалыкты сүйөт. Дайыма «ий, кийин жубайым тазалыкты сактай билбесе кантем?» деп кейигени кейиген. Анан жашоонун жыргалын баалай билген жигит. Биз уйкубуз келсе кичине кыйшая коюп, машинада шылкылдап кете беребиз. Бул андайга жол бербейт. Айланасын оңдоп-түзөп, анан бетине бир да бырыш түшүрбөй керилип уктайт. Тамакты жегени тимеле искусство. Кичине нерсени жарым саат чайнап, анан жутат. Кыскасы, ашказанын аябай сыйлайт.
Эмоциясын сыртка такыр чыгарбаган жан. Эгер тыгынга туш келсе, 3-4 саат рулду кармаган бойдон кың дебей отура берет. Мен жүз жолу сигналды басып, башка айдоочулар менен бир нече жолу кырылышканга үлгүрөм. Анан жаш балдарга ушунчалык жакын. Кенже эженин кызы Томирис экөө дос. Калп эле Медерди урумуш болуп калсаң, Томирис ыйлап жиберет. Кийин үй-бүлөгө карамдуу, көп балалуу болсо керек дей берем.
Медер – чыныгы искусствонун адамы. Атам окууга тапшырарда «милиция кызматкери болосуң» деп чыккан. Бирок Кенже эженин кеңеши менен режиссёрлукка тапшырды. Жыйынтыгында быйыл "Жибек Жолу" фонду менен Кинематографияны өнүктүрүү фонду биргеликте уюштурган кинофестивалда «Кыялдануу зыян эмес» деген кыска метраждуу тасмасы биринчи орунга татыды.

Медер:«КУМАРДЫН КЫЗГАНЧААКТЫГЫ ЭЛДЕ ЖОК»
– Кумар экөөбүз ага-ини катары эмес, эгиздердей өстүк. Бир иш баштаарда сөзсүз Кумар менен кеңешип, анан чечим чыгарам. Ал да ошондой, мени менен кеңешмейин эч нерсе кылбайт. Ортобузда бир туугандыктан да бийик турган чыныгы эркектик мамиле бар.
Кумардын мүнөзү аябай жайдары. Бирок бир нерсе көңүлүнө жакпай калса, дароо эле туталанып, ай-ой дегиче колдору иштеп кетет. Достору жөнүндө бирөө жаман сөз айтып койсо, ошол жерден күйүп-бышып, жан тартып баштайт. Негизи, жакындары үчүн жанын бергенге даяр, чындык үчүн күрөшкөндөн эрикпеген адам. Сыртынан эрке бала көрүнгөнү менен, жашоодо билимге умтулган, тырышчаак жигит.
Кумарга ашык болгон кыздар чынында кө-өп. Мен адамды жаман көрүп турсам да, көңүлүн түшүрбөө үчүн жылмайып туруп берсем, Кумар шарт этип болгонун болгондой айтып салат. Кызганчаактыгы эми элде жок. Карындашыбы, сүйлөшкөн кызыбы, буга гана таандык болушу керек. Болбосо у-ух жаман болот (күлүп).
Чындыгында, топтогу жигиттер деле жакын достордонбуз да. Анан жигиттер башка достору менен көпкө жүрүп калса, «бизди унутпадыңбы?» деп кызганып калабыз. Мындай кыял ар бир адамда болсо керек.

Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
“Жебе” тобунун жигиттери бири-бирин сындашканда
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (31)
tempo_osh
2013-11-19 01:49:39
ejeme Meder jagat, he-hee
0
Ernestik
2013-11-19 14:07:24
Сахнада кыздардай болуп чойулуп керилбей,эркектердей тарс-турс болсонорчу. Ийгилик!
+1
saidka
2013-11-19 16:30:09
ушулардын ырын бирда укпапмын. Мактанат эле мактанат... Унуда мактангыдай болсо жакшыы болмок. Ну Кенже эжеге ишенем)))
-1
momi
2013-11-19 17:07:23
молодцы
0
Jamalym
2013-11-19 18:43:48
Учоо Тимбеленддин бут кийимдерин кычыратып кийишиптир го э :)
0
Nara_zi
2013-11-20 01:56:56
Алга Жебе тобу. Сиздерди сыйлаймын жана албан - албан ийгиликтер! ! Эн сонун суроолор жана мыкты жооптор.
0
admin_media
2013-11-20 09:57:09
aygesha,
Ар бир колдонуучу эреженин талабына ылайын өз ой-пикирин жазып калтырууга укугу бар! Башка колдонуучуга асылбай, өз пикириңизди тема боюнча калтырыңыз!
+1
temir
2013-11-21 01:10:43
Кумар и Самат силерге соз жок!!!
+1
Erkin.kg
2013-11-21 11:15:31
Булар кимдер? F4туурагандарбы?
-1
Tahmina94
2013-11-21 13:06:48
Медердин мунозу жакты.Чыгармачылык ийгилик каалайм
0
Aselina_kg
2013-11-21 16:55:25
Торто тен жагат,Медерди иниси деп журсом агасы экендааа...жаш корунот Кумардан,озун аябай ухоживайтетго сыягы!Негизи бары жылдыздуу,анан ырларынарда кобойтсонор соонун болмок да.Кенже эже просто молодец!
+1
Umut.94.13.11
2013-11-22 10:51:16
Жениш жениш жана жениш алга!
0
mikrop
2013-11-23 01:01:59
maga da bul baldar...Ayruk4a Meder... Korey baldaryna da okshop ketishet eken.Bulardin bir ele klibi bar go egerde janilbasam... Dagy kop-kop yrlardy jaratkyla... Tobunardin omuru uzun bolsun.
0
netsa
2013-11-23 12:46:55
азаматтар!
0
admin_media
2013-11-25 10:18:00
Mirish,
Адамдын намысына шек келтирген сөздөрдү камтыган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат!
3 күн банга!
0
№ 576, 15-ноябрь-21-ноябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан