Алтын кенинин тагдырын чечүүдө «50 пайыздык үлүшкө жетүү – жетишкендик» деген позицияны Жантөрө Сатыбалдиев бекем карманып, саясатчылардын жоон тобу «67 пайыз болуш керек» деп, дагы бир тобу «улутташтыруу керек» деп жатышкан. Ушул аптада «Кумтөрдү» улутташтыруу боюнча президент Алмазбек Атамбаевдин да ыктай баштаганы биринчи жолу айтылды.
КЕН ТАГДЫРЫ ЖАҢЫ ЖЫЛГА ЧЕЙИН ЧЕЧИЛИШИ МҮМКҮН
Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев 12-ноябрь күнү «Кумтөр» боюнча маалымат жыйын берип, анда: «Фракция лидерлери президент Алмазбек Атамбаев менен жолугуп чыктык. «Кумтөр» боюнча да сөз болду. Президент «Кумтөрдү» 100 пайыз Кыргызстанга алууга ыктоодо»,- деди. Текебаевдин айтымында, мамлекет башчы «эгерде «Кумтөрдү» ала турган болсок, анда этият болушубуз керек. Бир катар оорчулук жараткан жагдайлар бар, аларды так иликтеп көрүшүбүз зарыл» деген.
Кеп "Кумтөр" кенин «Центеррадан» 100 пайыз менен алуу тууралуу болсо, бул, демек, алтын ишканасы улутташтырылат дегенди билдирет. Мындайда акционерлердин чыгымын төлөп берүү шарты коюлат. Анын жана башка маселелердин алдын алуу максатында Өмүрбек Текебаев «Улутташтыруу жөнүндө» мыйзам долбоорун иштеп чыгуу зарылчылыгы келип чыкканын учкай айтып өттү. Соңунда башкы «ата мекенчи»: «Кумтөр» маселеси жаңы жылга чейин бир жаңсыл болушу керек деп ойлойм»,- деди.
«ЦЕНТЕРРА» СОТКО ДАЯРДЫК КӨРҮҮДӨ
Өкмөттүн канадалык «Центерра Голд Инк.» компаниясы менен 8-ноябрда болгон сүйлөшүүсү оор шартта өткөндүгү маалымдалды. Анда компаниянын Директорлор кеңешинин төрагасы Стивен Ланг: «Биз Жогорку Кеңештин токтому менен таанышып чыктык, анда өкмөткө Кыргызстандын «Кумтөр» долбоорундагы үлүшүн 67 пайызга жеткирүү тапшырылыптыр. Буга байланыштуу «Центерра Голд Инк.» 67 пайыздык үлүш – такыр кол жеткис чек дегенди билдирет. Биз Кыргызстанга сүйлөшүүлөрдүн жолу менен компромисс табууга дагы кандай резервдер калганын билүү үчүн келдик. Эгерде бардык варианттар каралып бүткөн болсо, анда биз арбитраждык сотко доо арыз берүү процессин баштайбыз»,- деди.
«СҮЙЛӨШҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫН КҮТҮҮ КЕРЕК»
Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев: «Кумтөр» боюнча маселени саясатташтыруу айласыз кырдаалга алып баратат. Бардык экономикалык тобокелчиликтерге карабастан, андайда өлкөдөгү туруктуулук үчүн «Кумтөрдү» улутташтыруу боюнча чечим кабыл алуу аргасыздыгы келип чыгат»,- деп билдирди. Президент «Центерра» компаниясы менен сүйлөшүү жүргүзүп жаткан өкмөттүн позициясын эске алуу аркылуу «Кумтөр» долбоору боюнча терең ойлонуп, анан чечим кабыл алууга чакырды. Ал үчүн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын күтүү керек экенин айтты.
Эльвира Караева,
Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg