12-ноябрда Баткенде өзбек чек арачылары Кыргызстандын чек ара постторуна кол салышты. Бул тууралуу коргоо жана коопсуздук иштери боюнча вице-премьер Токон Мамытов: «Кыргыз чек арачылары Баткен районунун Кыштут айылдык аймагынан контрабандалык жүктү кармап алышкан. Көп өтпөй Өзбекстандын чек арачылары аларга кол салып, кармалган контрабандалык жүктү жана бир Калашников автоматын тартып алышкан. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө»,- деп билдирди.
Ушул эле күнү Баткен районунун Вариган аймагында чек арачылар кыргыз-өзбек чек арасына жакын жерден Дамас автоунаасын токтотуп, аткезчилик менен алып бараткан пахтаны жана унаанын ээсин «Бел» чек ара бекетине алып барышмак болушкан. Бирок жолдо баратып өзбекстандык жаран унаасын чукул буруп, Өзбекстандын аймагына кире качкан. Чек арачы менен өзбек жаранынын ортосунда мушташ чыгып, чек арага чектеш жердеги Өзбекстандын тургундары кошулуп, күч колдонуу менен Кыргызстандын чек арачысынын куралын тартып алышкан. Арттан жетип келген кыргыз чек арачылары кесиптешин топтун арасынан алып чыгышкан. Сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, өзбек чек арачылары тартып алынган куралды кайтарып беришти.
Эльвира Караева,
Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg