«Кыргызгазды» "Газпромго" сатуу боюнча макулдашууну парламент ратификациялай элек. 11-ноябрда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин кезектеги жыйынында «Кыргызгаз» ААКсын Орусиянын «Газпром» ААКсына 1 долларга сатуу боюнча макулдашууну ратификациялоо маселеси каралып, аны парламенттин жалпы кароосуна алып чыгуу чечими кабыл алынды.
Талкуу учурунда комитет төрагасы Ахматбек Келдибеков канткен күндө да Социалдык фонддун үлүшүн (4,6 пайыз) кыргыз тарапка алып калуу керектигин айтты. «Кыргызгаз» боюнча келишимди ратификацияласак, кийин биз өзгөртүү киргизе албай калабыз. Бул абал «Кумтөр» менен окшошуп турат. Канадалыктар менен да Кыргызстандын кызыкчылыгына туура келбеген келишим түзүп алгандыктан, азыркыга чейин аны өзгөртө албай келебиз»,- деди депутат.
Ал ишкананын 1 долларга бааланышына каршылыгын билдирди.»Биз ишкананы «Газпромго» түз сатууга макул болбошубуз керек. Ушунчалык пайдалуу болсо, эмнеге аны кыргыздын жаранына сатпайсыңар? Анда мага бергиле, мен деле 1 долларга сатып алууга макулмун. Эртеңки күнү «Газпром» башка баада бул ишкананы «УзТрансГазга» сатып ийсе эмне кыласыңар?»- деп суроо салды Ахматбек Келдибеков.
Эльвира Караева,
Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg