Байыркы мезгилден тартып эле адамдар ат минүү адамдын ден соолугуна оң таасирин тийгизерин билишет. Байыркы доордун дарыгери Гиппократ да адам ат минсе, оорусунан эртерээк айыгарын белгилеген. Сөз болуп жаткандай, бүгүн медицинадагы салттуу эмес багыттардын бири – иппотерапия тууралуу баяндайбыз.
Ат минүү оорулууга кандайча таасир тийгизет?
Иппотерапияда оорулуу менен иппотерапевт же атайын курсту окуган инструктор алектенет. Иппотерапия адамга механикалык кыймыл жана психикага оң таасир тийгизүү менен кабылданат. Чабандес ат үстүндө мүнөтүнө 100 ирет термелет. Бул болсо бардык булчуңдарга таасир этип, татаал кыймылдарды жасоого аргасыз кылат. Буга кошумча адам атты башкаруу үчүн бир эле мезгилде 2 колу жана 2 буту менен түрдүү кыймылдарды жасайт. Аттын денесинин табы адамдыкына салыштырмалуу 1, 6-2 градус жогору болгондуктан, (адамдыкы 36 градус) чабандестин бутунун булчуңдары жылып, массаждалат. Мындан тышкары денедеги кандын айланышы ылдамдап, жамбаш чарасы ысып чыгат. Бул болсо простатиттин алдын-алуу жана дарылоодо табылгыс ыкма.
Ат минүү ички органдардын булчуңдарынын да иштөөсүн жакшырткандыктан, ашказан-ичеги жолунун жана жүрөк-кан тамыр ооруларын айыктырууда да колдонулат.
Булар эле эмес, аутизм (сырткы чөйрөдөн бөлүнүп, өз маселеси менен өзү калып азап тартуу), диспластикалык сколиоз (омуртка сөөгүнүн кыйшайып калышы) жана башка ооруларды дарылоодо колдонулат. Церебралдык шал (булчуңдардын начарлыгы, кайсы жана кайда экендигин ажырата албоо, көздүн кыйшыктыгы, сүйлөө жана көрүү жөндөмдүүлүгүнүн патологиясы ж.б.) оорусуна да иппотерапия кандайдыр бир даражада жардам берет.
Көңүл ачуу менен дарылануу
Кичинекей пациент ат минип көңүл ачып жүрүп, дарыланып жатканын да билбей калат. Психикалык жактан жабыркагандар ат үстүндө өзүн башкалардан жогору сезип,“мен бийиктемин, алар ылдыйда” деген ойго чырмалып, өзүн башкалар сындуу мыкты сезип, көңүлү көтөрүлөт. Өзүн ишенимдүү сезет. Бул албетте, психикага жакшы таасир этип, айыгууга жол ачат.
Гиппократтын “ат минүү адамды жаман ойлордон алаксытып, көңүлүн куунак тарттырып, жакшы ойлорго жетелейт” деп айтканы бар.
Көрүү жана угуу органдарынын оорусунда, өнөкөт простатитте, таяныч-кыймылдаткыч аппаратынын оорусунда, (муундардын артрозу, адамдын басыгы бузулуп, бир жакка кыйшайып басып калганда) невроздо, инсульттан кийинки абалда дарылоо жакшы жардам берет.
Жылкы баласын абдан күчтүү биоталаага (жылуулук, жыт, электромагниттик нурдануу) ээ. Бул да оорулуунун айыгуусуна көмөктөшөт.
Антсе да иппотерапия бардык оорулардан айыктыра албастыгын айтабыз жана бул ыкманы жакшы билбей туруп, колдонуу тескери таасирин берип коюшу мүмкүн экендигин да эскертебиз.
Кандай ооруларда колдонулат?
• Аутизм
• Церебралдык шал оорусунда
• Баланын организми өспөй калганда
• Мээдеги кан айлануу бузулганда (инсульт)
• Сколиоздо
• Склероздо
• Дененин бир бөлүгү кыймылдабай калганда (шал)
• Мээнин жаракатында
Кайсы учурларда колдонулбайт?
• Бала аттан белгисиз себептер менен корккондо
• Аттын жүнүнө аллергиясы болсо
• Жугуштуу оору менен ооруп, айыга элек болсо
Андыктан иппотерапия алгысы келгендер врач менен алдын-ала кеңешүүсү керек.
• Европада 1970-жылдары колдонула баштаган. Учурда Скандинавия, Германия, Франция, Голландия, Швейцария, Грузия, Великобритания, Польшада колдонулат.
• Орусияда 1991-жылдан бери колдонулуп келүүдө.
• Кыргыз эли байыртадан ат жалында өскөндүктөн, жылкынын бардык артыкчылыгын билип, колдонуп келген.
Ким кантип айыккан?
(Оорулуулар тарыхынан)
Шалдан айыккан. 10 жашар Святослав церебралдык шал оорусунан азап тартып, араңдан зорго кыймылдоочу. Андыктан ат минүү үчүн апасынын жардамы керектелген. Аптасына 2 ирет иппотерпияга барып жүргөн бала, 2 жылдан соң кадимкидей велосипед тепкенге жараган.
Өз алдыча басканга жетишкен. 9 жаштагы Настя басмак тургай өз алдыча тура да алчу эмес. Туруу үчүн жасаган аракети жыгылуу менен аяктоочу. Анын үстүнө, кыз 4 жашында катуу ооруга кабылып, сокур да болуп калган эле.
2 ай иппотерапияга келген кыз биринчи жолу керебетинен өз алдынча түшүп, майыптар үчүн коляскасына чейин барган.
Кийинки күндөрү апасын эшик оозунан тосуп алганга жетишкен. Азыр өз алдынча басып, жашоого кызыгы артып турган кези.
Астмадан кутулган. Саша астмадан жабыркагандыктан, ата-энеси ал үчүн бир ай ичинде 12-15 жолу “Тез жардам” чакырышчу. Ат минип дарыланып жүрүп, ал астмадан кутулууга жетишкен. Аскерде кызмат өтөп, азыр астма менен ооруганы оюна да келбейт.
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg