«Ата-Бейит» комплексинде14-ноябрда улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун мемориалы ачылды. Ага өлкө башчы Алмазбек Атамбаев, бир катар өкмөт мүчөлөрү, депутаттар, жазуучунун замандаштары, туугандары, балдары катышышты. Мемориал жазуучунун уулу Аскар Айтматовдун каражатына курулуп баштаган. Бирок каржылык тартыштыктан улам бул иш токтоп калган. Мемориалды куруучу «Бедис АРТ» фирмасынын башкы директору Зоя Никитенко өлкө башчысына
2,5 миллион сом каражат бөлүп берүү өтүнүчү менен кайрылган. Президент Алмазбек Атамбаев 1 миллион сомду өз чөнтөгүнөн чыгарып, калган бөлүгүн жергиликтүү компаниялар толукташкан.
Мемориал залкар инсандын көзү өткөндөн 5 жылдан кийин ачылып отурат. Салтанатта сөз сүйлөгөн Ильгиз Айтматов сталиндик репрессияда каза болгондордун сөөгү жашырылган бул мүрзөнү «Ата-Бейит» деп атоону Чыңгыз Айтматов өзү демилгелегенин эскерип өттү. Эске салсак, улуу жазуучунун сөөгү атасынын мүрзөсүнүн жанына, «Ата-Бейит» комплексине коюлган.
Эльвира Караева,
Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg