ТАШИЕВДИН АДВОКАТЫ АЙТКУЛОВДУ САБАП КЕТИШТИ...

  • Өлкөдө 3940 АДАМ социалдык өнүктүрүү тармагында иштейт. Жалпы кызматкерлердин 70 пайызын аялдар, жарымынан көбүн жаш адистер түзөт.
  • Кытай Кыргызстанга 17,5 МИЛЛИОН долларга бааланган аскердик техника берет. Бул тууралуу коргоо министринин орун басары Шерикбай Султанов кабарлады.
  • Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Раев Кыргызстандагы СССРДИН ЭЛ АРТИСТТЕРИ Самара Токтакунова, Токтоналы Сейталиев жана Кайыргүл Сартбаевага өмүрүнүн аягына чейин стипендия берүү боюнча парламентке сунуш киргизди.
  • Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлеринин МАЯНАСЫ 30 ПАЙЫЗГА жогорулатылды.
  • Үстүбүздөгү жылдын июль айында «Казакстандын чек арасын бузду» деп кармалган 9 жаран 300 000 теңгеден административдик айып пул төлөп, 4 жаран шарттуу түрдө 3 жылга соттолуп КЫРГЫЗСТАНГА ӨТКӨРҮЛҮП БЕРИЛДИ.
  • Өлкөдө 2013-жылдын 9 айында 30 миңден ашуун жаран жумуш менен камсыз болгонун, учурда 1 бош иш орунуна 13 жаран туура келерин эмгек, миграция жана жаштар министри АЛИЯСБЕК АЛЫМКУЛОВ маалымдады.
  • Коомдук биринчи каналдын Байкоочу кеңешинин төрагалыгына ИЛИМ КАРЫПБЕКОВ дайындалды.
  • «Кумтөрдүн» өкүлүнөн 3 миллион доллар талап кылуу фактысы боюнча Ысык-Көл облусунун тургундары ЭРМЕК ЖУНУШБАЕВ менен БАКТИЯР КУРМАНОВДУН сот иши Бишкекте 14-ноябрда башталды.
  • Токмоктогу психоневрологиялык жатак-үйүнүн II топтогу майып оорулууларын 500 ДОЛЛАРГА К.А жана К.Е аттуу жарандарга сатып жиберген. Иликтөөдө белгилүү болгондой, сатылган эки оорулууну Орусиянын Москва шаарына тилемчилик кылууга алып кетишкен. Бишкек шаардык прокуратурасы кылмыш ишин козгоп, тергөө иштерин жүргүзүүдө.
  • 2013-жылдын 9 айында жайыттарды колдонуудагы салыктан 67,3 МИЛЛИОН сом чогулду.
  • Ташиевге жактоочулук кылган адвокат ИКРАМИДИН АЙТКУЛОВДУ Бишкекте 13-ноябрь күнү кечинде белгисиз бирөөлөр үйүнүн жанынан сабап кетишкен. Жакындарынын маалыматына ылайык, анын буту, колу, тиштери сынып, мээси чайкалган.
  • Кримтөбөл КАМЧЫ КӨЛБАЕВДИН кылмыш иши 26-ноябрда Бишкек шаардык сотунда каралат.
  • 12-ноябрда Чаткал райондук администрациясында төрт чачыранды алтын кенин иштетүүгө лицензия берүү боюнча АУКЦИОН өттү. Жыйынтыгында «Курган-Төбө» жана «Чакмак-Суу» кендери сатылды.

Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 576, 15-ноябрь-21-ноябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан