Бул аптада Жогорку Кеңештин депутаты, «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев кыргыз мигранттары боюнча мыйзам долбоорду алып чыкты. Мыйзам долбоору чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн кош жарандыгы бар мигранттардын Кыргызстанга кайтып келгенден кийинки жашоосу үчүн шарт түзүп берүүгө багытталган. Биздин окурмандарыбыздын суроо-өтүнүчтөрүнөн улам кененирээк маалымат алуу үчүн Өмүрбек мырзаны кыска маекке тарттык.
– Өмүрбек мырза, кепти мындай мыйзам долбоордун жазылып чыгышына эмне түрткү болгонунан баштасак...
– Бул маселе көптөн бери көтөрүлүп келе жаткан, бирок акыркы учурда мигранттардын тегерегиндеги көйгөйлөр актуалдуу боло баштады. Бир жолу Оштон Бишкекке учуп келе жатсам, жаныма бир жаш үй-бүлө отуруп калыптыр. Күйөөсү, жубайы жана кызы болуп. Жолдошу «Көп жылдан бери Орусияда иштеп жүрөм. Бул жакка атам кайтыш болгондуктан келдим эле. Азыр кайтып бара жатам. Атамдан калган үй-жайды өзүмө жаздырып алайын десем, «сен чет элдик экенсиң» дешти. Мага окшогондор көп» деп калды. Ошол окуядан көп өтпөй бул мыйзам долбоорун киргизейин дедим. Анын алкагында 4-5 мыйзамга өзгөртүү-түзөтүүлөр киргизилет.
– Алар кандай оңдоолор?
– Орусиядагы биздин жердештер мурункуга караганда көбүрөөк акча таап башташты. Жалданып гана иштебестен, алардын арасында өз алдынча бизнес ачып, башкаларга жумуш берип калгандар да бар. Мигранттар мурункуга салыштырмалуу айлыгы көбүрөөк, престиждүү иштерге орношо башташты. Кээ бир мамлекеттик кызматта иштегендер да Орусияга кетип жатышат. Алардын арасында чоң ишкана, мектеп, ооруканалардын жетекчилигине чейин өсүп жеткендери бар. Ошентип, өзүн жана Кыргызстандагы үй-бүлөсүн багуудан тышкары кошумча каражаты пайда болуп калды. Ар бир адам эле келечегин ойлойт, алар күнүмдүк керектөөсүнөн тышкары топтогон акчасына өз ишин ачкысы келет. Ал үчүн жер же имарат сатып алышы керек. Ошондой эле көбүнчө Бишкек шаарынан өзүнө, бала-чакасына үй алып коюуну каалайт. Буга биздин мыйзам жол бербейт, аларды бөтөн деп эсептейт, өгөйлөйт. Себеби алар кезинде ошол өлкөлөрдүн жарандыгын алууга мажбур болушкан. Орусиянын миграциялык саясаты өзгөрүп турат эмеспи, бир туруп катаал, бир туруп жумшарып калат. Ошол кыйынчылыктардан чыгуу үчүн алар жарандык алышкан.
Чет элдик жарандар айыл чарба жерлерин жана өндүрүшкө багытталган жерлерди да менчикке ала алышпайт. Ижарага же убактылуу пайдаланууга гана ала алышат. Үйдү сатып ала алышпайт, ал үчүн Адилет министрлигинен чет элдик жаран катары өзүнчө уруксат алышы зарыл болот. Алар өз мекенине кайтып келишсе, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарга орношо алышпайт. Мыйзам долбоору кабыл алынып калса, буга да уруксат берилет. Бир гана коопсуздуктан улам «укук коргоо органдары менен сот системинде, ант берген саясий кызматтарда иштей албайт» деген чектөө калтырылды.
– Мыйзам долбоорун кароодо бул сунуштарга өкмөттүн өкүлү каршы чыкты. Ал өз аргументин эмнеге негиздеди?
– Өкмөт колдойт. Анткени кеп жүз миңдеген жердештерибиз тууралуу болуп жатат. Өкмөттүн өкүлү болгону маселени түшүнбөгөнүн көргөздү. Буюрса, мыйзам долбоору парламенттен да колдоо табат деп ишенем.
– Демек, мыйзам долбоору кабыл алынып калса, кош жарандыгы бар мигранттар Кыргызстандын жарандары менен дээрлик тең укукта болуп калышабы?
– Ооба, ошондой. Башка жарандыкты алганына карабастан, алар Кыргыз Республикасынын жарандары болуп саналышат жана кыймылсыз мүлк маселесинде КРнын жарандары менен бирдей укуктарга ээ болушу керек. Мыйзам долбоор менен мамлекеттик жана муниципалдык кызматтары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы жетекчиликти ээлей ала тургандыгы да киргизилет. Антпесе бүгүн кандай? Мисалы, Орусиядан келсе, ал жактагы паспортун тапшырып коюп, кайра Кыргызстандын жарандыгын алуу менен жашоосун уланта берсе болот дешет. Бул убаракерчилик, бюрократия жана тоскоолдуктар.
10-15 жылдан бери иштеп жаткан биздин жердештерибиз пенсияга чыгайын деп калышты. Дагы 5-10 жылдан кийин биринчи толкун менен кеткен жүз миңдей мигрант Орусиянын пенсионерлерине айланышат. Алар кеминде
10 миң рубль, биздин акча менен
15 миң сом пенсия алышат.
100 миңди 15 миңге көбөйтсөк, баш-аягы Кыргызстанга ай сайын 1,5 миллиард сом келмек. «Орусиянын паспортун тапшыр, ошондо гана бизде кароолчу болуп орношууга, үй сатып алууга болот» деп отурбай, «жарандыгы да калсын, пенсиясын да алсын» деген шартты сунуштап жатабыз.
Эльвира Караева
politika@super.kg