Шоумен, тамада, журналист Бакыт Букаевдин мыкаачылык менен киши колдуу болуп каза тапканы тууралуу кабар көпчүлүктүн үрөйүн учурду. 13-ноябрь күнү шоумендин сөөгү өзү жашаган батирден табылган. 44 жаштагы Бакыт Букаевдин артында эки туягы калды.
«КЫЛМЫШКЕР ӨЗҮНҮН АЙЛАНАСЫНДАГЫЛАРДАН БОЛУШУ МҮМКҮН»
Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынын кызматкери ОЛЖОБАЙ КАЗАБАЕВ төмөнкүлөрдү билдирди:
– Үстүбүздөгү жылдын 13-ноябрында болжол менен саат 19дарда милиция кызматына батирден өлүк табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге оперативдүү тергөө тобу барып, бул көрүнүштөргө күбө болушкан: конок бөлмөсү чачылып, ал жерде киши колдуу болгон дене жаткан экен.
Кароо учурунда Бакыт Букаевдин денесинде төмөнкүдөй жаракаттар болгон: моюнунун алды жагына 2 ирет, көкүрөгүнө 2 ирет, кабырга тушка бычак сайылган жана көкүрөгүндө күйгүзүлгөн тамекини баскандан калган тактар (5 даана) бар болуп чыккан. Анын колу-буту байланганынан улам өлөрдөн мурда кыйноого дуушар болгонун билсек болот.
Кылмыш болгон жерден манжа издери, 2 даана ашкана бычагы жана кандын тактары бар медициналык кол каптар табылды. Букаевдин денеси каза болуунун себебин аныктоо үчүн өлүкканага жөнөтүлдү. Соттук-медициналык, биологиялык жана медикокриминалисттик экспертизалар дайындалды.
Бул факт боюнча Ленин РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (киши өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, тажрыйбалуу милиция кызматкерлеринен оперативдүү тергөө тобу түзүлүп, учурда иликтөө иштери жүрүп жатат. «Кылмышкер өзүнүн эле айланасындагылардан болушу мүмкүн» деген версия бар.
Нурдөөлөт Копоев:«САРЫ ФУТБОЛКАСЫ КАНГА ЧЫЛАНЫП КАЛЫПТЫР»
13-ноябрь күнү шоумен бир тойго тамадалык кылмак экен. Тамада кечигип, элдин баары издешкенде жакын санаалаш кесиптеши Нурдөөлөт Копоев Бакыт Букаевдин үйүнө барып, анын жансыз денесин көргөн. Окуянын кандай болгонун өз көзү менен көргөн Нурдөөлөт минтип баяндайт:
– 12-ноябрда Бакыт байке кечки саат бештерде телефон чалып «Көлдөн келатам, азыр тыгында турам. Курсагым ачты» дегенинен үйгө чакыргам. Үйгө келип тамактанып алып сегиз жарымдарда чыгып кетти. Узатып чыксам «бир шкаф бар, алып албайсыңбы, подъездге чыгарып койдум» деп калды. Тамак сиңгиче деп басып барып шкафты көрдүк. «Кийинки жумаларда жеңең келет, эки бала менен» деди. Ошентип отуруп саат ондордо чыгып кеткем. Эртеси түшкө маал телефон чалсам өчүк экен, уктап жатат окшойт деп койгом. Төрттөн баштап тойго чакырылган ырчылар мага чала башташты. Бакыт байке экөөбүз жакын турабыз. «Ансыз деле акча төлөнөт, үйдө көп болбойм, кааласаңар ваннага түшүп тургула» деп бир ачкычын мага берген эле. Өзү болсо тойго буйрутма алат, өткөрүп коюп Көлгө, балдарына кетчү. Жеңебиз эки баласы менен кайненесине каралашып, ошол жакта жашап жаткан.
Эшигин тыкылдатсам ачпайт, бирок жарык күйүп турат. Ачкыч менен ачып кирсем, сары футболкасы канга чыланып жатат. Колу даки, буттары шымдын куру менен таңылыптыр. Эки бычак менен сайышкан окшойт, биринин сабы сынып кетиптир, экинчиси денесине сайылган боюнча окшойт. Бети-башы көпкөк экен. Көргөн көзүмө ишенбей, бакырып сыртка чыктым да, кесиптешиме чалып, андан соң «Тез жардам», милицияга кабар бердим. Мага убакыт тез өттүбү билбейм, алар дароо келип калышты. Кылмышкерлер үйүнөн акча издешкен окшойт. Баары чачылган. Муздаткычка чейин жылдырып, артын карашкан өңдөнөт. Акча жок десе бир топко кыйнашкан сыяктуу. Ал кишиде, чынында, акча жок болчу. Жакында эле эмерек алганын билем. Калган акчасын келинчегине алып барып бергенин айткан эле. Ноутбугу, кара чоң сумкасы, телефону жок болуп чыкты.
Айчүрөк Иманалиева:«МЕН ҮЧҮН БИР АДАМДЫ УРУП ЖИБЕРГЕН»
– «Бакыттын өлүмү кимге керек болду?» деп ичим бышып, көз жашым токтобой жатат. Бакыт экөөбүз бармактайыбыздан чогуу иштештик. Эсимде, Оштогу концертим аншлаг менен өтүп жатты. Атын атагым келбей турат, Ош шаарынын ошондогу биринчи адамы десем жарашат болуш керек, ал киши мени кечки тамакка чакырды. Бакытты ээрчитип алгам. Тамак алдында ал киши мага кымбат унаанын ачкычын берип, «сиз мага жагып калдыңыз, сиз менен жакын мамиледе болгум келет» деди. Мен эмне деп жооп береримди билбей дендароо болуп туруп калдым. Анда биринчи жолдошум менен ажырашып, бой жүргөн элем. Бирөөнүн акчасын пайдаланып бутума турайын, материалдык жагымды оңоюн деген түшүнүк да жок болчу. Ачкычты столго коёру менен Бакыт тура калып тиги кишини беттен ары бир чапты. Экөөбүз артыбыздан бирөө кууп келаткансып кол кармашып алып качып жөнөдүк. Бакыт мунусу менен мага мурункудан дагы жакын сезилди, ыраазы болдум.
Бакыт мен тууралуу «20 жыл сахнада» деген китеп жазган. Башка адам болсо «калем акы катары мынча акча беришиң керек» деп ачык эле айтмак. Бакыт бир тыйын сураган жок. Мүнөзү баланыкындай эле, тамакты аябай жакшы көрчү. Курсагы ачса тултуңдап таарынып калчу.
Турусбек Жумалиев:«АТА ЖУРТУМ ДЕГЕНДЕ ЭТ-БЕТИНЕН КЕТЧҮ»
– Бакыт Букаев чоң тамга менен жазылган инсан эле десем жаңылышпайм. 6-7-класстан тартып эле гезиттерге өзүнүн макалаларын чыгарганын билем. КУУнун журналистика факультетин аяктаган. Аскерде Ленинградда жүргөндө дагы жөн жүрбөстөн, Орусиянын гезит-журналдарына жазчу, которчу. Ата Журтум дегенде эт-бетинен кете турганын көп байкагам. Ысык-Көл району боюнча академиктерди, Эл артисттерин, төбөсү көрүнгөн инсандар тууралуу китеп жазып чыгарган. «Кыргыз чүрөгү» деген сулуулар сынагын да бир топ жыл уюштуруп жүрдү. Кыргызстанды түрө кыдырып кыргыз маданиятын көтөрүүгө чоң салым кошту.
Угуп алып түнү менен уктай албай чыктым. Балдарынын улуусу 3тө, кичүүсү 1 жашта болуш керек. Аларды мектепке ээрчитпей, алардын жетишкендигин, адам болгонун көрбөй калды. Апасын өтө жакшы көрчү, дайыма оозунан түшүрчү эмес. Сөзүнө бекем турган, жоопкерчиликтүү, ак көңүл, жакшы адам эле. Айтарым, таш боор мыкаачыларга дыкат иштеген мыйзам жаза берсе экен. Адатта, бизде мыйзам кайсы бир адамдарга гана иштейт эмеспи...
Бакыт Букаевдин сөөгүн туугандары кичи мекени Ысык-Көлдүн Темир айылына алып кетишти. Маркумдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.
Сүйүн Кулматова
star@super.kg