9-10-ноябрь күндөрү «Тамашоу» долбоорунун 6-сезонунун жарым чейрек финалы жыйынтыкталды. Бул оюнда эч бир команда ыргыган жок, баары чейрек финалда оюн көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Ал эми 1-күнү «Позитифф» командасы өзгөчөлөнсө, 2-күнү «2-рота» эң көп добуш чогултту. Жалпысынан чейрек финалга 26 команда катышып, «фристайл» жана «биатлон» тапшырмалары боюнча өз өнөрлөрүн тартуулашты.
star@super.kg